Бишкектен алыс эмес жайгашкан орусиялык «Кант» авиабазасына беш Су-25СМ аскер учагы алынып келинди, деп билдирүүдө РИА «Новости».

8-декабрда Абадан коргонуу күчтөрүнүн борбордук согуштук округунун аскер башчысынын жардамчысы Ярослав Рощупкин «Кант» авиабазасы модернизацияланган беш Су-25СМ аскер учагын алгандыгын билдирди.

Анын айтымында, аскер учактары Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) алкагында алынып келинген. Аталган уюмга башка өлкөлөр менен бирге Орусия менен Кыргызстан да мүчө.

«Модернизацияланган беш Су-25СМ учагы Кыргыз Республикасында жайгашкан «Кант» авиациялык базасынын күжүрмөн курамын толуктады. Бүгүн учкучтар учактарды жеткирүү иштерин аяктап калышты, аэродромдо салтанаттуу тосуп ауу иш-чарасы болот», — деп жазган РИА «Новости» Рощупкиндин айткандарын.

Канттагы авиабаза Согуштук-аба күчтөрүнүн Экинчи бөлүгүнүн жана Абадан коргонуу күчтөрү менен Борбордук аскер округунун абадагы күчтөргө каршы күчтөрүнүн курамына кирет. Ал ЖККУнун тез аракеттенүү күчтөрүнүн базаларынын бири болуп эсептелет.

РИА «Новостинин» маалыматы боюнча, «Кантка» жеткирилген аскер учактары жердеги жай кыймылдагы жана кыймылсыз объектилерди жок кылууга багытталган.

«Комплекстүү модернизациядан өткөн учактардын кабинасына жердеги жана абадагы абалды көрсөтүп турган санариптик экран, отту башкаруунун жаңы системасы, ошондой эле «ГЛОНАСС» спутникалык навигация системасы орнотулган», — деп жазган РИА «Новости».

Су-25СМ учагы — бул колдонууга 1975-жылы киргизилген Су-25тин модернизацияланган версиясы. Ал 2008-жылы комплекстүү модернизациялангандан кийин Су-25СМ деген аталышка ээ болгон.

Учак 2020-жылга чейин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн куралдануусунда болот.

«Российская газета» Борбордук аскер округун жетектеген генерал-полковник Владимир Зарудницкийдин пикирине таянуу менен НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн чыгарылгандыгына байланыштуу Канттагы базанын ролу «жогорулай» тургандыгын жазган.

Орусия ЖККУдагы базаларын өнүктүрөт

«Кантка» учактар Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орусиялык бийликтин ЖККУга мүчө өлкөлөрдөгү базаларын өнүктүрүү ниетин билдиргенден эки ай өткөн соң жеткирилүүдө.

Учурда Кыргызстанда Орусиянын бир авиациялык базасы бар, ал Бишкектен алыс эмес, Кант шаарында жайгашкан. 2014-жылга чейин өлкөдө дагы бир база бар болчу, бирок ал АКШга тиешелүү «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору болгон.

23-октябрда Moscow Times Москва гезити ЖККУга арналган макаласында Орусия башында турган аскердик блок «каржылоонун жетишсиздигинен жана мүчө өлкөлөрдүн максаттарды түрдүүчө көрө алгандыгынан улам жапаа чегип жатканын» жазган.

Анда Стратегиялар менен технологияларды анализдөө борборунун башчысы Руслан Пуховдун комментарийи берилген. Ал Кыргызстан, Тажикстан жана Армения альянстын өнүгүүсүнө салым кошконго караганда анын жыргалын көбүрөөк көрүп жатканын айткан.

«Бул үч өлкө тең бир нече жүздөгөн аскерден турган батальондорду бөлүп жатышат, ошол эле маалда калган мүчө өлкөлөр бир нече батальондордон турган, техника менен камсыздалган толук бригадаларды бөлүүдө», — деп жазылган макалада Пуховдун айткандары.

Кыргызстан ЖККУда

Бүгүнкү күндө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунуна Беларусь, Орусия, Армения, Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан өлкөлөрү мүчө.

Сүрөт: ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлери

ЖККУнун мүчөлөрү жыл сайын уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагында окутууларды өткөрүп турушат. Андай иш-чаралардын бири — «Бузулгус достук» — үстүбүздөгү жылдын июлунда Кыргызстанда өткөн.

ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа террористтик коркунучтар күчөп турган азыркы шартта ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы карым-катнашты жөнгө салуу өтө маанилүү экенин билдирген.

««Түрдүү террористтик уюмдар деструктивдүү аракеттерди жүргүзүп жаткан азыркы шартта ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик түзүмдөрүнүн ортосундагы карым-катнашты жөнгө салуу өтө маанилүү», — деп билдирген Бордюжа.

Кыргызстан 1992-жылдан бери ЖККУга мүчө — мүчөлүк жөнүндөгү макулдашуунун алкагында кыргыз аскерлери Орусия менен Казакстандын коргоо министрликтеринин мекемелеринде жеңилдиктер менен окушат.

Сүрөттүн автору: Doomych