Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргызстандын интернет-таркатуучуларынан Kloop.kgге жарыяланган «жихадчы-балдар» жөнүндөгү видеону өчүрүүнү талап кылды. Интернет таркатуучулардын бири ал үчүн сайтты толугу менен тосмолоого туура келиши мүмкүндүгүн билдирди.

Видео-материалды тосмолоо тууралуу талап интернет таркатуучунун дарегине 10-декабрда келген. Анда Мамлекеттик байланыш агенттиги Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен интернет таркатуучулардан британиялык Daily Mail гезитинин сайтынан алынып, Kloop.kgге жайгаштырылган казакстандык «жихадчы-балдар» жөнүндөгү видеону тосмолонуу талап кылган.

Ал видео Daily Mail тарабынан монтаждалган, анда Казакстандан барган балдардын дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө террористтик деп табылган «Ислам мамлекети» уюмунун лагеринде машыгуудан өтүп жаткандары көрсөтүлгөн.

Жазма буйрукка ылайык, интернет таркатуучулар сайттагы видеону 2014-жылдын 12-декабрына чейин тосмолоп, ал аракеттери жөнүндө Мамлекеттик байланыш агенттигине билдирүүлөрү керек. Башкы прокуратуранын жазма буйругунун өзүнө 3-декабрда кол коюлган.

«Бул жазма буйрукту алгандан тарта ушул шилтеме боюнча жайгашкан «Ислам мамлекетинин» видеосу: «Казакстандан барган балдар капырларды өлтүрө тургандыктарын билдиришүүдө» деген видеорепортажды 12.12.2014-ж. чейин тосмолоп, Мамлекеттик байланыш агенттигине жазма буйруктун аткарылгандыгы тууралуу жазуу түрүндө кат жөнөтүлсүн», — деп жазылган жазма буйрукта.

Кыргызстандын бийлиги эгер буйрук аткарылбай турган болсо интернет таркатуучуларга карата Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 284-беренеси колдонула тургандыгын билдирип коркуткан. Аталган беренеде жазма буйрукту аткарбоо үчүн «300 сомдон 2000 сомго чейинки өлчөмдөгү айып пул төлөтүү» каралган.

Жазма буйруктун түп нускасын толук көрүү: Жазма буйрук.

Аталган жазма буйрук Kloop.kgнин редакциясына 11-декабрда келип түштү — аны Кыргызстандын интернет таркатуучуларынын бири жөнөткөн. Кыргызстандын бийлигинин өзү болсо редакция менен да, порталдын негиздөөчүлөрү менен да эч байланышкан эмес.

Аталышын билдиргиси келбеген интернет таркатуучу компаниянын өкүлү аларда видео-репортажды өзүнчө бир баракчада тосмолоо мүмкүнчүлүгү жок экенин, ошондуктан «сайтты толугу менен тосмолоого туура келээрин» билдирди.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин Мамлекеттик көзөмөл башкармалыгынын башчысы Татьяна Клочкова Kloop.kgге берген маегинде мекеме сайтты толугу менен эмес, а «жихадчы-балдар» жөнүндөгү «өзүнчө материалды гана» тосмолоону «өтүнгөндүгүн» билдирди.

«Сайтты толугу менен тосмолоону өтүнгөн эмеспиз. Биз «Ислам мамлекетинин» видеосу: Казакстандан барган балдар капырларды өлтүрө тургандыктарын билдиришүүдө» деген аталыштагы материалдын гана тосмолонушун өтүнгөнбүз. Ошол баракчаны гана», — деди Клочкова.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы интернет таркатуучуларга жөнөтүлгөн жазма буйрук боюнча телефон аркылуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартып, расмий билдирме жөнөтүүбүздү өтүндү.

Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Kloop.kgнин редакциясына берген маегинде Кыргызстандын Мамлекеттик байланыш агенттиги менен интернет таркатуучуларынын аракеттерин «мыйзамсыз» деп эсептей тургандыгын билдирди.

«Биз бул иштин соттогу перспективалары боюнча юристтерибиз менен кеңешебиз», — деди ал.

Медиа-мыйзам тармагы боюнча эксперт Бегайым Усенова Kloop.kgге берген маегинде сайтты тосмолоо боюнча чечимди сот кабыл алышы керектигин айтты.

«Экстремисттик ишмердүүлүк жөнүндөгү мыйзамда прокуратура эскертүү гана берет, ал маалымат каражаты тарабынан аткарылбаган учурда мекеме соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө маселенин чечилиши үчүн сот органдарына кайрылат. Мунун бардыгы сот аркылуу болушу керек», — деди Усенова.

«Жихадчы-балдар» жөнүндөгү видео

Казакстандан барган балдардын «Ислам мамлекетинин» лагеринде машыгуудан өтүп жаткандыктары тууралуу материал 24-ноябрда Kloop.kg маалымат порталына жарыяланган.

Материал Daily Mail маалымат агенттигинин видео-үзүндүсү жана видеодон алынган скриншоттор менен иллюстрацияланган.

Видео келечекте «капырларды өлтүрүп», «жигадчы» боло тургандыгын айткан баланын маеги менен аяктайт.

«Бул машыгуучу лагерде биз ыйык Куранды, араб тилин, таджвид (Куран окуу эрежелери) жана фикх (мусулман укугу) окуп атабыз. мунун бардыгын биз Алланын ыраазычылыгы үчүн окуп үйрөнүп жатабыз. Азыркы тапта биз лагерде машыгып атабыз. Биз силердей капырларды өлтүрөбүз», — дейт анда кичинекей бала казак тилинде көрүүчүлөргө кайрылып.

Казакстандын бийлиги макалага ошол эле күнү көңүл буруп, «Дэйли Мэйлдин» видео-репортажы коштолгон материалды өчүрүүбүздү өтүнгөн.

Шилтеме: Казакстандын бийлиги жөнөткөн каттын түп нускасы

26-ноябрда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги да Kloop.kgден макаланы өчүрүшүн өтүнүп, андан аркы чечимдерди чыгарышы үчүн материалдарды Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Ошол эле күнү Казакстандын бийлиги Kloop.kgнин бардык бөлүмдөрүн тосмологон.