Орусиянын «Орусия бүгүн» медиа-холдинги тарабынан негизделген «Спутник» эл аралык агенттиги Кыргызстан үчүн өзүнчө версиясын ишке киргизди. Эксперттер муну Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүүсү менен байланыштырып жатышат.

«Спутниктин» Бишкектеги бөлүмү 2014-жылдын 10-декабрында ишке киргизилди — sputnik.kg дареги боюнча жайгашкан сайттын кыргыз жана орус тилдериндеги версиясы бар.

«Спутник» өз пресс-релизинде Кыргызстандагы «бир дагы маанилүү жаңылыкты көңүл сыртында калтырбай тургандыгын» жазган. Бишкектеги бөлүмүнүн башчысы Елена Череменина кеңсенин ачылышын Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүү каалоосу менен байланыштырууда.

«Кыргызстан жакында Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенип жатат. Бул экономикалык жактан өнүгүү үчүн чоң перспективаларды ачат. Орусия — өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү, Sputnik бүгүнкү күндүн чындыгы тууралуу айтат. Биздин ресурс өлкөдө болуп жаткан окуяларды түшүнүү үчүн маанилүү курал болот», — деп жазган «Спутник» жетекчисинин айткандарын.

Пресс-релизге ылайык, порталдын контентин текст түрүндөгү материалдар гана эмес, видео, инфографика, сүрөт, түз көрсөтүүлөр, интернет-добуш берүүлөр түзөт. Орусиялык «Спутник» батыштын «Азаттык радиосундай» чет элдик окурмандарга багытталган.

«Sputnikтин маалыматтарынын сапаты анын журналисттеринин жогорку профессионалдуулугу, эксклюзивдүүлүгү, маалыматтык контентти берүүнүн ылдамдыгы, учурдагы дүйнөлүк окуяларды бардык жагынан терең иштеп чыгуусу, ошондой эле аларга болгон калыс жана объективдүү мамилелери менен аныкталат», — деп жазылган пресс-релизде.

Атаандаштыктын күчөшү жана Орусиянын таасири

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган медиа-эксперттер «Спутниктин» кыргыз жаңылыктар рыногунда пайда болушу маалыматтык басылмалардын арасында атаандаштыкты күчөтүшү мүмкүн деп эсептешип, ошол эле маалда агенттик тууралуу Орусиянын «сырткы саясатынын куралы» катары пикирлерин билдиришти.

vb.kg сайтынын башкы редактору Дина Маслова «Спутниктин» Бишкек бөлүмүнүн ишке киргизилишинин себептеринин бири Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерине кириши менен байланыштуу деп эсептейт. Анын пикиринде, интеграциялык процесстин алкагында Орусия үчүн маалыматтык активдүүлүгүнүн күчөшү зарыл.

«Медиа рынокко кандай таасирин тийгизе тургандыгы жөнүндө айтсам, кеминде эле айлык акы жагынан таасирин тийгизди, рынокто агенттиктин айлык маянасы эң жогорулардын бири. Дагы бир атаандаштын пайда болушу жакшы. Тактап айтканда, бул кызыктуу», — деп эсептейт ал.

K-news агенттигинин мурунку башкы редактору Алтынай Жуманазарова Бажы биримдиги менен Евразиялык экономикалык биримдиктери түзүлүп жаткан чакта «Спутниктин» ачылышы «күтүлгөн кадам» экенин айтты.

«Ошол эле маалда эл аралык чыңалуулардын күчөшү жана медианын ролунун жогорулап жатышынын фонунда Sputnikтин Орусия Федерациясынын сырткы саясатынын куралдарынын бири экенин баары түшүнүп турат», — деди ал.

Жуманазарова анын Бишкектеги бөлүмү жергиликтүү агенттиктер менен атаандаша алабы деп суроо салууда — анын пикиринде, Кыргызстанда маалыматтык талаа «толуп калган».

«Кыргыз тилиндеги версиясын старттык баракча катары коюу туура чечим болгон – аудиториянын бул сегменти жакшы өздөштүрүлө элек жана чоң потенциалдарга ээ. Эми чуулгандуу кыргыз тилдүү басылмалар менен «Азаттыктан» маалымат алып келген аудиторияга байкоо салуу кызык болот – ал орусиялык стандарттар менен жазылган жаңылыктарды сиңире алабы-жокпу», — деди ал.

Мурунку башкы редактор «Спутник» сыяктуу атаандаштын пайда болушу Кыргызстандын жаңылыктар чөйрөсүндө «тармактын толугу менен чукул өзгөрүшүнө» алып келет деген үмүттө.

EurasiaNet жаңылыктар порталынын автору Крис Риклтон өз билдирүүсүндө «Спутниктин» Бишкек бөлүмүнүн ачылышы менен Кыргызстанда «орусиялык пропаганданын күчөшүн» күтүүгө болоорун жазган.

«Азыр Sputnik.kgнин репортаждары орусиялык мамлекеттик ЖМКларынын бренди болуп калган башынан жаңылыш жагынуулардан, анын ичинде Украин каатчылыгындагыларынан эч нерсе көрсөтпөй эле. Бирок кандай болгондо да Кыргызстандын саясий элитасы акыркы кездерде Орусия менен жакындашууга багыт алууда», — деп жазган ал.

«Спутник»

Орусиялык «Спутник» эл аралык агенттиги үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында «Орусия бүгүн» медиа-холдинги тарабынан ачылган.

«Орусия бүгүндүн» башкы редактору Маргарита Симоньян «Форбс» журналынын орусиялык басылмасына «Спутник» «атайын эл аралык аудитория менен иштөө үчүн» ачылгандыгын билдирген.

Симоньян агенттик «биринчи кезекте жергиликтүү жаңылыктарды» чагылдыра тургандыгын кошумчалаган.

«Дүйнөдө Орусиянын жаңылыктарын күн сайын англис тилинде көрүүгө даяр болгон аудитория жок. Биз чоң аудиторияны каалайбыз, а чоң аудиториянын биз тууралуу билгиси келет. Андан сырткары ал аудитория анын жеке ЖМКлары айтпаган өзү жөнүндөгү маалыматты билгиси келет», — деп жазган «Форбс» анын айткандарын.

«Орусия бүгүн» медиа-холдингинин башкы директору Дмитрий Киселёв агенттиктин ачылышында уюмдун иши «көп түстүү, көп кырдуу дүйнөнү» түзүүгө багыттала тургандыгын айткан.

«Көпчүлүк мында сөзсүз эле америкалыктарды ээрчүү керек эмес экендигин түшүнүп жатышат. Орусия дүйнөнүн үлгүсүн адамзаттын пайдасында сунуштап жатат. Биз көп түстүү, көп кырдуу дүйнө үчүнбүз, бул тармакта биздин союздаштарыбыз көп, ошондуктан биздин медиатоп Sputnik деген аталыштагы жаңы, глобалдуу брендди ишке киргизүүдө», — деп жазган РИА Новости Киселевдун айткандарын.

Белгилүү теле алып баруучу Владимир Познер чет элдик аудитория үчүн Орусия жөнүндөгү ресурстун ачылышы — «күч менен убакыттын текке кетиши» экенин билдирген.

Анын пикиринде, Орусиянын АКШ менен Европадагы образы «өтө негативдүү», ал эми Кытай менен Орто Азиянын мурунку советтик республикаларындагылар ага карата «позитивдүү» мамиледе.

«Эгер мунун бардыгы орусиялык салык төлөөчүлөрдүн акчасына жасалып жатканын эске албаганда бул жалпысынан кызык нерсе. Чет элдик аудиторияга арналган советтик долбоор өтө эле чыгымдуу болгон. Жеке мен бул үчүн өз салыктарымды бергим келбейт, бирок менден ал тууралуу эч ким сурабай эле», — деп жазган «Лента.ру» Познердин айткандарын.

Автор: Малика Баяз