Билим берүү мекемесинин 167 млн. сомго миллиондон ашык окуу китептерин басып чыгаруу боюнча эки жарыясын мамлекеттик сатып алуулардын сайтынан издөө системасы аркылуу табууга мүмкүн эмес. Бул министрликтин жарыя аталыштарын жазууда кириллица тамгаларынын ордуна латын тамгаларын пайдалангандыгынан улам.

Мамлекеттик сатып алуулар системасы мамлекеттик органдарга жалдануучу жеке уюмдардын товар жеткирүүлөрү, кызмат көрсөтүүлөрүнүн ачыктыгын камсыздоого багытталган.

Бирок иш жүзүндө дайыма эле андай эмес.

Kloop.kgнин редакциясы мамлекеттик сатып алуулардын сайтына жарыяланган акыркы жарыяларды карап чыгып, алардын арасынан Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган шектүү тендердик жарыяларды таап чыкты.

Акыркы жарыяларга ылайык, билим берүү мекемеси 167 млн. сомго 1 миллиондон ашык китепти басып чыгаруу үчүн жалданма компания издеп жатат — бул Кыргызстандагы 1 млн. мектеп окуучусунун ар бирине бирден китеп берүүгө жетет.

Бирок ал жарыяларды — биринчи шилтеме, экинчи шилтеме — сайттын издөө системасы аркылуу табууга мүмкүн эмес.

Иштин жөнү мындай: сатып алуучу уюм болуп эсептелген [ред. — тыныш белгилеринин нүп нускасы сакталды] «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги» — ири сумма көрсөтүлгөн жарыя аталыштарын жазууда кириллица тамгаларынын ордуна латын тамгаларын пайдаланган.

Түшүнүксүз болуп калдыбы?

Азыр жакшылап түшүндүрүп беребиз.

Видео түшүндүрмө:

Биз «Жалпы билим берүү мектептери үчүн китептерди басып чыгаруу жана нускалоого кызмат сатып алуу» деген аталыштагы жарыяны көрүүдөбүз.

Биринчи караганда бардыгы туурадай сезилип, шектүү деле эч нерсе байкалбайт.

Бирок сайттан — китеп, китептер, мектеп, мектептер, нускалоо — деген негизги сөздөрдү жазып издегенде ал жарыя чыкпай жатат.

Билим берүү министрлигинин кайсыл бир чиновниги менен алдын ала болжолдуу сүйлөшүүлөргө барбаган жеке жалданма компаниянын өкүлү ал жарыяны сайттан издөө жолу менен таба албайт.

Себеп — ал тендердик жарыялардын аталыштарында «о», «а», «е» деген кириллица тамгаларынын ордуна «о», «а», «е» латын тамгаларынын колдонулгандыгында.

Муну кокустан туура эмес тамгаларды терип алуу менен же клавиатурада «а» кириллица тамгасынын жоктугу менен түшүндүрүүгө болбойт — жарыяны жайгаштырууда «о», «а», «е» деген латын тамгалары да, кириллица тамгалары да пайдаланылган.

Болгону латын символдору негизги сөздөрдө болгон.

Навальный: «Ууруну колго түшүрүү каалоосу болсо, аны табуу кыйын деле эмес. Тилекке каршы, мамлекеттик сатып алуулар тармагында аны табууга караганда, таппай калуу кыйыныраак»
Навальный: «Ууруну колго түшүрүү каалоосу болсо, аны табуу кыйын деле эмес. Тилекке каршы, мамлекеттик сатып алуулар тармагында аны табууга караганда, таппай калуу кыйыныраак»

Орусиядагы белгилүү коррупцияга каршы күрөшүүчү Алексей Навальный латын тамгаларынын пайдаланышын «коррупциялашкан» элемент деп атаган.

Анын айтымында, «коррупциялык латын тамгасы» тендерде утуп чыгышы үчүн акча төлөп берүүгө даяр болгон белгилүү бир жалданма компания өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүүлөр болгон учурларда чиновниктер тарабынан пайдаланылат.

«Мисалы, сиз алдамчысыз жана мектеп үчүн сүт алып жатасыз деп коелу. Сүт — бул стандарттуу азык, сизге жеткирип берген сүттүн баасынын бир бөлүгүн бере турган «өз жалданма компанияныңызды табууга» мүмкүнчүлүгүңүз аз. Анткени сүт жеткирүүчүлөр сайттагы сиздин жарыяна табышат да төмөнкү бааны коюп коюшат. А сиз болсо өтө жөнөкөй нерсени жасашыңыз керек. Жарыяны сайтка жайгаштырууда «молоко» деп орусча жазбайсыз, а бардык үч «о» тамгасын тең латын тамгалары менен «мoлoкo» деп жазасыз, анан мамлекеттик сатып алуулардын сайтынан издегенде ал жарыя табылбайт. Аны буйрутманы болушунча жогорку баа боюнча алып, сизге кирешесинин 20 пайызын бере турган жеткирүүчүңүз гана таба алат», — деп жазган ал.

Билим берүү министрлигинин жарыясында латын тамгаларынын пайдаланышы мектептерде китептердин жетишсиздигинин фонунда орун алууда — 2014-жылдын августундагы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын мектептери китептер менен 75 пайызга гана камсыздалган.

Электрондук почта аркылуу кат жөнөтүү үчүн 500 сом

Kloop.kgнин редакциясынын көңүлүн бурган дагы бир маанилүү элемент — бул тендердик документтердин жеткиликсиздиги. Ал документтерди мамлекеттик сатып алуулардын сайтындагы издөө системасы аркылуу да, Интернеттен да табууга мүмкүн эмес.

Тендерге катышуу үчүн документтерди алуу аракетин көргөндө сайттан тендердин документтери үчүн төлөнүүчү сумманын өлчөмү тууралуу маалыматтар, байланыш номурлары жана дареги көрсөтүлгөн бир документ жүктөлүүдө.

Силер бул шилтеме боюнча тендердин документтерин көрүп, (биз силерден 500 сом албайбыз) эгер шектүү бир нерсе тапсаңар пикир калтыра аласыңар.

«Жалпы билим берүү мектептери үчүн китептерди басып чыгаруу жана нускалоого кызмат сатып алуу» боюнча тендерге катышууга документтерди алуу үчүн 500 сом төлөө керек.

Албетте, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзам тендердик документтердин ачыктуулугун регламентациялабайт деп айтса болот (эксперттердин айтымдарында, бул мыйзамдагы көйгөй болуп эсептелет).

Бирок аталган мыйзамдын 20-беренесинде документтердин баасы «документтерди басып чыгаруу жана таратууга кетчү чыгымдардын суммасынан ашпашы керек», деп жазылган.

«Сатып алуулардын тартиптеринин башкы жоболорун камтыган тендердик документтерди берүү үчүн сатып алуучу уюм документтердин басып чыгаруу жана таратууга кетчү чыгымдарынын суммасынан ашык ала албайт», — деп жазылган мыйзамда.

Kloop.kgнин редакциясы тендердин документтерин «басып чыгаруу менен таратуунун» 500 сом тураарынан күмөн саноодо. Интернет-кафелерде А4 форматындагы бир баракты чыгарунун максималуу баасы 5 сом, ал эми документтер негизинен 100 барактан ашпайт.

Kloop.kgнин кабарчысы Улугбек Акишев тендердик документтерди алуу үчүн Билим берүү министрлигине барды. Бухгалтерияга 500 сом төлөп, ал документти алуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнө көрсөтүү керек болгон дүмүрчөк кагазды алды.

Төлөгөндүгүн ырастаган дүмүрчөк кагаз:

20141209_181744

Бирок аталган бөлүмдүн кызматкери тендердик документтерди басылып чыгарылган түрүндө берүүдөн баш тартып, аларды электрондук почта менен жөнөтүүнү убадалады.

Бирок ал убада бергенге чейин телефон аркылуу жетекчилиги менен сүйлөшүп, макулдашты. Андан соң бөлүмдүн кызматкери кабарчынын байланыш даректерин калтыруусун өтүнүп, документтерди жөнөтө тургандыгын айткан. Ал документтердин баасын «документтердин өзү жана аларды иштеп чыгуу үчүн төлөнүүчү төлөмдөр» менен түшүндүрдү.

Документтерди эртеси эртең менен жөнөтүштү. Kloop.kgнин кабарчысы мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнөн документтердин баасы эмнеден курала тургандыгын дагы бир жолу сурап көрүүгө аракет кылды — бөлүмдүн башчысы Бакыт Кадыркулов 500 сомду «тендер жөнүндөгү жарыяны гезитке чыгаруу үчүн» төлөө керектигин түшүндүрдү.

«Биз гезитке жайгаштыруу үчүн 1200 сом төлөйбүз», — деди ал.

«Вечерний Бишкектин» видеосунан скриншот.
«Вечерний Бишкектин» видеосунан скриншот.

«Мокок мыйзам»

Каржы жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча эксперт Искендер Шаршеев Kloop.kgге берген маегинде бул тармактагы кыргыз мыйзамы кемчиликтүү экенин, андан улам чиновниктерге «асылуу» кыйын болоорун айтты.

Ал жарыянын аталыштарында латын тамгаларынын пайдаланылышын — «анчалык натыйжалуу эмес ички амалдуулук» деп эсептейт. Эксперттин пикиринде, мындай жол менен Билим берүү министрлиги «өз фирмаларын түртүүгө» аракет кылууда.

«Бул тармактагы биздин мыйзамдар мокок — логика алынбайт, тендер боюнча жыйынтыктоочу документтер гана алынат. Тилекке каршы, азыр аларды коррупцияга тиешеси бар деп шектенүүгө негиз жок — алар кол серпип коюшат. Мен муну биздин мыйзамдар менен менин жеке тажрыйбама таянып айтып жатам», — деди Шаршеев.

Ал «Мамлекеттик протоколдор жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, мамлекеттик документтерде латын тамгаларынын пайдаланышына жол берилбестигин, бирок «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамда жарыяларда латын тамгаларынын пайдаланышына эч кандай тыюу салынбагандыгын айтууда.

«Маалымат ачык жеткиликтүүлүктө бар, мыйзамга ылайык, биз эч нерсеге асыла албайбыз, анткени сайтты ачып жарыяны көрөсүң; тендерге катышкың келсе — сайтты ач. А эгер сенин тендерге катышкың келип аны Google аркылуу издесең... — бул тууралуу мыйзамда бир дагы сөз жазылган эмес», — деди Шаршеев.

Ал жарыя менен тендердик документтерди сайттын издөө системасы аркылуу да, Google аркылуу да табууга мүмкүн эмес.

Каржы министрлигинин чиновниги анонимдүүлүк шартында Kloop.kgге учурда мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясынын үстүнөн иштеп жакандыктарын билдирди. Айтымында, анда сатып алуучу мекеме менен ишкана бардык тендердик документтерди сайтка жайгаштырууга милдеттүү болуп ал үчүн төлөм албоого тийиш болот.

«Мыйзамдын жаңы долбоорунда биз азыр гезитке эч кимдин жарыя жайгаштырбай тургандыгын алдын ала караштырдык. Жаңы мыйзам жеткирүүчүлөрдө тендердик документтерге жетүүгө байланышкан көйгөйдөрдүн жок болушу үчүн бардыгын тең сайтка жайгаштырууга милдеттендирет», — деди ал.

Kloop Mediaнын негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшиндин пикири

Kloop.kgнин иликтөө командасы сонун иш аткарышты. Элестетсеңер, Кыргызстандын мектептери үчүн кимдир бирөө жашырып коюуга аракет кылган тендерди уткан уюм тарабынан МИЛЛИОНДОН АШЫК китеп басылып чыгат!

Кайсыл гана цивилизациялуу өлкөдө болбосун мындай окуядан кийин билим берүү министри отставкага кетүүгө милдеттүү. Ал саясий жоопкерчилик деп аталат. Башкы тендердин идеалдуу өтүшүнө көз салбагандыгы үчүн жоопкерчилик. Бирок азыр андай болбойт го.

Биз деген муну менен токтоп калууну каалабайбыз да. Жакынкы аралыктарда биз төмөндөгүлөрдү кылганы жатабыз.

Ринат Тухватшин
Ринат Тухватшин
  1. Биз тендердин жыйынтыктары боюнча сотто талашууга жетиштүү негиздердин бар-жоктугун түшүнүү үчүн юристтерден кеңеш алабыз.
  2. Тендерге ким катышып, кимдин уткандыгын, Билим берүү министрлигинин утуп чыккан компания менен дагы кандай келишимдери бар экендигин билебиз.
  3. Утуп чыккан компаниянын ээсин аныктап, анын министрликте же өкмөттө кандайдыр бир байланыштарынын бар-жоктугун тактоого аракет кылабыз.
  4. Утуп чыккан компаниянын өз милдеттерин канчалык деңгээлде сапаттуу аткарып жаткандыгын: китептер орточо базар баасынан кымбат же арзан болгондугун, жакшы же жаман болгондугун түшүнүүгө аракет кылабыз.

Дагы бир вариант бар. Биз ЭЧ НЕРСЕ кылбайбыз. Эгер силер балдарыңардын дайыма китептерди көчөлөрдөн сатып алып жаткандыгын туура эле деп эсептесеңер, анда муну менен биздин да ишибиз жок. Бизге үлпөт тойлордогу мушташты көргөн 300 миңге чейинки колдонуучу эле жетиштүү.

Андыктан биз иликтөөбүздү төмөндөгүдөй шарттарда гана улантабыз:

— Эгер бул макала же анын «Фэйсбуктагы» шилтемеси «Бөлүшүү» («Share») баскычы аркылуу 50 жолу бөлүшүлсө же 200 жактыруу болсо.

ЖЕ

— Бизге иликтөөнү улантууга жардам берүүнү каалаган волонтер келет. Бул келечекте журналист, юрист жана укук коргоо органдарында иштөөнүү каалагандардын бардыгы үчүн резюмесинде өтө сонун пункт алууга идеалдуу мүмкүнчүлүк. «600 миллион сомдон ашык каражаттын жок кылынышынын алдын алган» деген кандай угулат? (албетте, эгер алдын алууга мүмкүн болсо).

ЖЕ

— Биз тендердик документтердин жакшы юридикалык экспертизасын алабыз да кимдир бирөө тендердин жыйынтыктарын жокко чыгаруу боюнча сотто талашат. Биз тендердик документтерди Google Docs аркылуу жекиликтүү кылып койдук, эми каалаган адам анда өз пикирин калтыра алат. Шектүү бир нерсе таптыңарбы, жазгыла!

Эгер сиздер ушул жерге чейин окуган болсоңуздар, анда коррупция менен күрөшүүгө кандай жардам бере ала тургандыгыңыздар тууралуу ойлонуңуздар. Анан да Like, өзгөчө Share баскычтарын көңүл сыртында калтырбаңыздар.

Идея жана редактор: Эльдияр Арыкбаев.