Билим берүү министрлигинин мектеп окуучулары үчүн 93 млн. сомго китеп басып чыгаруу тууралуу жарыясынын аталышындагы латын тамгалары алынды. Бул Kloop.kg тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөдөн кийин болууда.

Тендердин аталышы 11-декабрь күнү эртең менен — Kloop.kg тарабынан Билим берүү министрлиги мамлекеттик сатып алуулардын сайтында мектеп окуучулары үчүн 167 млн. сомдук тендерди жашырып жаткандыгы тууралуу материал чыгарылган күндүн эртеси өзгөртүлгөн.

Материал жарыяланганга чейин билим берүү мекемеси жарыяларынын аталыштарын жазууда латын тамгаларын пайдаланган — өз кезегинде ал сайтта тендерлерди издөөнү кыйындатат жана эксперттердин пикиринде, «коррупциялык» элемент болуп эсептелет.

Ал эми 73 млн. сомдук экинчи тендерде латын тамгалары ошол бойдон калган — ал жарыяны сайттын издөө системасы аркылуу негизги сөздөрдү жазып табууга дагы деле мүмкүн эмес.

Азырынча Билим берүү министрлигинин өзү макала боюнча эч кандай пикирин билдире элек, түшүндүрмө алуу үчүн кайрылганыбызда жеткиликсиз болуп чыкты.

«Билим берүү министрлиги 167 млн. сомдук мамлекеттик сатып алууларды жашыруудабы?» деген аталыштагы иликтөө 10-декабрда Kloop.kg сайтына жарыяланган.

Анда Билим берүү министрлигинин тендеринин аталышында кириллица тамгаларынын ордуна латын тамгалары пайдаланылгандыгы тууралуу айтылган.

Орусиядагы белгилүү коррупцияга каршы күрөшүүчү Алексей Навальный латын тамгаларынын пайдаланышын «коррупциялашкан» элемент деп атаган.

Анын айтымында, «коррупциялык латын тамгасы» тендерде утуп чыгышы үчүн акча төлөп берүүгө даяр болгон белгилүү бир жалданма компания өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүүлөр болгон учурларда чиновниктер тарабынан пайдаланылат.

«Мисалы, сиз алдамчысыз жана мектеп үчүн сүт алып жатасыз деп коелу. Сүт — бул стандарттуу азык, сизге жеткирип берген сүттүн баасынын бир бөлүгүн бере турган «өз жалданма компанияныңызды табууга» мүмкүнчүлүгүңүз аз. Анткени сүт жеткирүүчүлөр сайттагы сиздин жарыяна табышат да төмөнкү бааны коюп коюшат. А сиз болсо өтө жөнөкөй нерсени жасашыңыз керек. Жарыяны сайтка жайгаштырууда «молоко» деп орусча жазбайсыз, а бардык үч «о» тамгасын тең латын тамгалары менен «мoлoкo» деп жазасыз, анан мамлекеттик сатып алуулардын сайтынан издегенде ал жарыя табылбайт. Аны буйрутманы болушунча жогорку баа боюнча алып, сизге кирешесинин 20 пайызын бере турган жеткирүүчүңүз гана таба алат», — деп жазган ал.

Билим берүү министрлигинин жарыясында латын тамгаларынын пайдаланышы мектептерде китептердин жетишсиздигинин фонунда орун алууда — 2014-жылдын августундагы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын мектептери китептер менен 75 пайызга гана камсыздалган.