Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун партиясы лидери Кыргызстанга сөзсүз кайтып келип, саясий ишмердүүлүгүн уланта тургандыгын билдирди. Саясатчыга каршы «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ага издөө жарыяланган. Кыргызстандын президенти көпүрөнүн курулушунда «мыйзам бузуулардын болгондугун» билдирген.

Ош шаардык кеңешиндеги «Улуттар Биримдиги» фракциясынын лидери Рысбек Мирзаматов Оштун экс-мэрине каршы козголгон кылмыш ишин «адилетсиз» деп эсептейт.

«Эгер адилеттүү кылмыш иши болгондо, ал иштеп турганда кезде эле козгошмок. Ал кызматтан кетип, андан эки жыл өткөндөн кийин бул кылмыш ишин козгоп жатышат. Ал иштеп турганда, ошондой чечимдерди кабыл алып жатканда эмне жөнүндө ойлонуп жатышты эле? Эгер мыйзамсыз болсо токтотуп, айтышпайт беле» — деди ал.

Мырзакматовго каршы кылмыш иши үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында козголгон — Оштун мурунку мэри шаардагы асма көпүрөнүн курулушунда «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деп айыпталууда.

Ошол эле күнү Ош шаардык соту экс-мэрге карата камакка алуу баш коргоо чарасын белгилеп, ага издөө жарыялаган. Акыркы маалыматтар боюнча, Мырзакматовдун өзү учурда Кытайдын Үрүмчү шаарында жүрөт.

«Улуттар Биримдигинин» өкүлүнүн айтымында, партия Ош шаардык кеңешин шайлоого гана эмес, парламенттик шайлоого да катышууга даярданып жатат. Ал Мырзакматовдун изине түшүү атайылап 2015-жылдын күзүндө өтө турган шайлоолордун алдында башталгандыгын айтууда.

«Кийинки жылы Жогорку Кеңешке шайлоо боло тургандыгы жөнүндө жарыялангандан кийин ушундай маселелерди көтөрүп, каралоолор башталат […] Биз шаардык кеңешти шайлоого гана эмес, парламенттик шайлоого да катышалы деп пландап жатабыз. Партиянын лидери Мелисбек Мырзакматов, кийин да лидер бойдон калат», — деди Мирзаматов.

2013-жылдын декабрында Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» менен Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүү» партиялары биригишкен.

«Улуттар Биримдиги» фракциясынын башчысы алар Мырзакматовду колдоо боюнча комитет түзбөй тургандыктарын кошумчалады — айтымында, алар өз кызыкчылыктарын мыйзамдын чегинде коргошот.

«Саясий куугунтукпу»?

Саясат таануучу Марат Казакпаев Мырзакматов «борбордук бийликтин чыныгы каршылашы» болгондуктан, ага каршы кылмыш ишинин козголо тургандыгы алдын ала эле белгилүү болгон деп эсептейт.

«Өлкөнүн саясий түштүгү дал Мырзакматов аркылуу борборго каршы коюлган. Азыр баары кайрадан биринчи нукка бурулууда. Аны борбор үчүн чыныгы саясий атаандаш деп айтса болот, ал (кылмыш ишинин козголушу) болушу керек болчу», — деди саясат таануучу.

Анын пикиринде, Мырзакматовсуз «Улуттар Биримдиги» парламенттик дагы, жергиликтүү кеңештин да шайлоолорунда жеңишке жете албайт, анткени лидер «элге көрүнүп турушу керек».

«Бул башка саясатчыларга да тиешелүү: [Өмүрбек] Бабановго, Садыр Жапаровго жана башкаларга. Азыр мурункудай активдүүлүк жок, эл саясатчыларды унутуп, алар өз тарапташтарын жоготуп жатышат», — деп эсептейт Казакпаев.

Мамлекеттик башкаруу тармагындагы эксперт Шерадил Бактыгулов Мырзакматовго каршы козголгон кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп эсептебейт.

«[Көпүрөнүн курулушунда] мыйзам бузуулардын болгондугу түшүнүктүү, ал мыйзам бузуулар аныкталып, анан ал ишке кезек келди. Бирок биз саясий басым тууралуу айтсак, Мырзакматов Оштун мэрлигине өтпөй калганда эле четтетилген. Бул көрсөткүч», — деп билдирди эксперт.

Бактыгулов учурда Кыргызстанда «мурункудай» оппозиция жок деп эсептейт.

«Мелис Мырзакматов — бул түштүктө абройго ээ, таасирдүү, төрт тарабы төп келген инсан. Азырынча анын партиясында андай адамды көрбөй элем», — дейт эксперт.

«Чындыгында алдамчылык болгон»

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз телеканалдарына берген декабрдын башындагы маегинде ал Оштогу көпүрөнүн курулушундагы мыйзам бузуулар жөнүндөгү иште чындыгында эле мыйзам бузуулар болгон деп «ойлой тургандыгын» билдирди.

«Бирок Мырзакматовдун мүнөзүн эске алуу менен мен мыйзам бузуулар болгон деп ойлойм, анткени ал адам өзүн хан сезип алган. […] Албетте кимдир бирөө өзүн аймактык падыша, хан катары сезип алып жатканы өлкөдөгү көйгөлөрдүн бири. Андай болбошу керек. Мыйзам баардыгы үчүн бирдей жана жооп берүүгө көнүшүбүз керек», — деп билдирген өлкө башчысы.

Аны менен катар Атамбаев эгер Ош прокуратурасы «бир нерсени ойдон чыгарган» болсо, анда мекеменин Оштун мэрине каршы козголгон кылмыш иши менен алектенип жаткан кызматкери «ал үчүн жооп бериши керектигин» кошумчалады.

«Албетте, бул ал көпүрөнүн курулушундагы алдамчылык — чындыгында алдамчылык болгон», — деп эсептейт президент.

Ошондой эле ал интернеттен «саясий куугунтуктоолор» жана шайлоолордун алдында «атаандаштарды четтетүү» тууралуу айтылган пикирлерди окуганда «капа болгондугун» кошумчалады.

«Кантсе да үч жыл болду… мени каралап, репрессияларга айыптаган сыяктуу нерселерди кылуу үчүн кезектеги шылтоо деп ойлодум», — деди президент.

Анын пикиринде, «Улуттар Биримдиги» партиясы алдыдагы шайлоолордо «парламентке өтө албайт».

«Менин оюмча, эгер ал партия добуш алса да, Ош шаарынан гана алат», — деди Атамбаев.

Экс-мэр

Мелис Мырзакматов Оштун мэри болуп 2009-2013-жылдардын аралыгында иштеген.

Аны кызматтан алуу боюнча алгачкы аракеттер 2010-жылдын жайында — Ош менен Жалал-Абаддагы улуттар аралык кагылышуудан кийин дароо башталган.

Бирок анда шаардын тургундары Мырзакматовдун кызматтан алынышына каршы чыгышкан.

2013-жылдын декабрында ал премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен кызматынан алынган. Мелис Мырзакматов Оштун мэрин кайрадан шайлоого катышкан, бирок анда Айтмамат Кадырбаев добуштардын көбүн алып, мэр болуп шайланган.

Партиялаштарынын билдирүүлөрү боюнча, Мырзакматов 2014-жылдын жаз айларында Москвага кеткен. Анда кыргыз маалымат каражаттары Оштун экс-мэри бийлик тарабынан жасалып жаткан «басымдан» улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгондугун жазып чыгышкан.

Автор: Малика Баяз

Сүрөт: Мирлан Токталиев, «Азаттык»