Редакциядан кайрылуу:

Урматтуу биздин окурмандарыбыз, биздин сайт — Kloop.kg — британиялык Daily Mail гезитинин сайтынан алып жайгаштырган «жихадчы-балдар» жөнүндөгү видеодон улам жакынкы убактарда тосмолонушу мүмкүн.

Учурда Kloop Mediaнын негиздөөчүлөрү менен кызматкерлери сайтты тосмолоо боюнча жазма буйруктун мыйзамдуулугун тактап жатышат — алардын түшүнүгүндө жана юристтердин айтымдарында, Kloop.kg сайтын тосмолоо тууралуу чечим сот тарабынан кабыл алынышы керек болчу.

Kloop.kgнин редакциясы штаттык режимде иштөөсүн улантууда — материалдардын бардыгы тең Facebookтагы баракчабызга жарыяланып турат. Биздин андагы эккаунттун шилтемеси мына: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz Эгер силер бизди колдоп, биздин материалдарыбызды окугуңуздар келсе жогорудагы дарек аркылуу тапсаңыздар болот.

Эгер сиздер сайтка кире албасаңар, анда сайттын тосмолонушун кантип айланып өтүүгө боло тургандыгы жөнүндөгү жакшы нускаманы сунуштайбыз: https://meduza.io/cards/kak-oboyti-blokirovki-saytov

Сайтка кирүү үчүн анонимайзерлер менен кантип колдонуу керектигин тууралуу дагы бир нускама: http://tjournal.ru/paper/no-blocks

Биздин сайт смартфондордо Opera Mini аркылуу жеткиликтүү болот болушу керек.

Биз менен калып, макалаларды окуп, колдоп, жаңылыктар менен бөлүшүңүздөр, биз сиздердин ишенимиңерди актайбыз. Азырынча сиздер бизге ушул кайрылууну социалдык түйүндөр аркылуу таратып жардам бере аласыздар.

Урматтоо менен,

Kloop.kgнин редакциясы.