Бишкекте «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү» аталышындагы эл аралык фестиваль ачылды. Анын алкагында белгилүү Венециан кинофестивалына катышкан тасмалар көрсөтүлөт.

Бүгүн, 12-декабрда ачылган жыл сайын өтүүчү фестиваль төртүнчу жолу болууда. Эл аралык сынакка КМШ, Балтия өлкөлөрүнөн жана Кыргызстандан 13 тасма катышат, Кыргызстандын атынан баш байге үчүн «Лифт» тасмасы ат салышат.

Фестивалдын экинчи бөлүгү — улуттук сынак. Анда ондогон кыргызстандык тасмалар төрт байге үчүн — «Мыкты тасма», «Мыкты режиссура», «Калыстардын атайын байгеси» жана «Көрүүчүлөр жактырган байге» үчүн ат салышышат. Эл аралык сынактагы тасмалар да ушундай эле категориялар боюнча сыйланат. Фестивалдын байге фонду жарым миллион сомду түзөт.

Ошондой эле фестивалдын алкагында үстүбүздөгү жылдын сентябрында өткөн 71-Венециан кинофестивалы менен быйыл август айында Локарнодо өткөн 66-Эл аралык кинофестивалда көрсөтүлгөн кыска метраждуу тасмалар сынактан сырткары эки күн бою, 13-14-декабрь күндөрү «Манас» кинотеатрында саат 14:00дөн 16:00гө чейин көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.

Төртүнчү «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү» фестивалынын калыстар тобунун төрагасы Түркмөнстан Эл артисти, оператор, режиссер жана сценарийчи Ходжакули Нарлиев (Орусия) болду. Калыстар тобунун курамы: Гүлнара Абикеева (Казакстан), режиссёр жана КРнын эмгек сиңирген ишмери Артыкбай Сүйүндүков (Кыргызстан), Эл аралык Якут кинофестивалынын куратору Сардана Савинна (Саха республикасы), режиссёр, I жана III «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү» фестивалынын лауреаты Шарофат Абарова (Тажикстан), Берлин кинофестивалдар бирлигинин башкармалыгынын мүчөсү Анна Леоненко (Германия).

Кинофестиваль 12-декабрдан 15-декабрга чейин «Манас» кинотеатрында өтөт. Ачылышында Артыкбай Сүйүндүковдун «Көч» документалдуу тасмасы көрсөтүлөт. Фестивалдын программасы менен бул жерден таанышсаңыздар болот.