Орусиянын Юстиция министрлиги коммерциялык эмес уюмдарга «чет элдик агенттер» тизмесинен чыгууга мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул уюмдун «саясий ишмердүүлүктөрүн» аныктоодогу кыйынчылыктардан улам жасалды.

Орусиянын юстиция министри Александр Коновалов «коммерциялык эмес уюмдардын саясий ишмердүүлүктөрүн аныктоо мүмкүн болбошу ыктымалдыгын» билдирди, деп жазды орусиялык ТАСС маалымат агенттиги.

«Ким кандай аракет кылса да аны аныктоо мүмкүн эмес деп ойлойм. Кандай жол менен болcо да күмөндүү нерсени эптештирип далилдөө менен аныктоо мүмкүн эмес», — деп жазган ТАСС Коноваловдун айткандарын.

Орусиянын Юстиция министрлиги коммерциялык эмес уюмдарга «чет элдик агенттер» тизмесинен чыгуу мүмкүнчүлүгүн бере турган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Коноваловдун айтымында, коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнүн багытын соттор аныктоолору керек.

Орусия «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорун 2012-жылы кабыл алган — ага ылайык, саясий ишмердүүлүк менен алектенген жана каражатты чет өлкөлөрдөн алган коммерициялык эмес уюмдар «чет элдик агенттер» статусун алышып, атайын тизмеге киргизилүүлөрү керек болгон.

Учурда Кыргызстанда Орусиянын «чет элдик агенттер» жөнүндөгү актысынын көчүрмөсү болуп эсептелген мыйзам долбоору талкууланууда — анын демилгечилери болуп депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматовалар эсептелишет.

Бакир уулу Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстанда иштеп жаткан 24 миң коммерциялык эмес уюмдардын болгону 20-30у гана «чет элдик агенттер» аныктамасына туура келет.

Депутат ал уюмдардын аталыштарын атаган жок, бирок алардын «чет элдик гранттарды алып, аларды уставга ылайык келбеген максаттарга жумшай тургандыктарын» айтты.

«12 миң коммерциялык эмес уюмдун баары эле чет элдик агент болуп эсептелинишпейт. […] Биздин коммерициялык эмес уюмдар [«чет элдик агенттер» деп атоого мүмкүн болгондору] коммерциялык эмес уюмдардын артына жашырынууда. Бирок биз мында бардык коммерциялык эмес уюмдарды албай элебиз», — деп билдирди Бакир уулу.

«Орусияда тажрыйба жок»

Ал «чет элдик агенттерди» аныктоодо Кыргызстанга караганда Орусия «азыраак тажрыйбага ээ» деп эсептейт.

«Бизде алаканга салынгандай көрүнүп турат — кимдин эмне менен алектенип жаткандыгын биз баарыбыз эле билебиз. Ошондуктан биз кайсыл коммерциялык эмес уюм Юстиция министрлигинде кандай уставдар менен каттоодон өткөндүктөрүн билебиз», — деди Бакир уулу.

Анын айтымында, мыйзам долбоору менен ага тиркелген негиздеме-маалымкатта «саясий ишмердүүлүктүн» эмне экендиги «так аныкталып көрсөтүлгөн». Бирок Kloop.kgнин мыйзам менен негиздеме-маалымкатты окуп чыккан кабарчысы андан «саясий ишмердүүлүктүн» аныктамасын таба алган жок.

«Чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоору

«Чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкат

«Коммерциялык эмес уюмдар уставдык максаттарын бузаары менен, тактап айтканда, мамлекеттик ишмердүүлүккө кийлигишип,  же мамлекеттик органдарга саясий басым жасап башташса, алар дароо эле ал [«чет элдик агенттер» жөнүндөгү] мыйзамдын аракеттерине туш болушат», — деп түшүндүрдү Бакир уулу.

Юстиция министрлигинин маалыматтары боюнча, жалпысынан Кыргызстанда 24 миңге чукул коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн, алардын 12 миңи ишмердүүлүктөрүн коомдук уюмдар жана коомдук корлор катары жүргүзүп келишет.

Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында Кыргызстандын Юстиция министрлигинин статс-катчысы Нуржан Ташбаев «коммерциялык эмес уюмдардын саясий ишмердүүлүктөрүн аныктоо кыйын болоорун» билдирген.

«Ал эмес айлык маянаны жогорулатуу талабы да саясий ишмердүүлүк катары кабылданышы мүмкүн. Мыйзам долбоорунда сунушталып жаткандагыдай механизмдери менен аны кабыл алууну максатсыз деп эсептейбиз», — деп жазган «К-Ньюс» маалымат агенттиги Ташбаевдин айткандарын.

«Чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам

Учурда депутаттар «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамдын экинчи версиясын карап жатышат.

Мыйзам долбоорунун биринчи версиясы Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан 2013-жылы каралып, кабыл алынган. Бирок анда президент Алмазбек Атамбаев мыйзамга кол коюудан баш тарткан болчу.

2014-жылдын жайында депутаттар Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев мыйзам долбоорун парламенттин талкуусуна кайрадан киргизишкен.

Мыйзамга ылайык, бийлик чет өлкөлөрдөн каржыланган жана «саясий ишмердүүлүккө» тартылган бардык бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтөт.

Аны менен катар мыйзам коммерциялык эмес уюмдарды  өз ишмердүүлүгү тууралуу отчет менен каржылык отчетторун Юстиция министрлигине берип турууга милдеттендирет.

Жарандык коомчулук коммерциялык эмес уюмдар ансыз деле жылына үч жолу ишмердүүлүгү жана каражаттары боюнча отчет берип тураарын айтышып, мыйзам долбооруна каршы чыгышкан.

Президент Атамбаев кыргыз телеканалдарына берген декабрдын башындагы маегинде «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорун колдогон.

Атамбаев элдин коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнүн артында «кимдердин тураарын билүүлөрү үчүн» алар  «ачык», «отчет берме» болуулары керектигин айткан. Ал мыйзам «улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктары» үчүн зарыл деп эсептейт.

«Өлкө үчүн, жарандар үчүн иштеп жаткан коммерциялык эмес уюмдар бар, ошол эле маалда кимдир бирөөнүн конкреттүү саясий буйрутмаларын аткарып жаткан уюмдар да бар. Биз эки революцияны башыбыздан өткөрдүк, ар бир чоң өлкө, өзгөчө геосаясаттын киттеринин Кыргызстанда өз кызыкчылыктары бар, улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн биз ал кызыкчылыктарды көзөмөлдөшүбүз керек», — деп билдирген президент.

Атамбаев «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алаары же ага вето коеру тууралуу берилген суроого түз жооп берген жок. Ал бардыгы тең долбоордун парламенттен кандай түрдө келээрине жараша болоорун айтты.