Бириккен Араб Эмираттарынын полициясы Кыргызстандын криминал лидерлеринин бири Алманбет Анапияевди кармаган жок, деп билдирди  анын жактоочусу Жыргалбек Бабаев. Буга чейин Кыргызстандын ЖМКлары Анапияевдин кармалгандыгы жана кыргыз тарапка өткөрүлүп берилиши ыктымалдыгы тууралуу кабарлашкан болчу.

Алманбек Анапияевдин жактоочусу Жыргалбек Бабаев криминал төбөлүнүн кармалгандыгы жана анын Кыргызстанга өткөрүлүп берилиши ыктымалдыгы тууралуу айтылган ушактарды четке какты.

11-декабрда Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары Бириккен Араб Эмираттарынын полициясы тарабынан Анапияевдин кармалгандыгы тууралуу жазып чыгышкан. Анда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги ал маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

«Аны эч ким кармаган жок. Аны ким экендигин билип, өздүгүн тактоо максатында бөлүмгө чакырышкан. Өздүгүн тактагандан кийин дароо кое беришти. Эч ким кармаган эмес, антүүгө мыйзамдуу негиз да жок болчу», — деп ишендирди Бабаев.

Анапияевдин кармалгандыгы жана аны өткөрүп берүү ыктымалдыктары тууралуу билдирүүлөр Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Перс булуңундагы өлкөлөргө, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынан кийин пайда болгон.

Атамбаевдин иш сапарынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары кылмышкерлердин өткөрүлүп берилиши боюнча келишимге кол коюшкан.

«Божомолдоолордон куралган айыптоолор»

Алманбет Анапияев 2011-жылдан бери Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын сурамы боюнча эл аралык издөөдө.

Ал Кылмыш кодексинин «адам уурдоо», «каракчылык» жана «адамды мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу» беренелери боюнча айыпталууда.

Жактоочу Жыргалбек Бабаев бул айыптоолорду «далилсиз» жана «божомолдоолордон куралган» деп атады.

«Аны бардык эле иштерге айыптап жатышат. Объективдүүлүк үчүн айтып коюш керек, ал иштердин сыры билинип турат. Алар божомолдоолордон менен ой жоруулардан куралган. Азыркы учурда Алманбет Анапияевге доомат айткан бир дагы жаран жок», — деп эсептейт Бабаев.

Андан сырткары Анапияев укук коргоо органдары тарабынан 2009-жылдын мартында президенттин администрациясынын экс-башчысы Медет Садыркуловду өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.

2014-жылдын июлунда Анапияев Кыргызстанга келип тергөө менен кызматташууга даяр экендиги, бирок ага карата «адилеттүү тергөөнүн» болушун талап кылгандыгы тууралуу кабарланган болчу.