4-декабрга караган түнү «Имарат Кавказ» уюмунун согушкерлери Орусиянын Грозный шаарынын борборунда полиция кызматкерлерине кол салды, деп билдиришти маалымат каражаттары. Атышуунун жүрүшүндө 10 полиция кызматкери жана 7 согушкер каза болуп, дагы 20 укук коргоо кызматкери жаракат алышкан.

Теракт 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү Чеченстандын борбору Грозныйда болгон.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун билдирүүлөрү боюнча, полиция формасын кийген согушкерлердин тобу  документтерин текшерүү үчүн аларды токтотууга аракет кылган үч жол кайгуул кызматкерин атып өлтүрүшкөн.

ЖКК кызматкерлерин өлтүрүшкөндөн кийин согушкерлер алдыңкы ЖМКлардын редакциялары жайгашкан Басма үйүнүн имаратына жашырынууга аракет кылышкан.

Эки сааттан соң орусиялык Улуттук антитеррористтик комитет согушкерлерди жок кылуу боюнча контртеррористтик операциянын башталгандыгын билдирди.

Орусиянын маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү боюнча, Басма үйүнүн имаратына жашырынып калууга аракет кылган биринчи топ жок кылынган, бирок атышуулар шаардагы №20 мектеп менен «Беркат» базарына өткөн. Азыркы тапта аларды жок кылуу боюнча операция уланууда.

Басма үйүндөгү атышуулар: 

Атышуулардын жүрүшүндө 10 полиция кызматкери, 7 согушкер каза болуп, дагы 20 киши жаракат алышкан, деп билдирүүдө «Интерфакс» маалымат агенттиги.

«Медуза» порталынын билдирүүсү боюнча, теракт үчүн жоопкерчиликти Орусия менен АКШда террористтик деп табылган «Имарат Кавказ» уюму өзүнө алган.

Интернетте топтун белгилүү өкүлү Грозныйга кол салгандыктарын билдирип жаткан видео пайда болду. Андан сырткары ал терактты бийликтин «мусулман аялдарга кысым көрсөткөндүктөрү» үчүн жасалган «жаза актысы» деп атады.

Рамзан Кадыровдун айтымында, согушкерлер аймакта 12-декабрда, Орусиянын Конституция күнү «резонанстуу аракеттерди» пландаштырышкан, бирок Чеченстандын бийлиги даярдалып жаткан теракттар тууралуу билишкен жана «кылмыштардын алдын алды».

Орусия бийлигинин маалыматы боюнча, «Имарат Кавказ» тобунун мурунку лидери Доку Умаров 2014-жылдын январында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын атайын операциясынын жүрүшүндө өлтүрүлгөн. Ага чейин Умаров менен Кадыров бир нече жолу бири-бирин өлтүрө тургандыктарын айтып келишкен.