Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев Kloop.kgге берген маегинде парламент жыйынында сасык тумоого каршы ичкен дарыдан улам «уйкусу келип, үргүлөп кеткендигин» билдирди. Kloop.kgнин оператору аны парламенттин 4-декабрдагы жыйынында «уйкулуу» отургандыгын тартып алган болчу.

Парламенттин жыйынында үргүлөп отургандыгы тартылып алынган видеонун башкы каарманы Керималиев Kloop.kgге эксклюзивдүү интервью берди — анда ал үргүлөп кеткендигин «дарынын таасири» менен түшүндүрдү.

Ал өзүнүн үргүлөп кетишине курамында димедрол бар «Актигриппин» дарысы себеп болгондугун айтты — чиновник ооруп аткандыктан ал дарыны Жогорку Кеңештин жыйынынын алдында ичип алган.

«4-декабрга чейин мен үч күн катары менен ооругам. Кечинде жана эртең менен да дары ичкем. Өтө оор абалда болчумун. Бирок баары бир жыйынга баргам, анткени министрликтин жетекчилиги жок болчу — мен жалгыз болчумун. Ал жыйынга катышуу керек болчу», — деди Керималиев Kloop.kgге берген маегинде.

Министрдин орун басары жыйындын жүрүшүндө туруп чыгып кетүүгө мүмкүн болбогондугун, ошондуктан дарыдан улам уйкусу келген абалда парламентте отурууга туура келгендигин кошумчалады.

«Жыйында мен үргүлөп кеткенимди да сезген жокмун. Ал жакта отурганда кээ бир суроолорго да жооп бергем. Анан ошол учур… Секунда! Туруп кетип калууга да мүмкүн эмес болчу. Өзүмдү кармап отурдум. Бул бир-эки гана секунда. Силердин оператор ошол секунддарды кармап калыптыр. Бул адамзаттык фактор да», — деди ал.

Керималиевдин айтымында, ага бул боюнча айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиевге түшүндүрмө берүүгө туура келген. Бирок мекеме тараптан өз кызматкерине карата кандайдыр бир чаранын көрүлгөн-көрүлбөгөндүгү белгисиз.

«Эч ким [кесиптештеринин эч кимиси] көргөн жок [видеону], анткени бизде сайттарды ачып кароого убактыбыз жок, жумушта иштеп аткан болобуз да. Мүмкүн ишемби, жекшемби күндөрү көрүшөөр […] Мен министрге баарын айтып, түшүндүрдүм. Бул мага өтө катуу таасир этти. Чынын айткандай, жүрөгүм ооруп чыкты», — деди ал.

Парламенттеги «үргүлөө»

Керималиевдин 4-декабрда, Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланышкан маселелер боюнча парламенттин жыйынында үргүлөп отургандыгын видеого тартылып алынган. Ал күнү Айыл чарба министрлиги «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөгү» иштелип чыккан мыйзам долбоору менен тааныштырган.

Kloop.kgнин оператору Владимир Цай Керималиевди 4-декабрда, «сасык тумоого каршы дарыдан» кийин үргүлөп, уйкусу келип отурганын тартып алган.

Ал видео окурмандардын арасында көптөгөн талкууларды жараткан.

Бир катары «адамзат фактору» жана чиновниктин чарчагандыгы ыктымалдыгын айтышып, видеону жарыялагандыгы үчүн Kloop.kgни айыпташса, башкалары болсо Кыргызстандын жарандарынын салыктарынан айлык алып жаткандыктан, чиновниктин жыйындарда уктабашы керектигин айтышып, Керималиевди сынга алышкан.

Димедрол суук тийгендеги оорулардын белгилерин жоготуу жана аллергиялардын пайда болушуна каршы күрөшүү үчүн пайдаланылат. Дары өзүнүн басаңдатчу касиеттери менен белгилүү — белгилүү бир өлчөмдөрдө кабыл алганда ал алсыздыкты жана уйкучулдукту жаратат.