Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга болгон иш сапары маалында Кыргызстандын түштүгүнө газ жеткирүү көйгөйүн чече алган жок.

«Asia-PLUS» тажик маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, Путин 10-декабрдагы иш сапарынын жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен Кыргызстандын түштүгүнө газ жеткирүү маселесин талкуулашы керек болчу.

Орусиянын президентинин сырткы саясат маселелерин көзөмөлдөгөн жардамчысы Юрий Ушаков Кыргызстанга газ жеткирүүнү «кыйын жана сезгич маселе» деп атады.

Бирок «РосБизнесКонсалтинг» маалымат агенттиги орусиялык делегациянын курамындагы булагына таянуу менен жазгандай, Өзбекстандан Кыргызстандын түштүгүнө газ жеткирүүнү калыбына келтирүү маселесин чечүү үчүн «кошумча убакыт талап кылынат».

Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүсүн 2014-жылдын апрелинде токтоткон.

Өлкөнүн түштүгүнө газ кыргыз бийлиги «Кыргызгаз» ишканасын Орусиянын мамлекеттик «Газпром» корпорациясына саткандан кийин берилбей калган. Өзбекстандын бийлиги аймакка газ жеткирүү боюнча келишимдин мөөнөтүн узартуудан баш тарткан.

Кыргызстандын бийлиги менен «Газпромдун» жетекчилиги Өзбекстан менен бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн, бирок июлда премьер-министр Жоомарт Оторбаев коңшу өлкө газ бербестигин билдирген.

Кыргызстандын түштүгүндөгү эң ири шаар болуп эсептелген Ошто 60 миңден ашык абонент сегиз айдан бери көгүлтүр отунсуз жашап келет.

Андан сырткары октябрдын аягында Оштун бийлиги электр жарыгын суткасына алты сааттан маал-маалы менен өчүрө баштаган.

Августта Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн түштүгүндөгү энергетикалык каатчылык 2016-жылга чейин созулушу мүмкүндүгүн билдирген.

Каатчылык маалы үчүн өкмөт Ошто суюлтулган газ баллондорун сатуу жайларын ачкан.

Сүрөт: Орусиянын президентинин басма сөз кызматы