Билим берүү министрлигинин башчысы Канат Садыков президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен кызматынан бошотулду. Бул абитуриенттердин жогорку окуу жайга «мыйзамсыз» кабыл алынышы жана китептерди басып чыгаруудагы мүмкүн болгон алдамчылыктардын фонунда болууда.

Садыков кызматынан 12-декабрда президент Атамбаевдин жарлыгы менен алынды — президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, билим берүү министри кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз жазган.

«Садыков Канат Жалиловичтин отставкасы кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызматынан бошотулсун. Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет», — деп жазылган президенттин сайтында.

Билдирүүдө Садыковдун кызматтан кетишинин себептери жазылган эмес. Түшүндүрмө алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.

Билим берүү министринин орун басары Бермет Турсункулова Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде акыркы бир нече күндөн бери Садыков өргүүдө болуп, жумушка келбей жүргөндүгүн билдирди.

«Мен өзүм да азыр эле окудум. Канат Жалиловичти бир аптадан бери көрө элекмин. Ал өргүүдө болчу. Силер анын отставкасын кабыл алган жогорку органдарга кайрылышыңыздар керек», — деди ал.

Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде ага Садыковдун отставкага кетишинин себептери белгисиз экенин айтты.

Азырынча бул боюнча түшүндүрмө алууга өкмөттүн басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.

Садыковдун отставкасы абитуриенттердин Кыргыз-Орус Салвян университетинин медициналык факультетине «мыйзамсыз» кабыл алынгандыгынын, парламентарийлер тарабынан сындардын айтылышынын жана Kloop.kgнин китептерди басып чыгаруудагы мүмкүн болгон алдамчылыктар тууралуу иликтөөсүнүн фонуда орун алууда.

27-ноябрда Башкы прокуратура өкмөт башчысына кайрылгандыгын билдирген — анда башкы көзөмөлдөө органы билим берүү министри Канат Садыковдун ээлеген кызматына татыктуулугу тууралуу маселени карап чыгуусун өтүнгөн.

Бул 2013-жылдын сентябрында 24 абитуриент Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине «мыйзамсыз» кабыл алынгандан кийин болууда.

«Токтом Билим берүү жана илим министри К.Садыков менен Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору В.Нифадьевдин ээлеген кызматтарына татыктуулу маселесин карашы үчүн Кыргызстандын премьер-министрине жөнөтүлдү», — деп жазылган ал билдирүүдө.

Бир канча убакыттан кийин өкмөттөгүлөр Садыковду отставкага кетирүү тууралуу маселе каралбай эле экендигин билдиришкен болчу.