КСДП фракциясы вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын талапкерлигин билим берүү министри кызматына сунуштады, деп билдирди парламенттеги социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков. Билим берүү министрлигинин мурунку башчысы Канат Садыков кызматтан 12-декабрда бошотулган.

Турсунбековдун айтымында, фракция Эльвира Сариеванын талапкерлиги тууралуу сунушту премьер-министр Жоомарт Оторбаевге жөнөттү.

«Ал жаш, чыгармачыл жана башкаруу тажрыйбасына ээ. Ошондуктан ал жүктөлгөн милдеттерин аткара алат деген үмүттөбүз. Аны министр кылып дайындоо сунушубуз Сариеваны кызматынан төмөндөтүп жатабыз дегенди түшүндүрбөйт. Тескерисинче, биз ага конкреттүү, көбүрөөк сынга кабылып келген тармакты ишенип берип жатабыз дегенди билдирет», — деп жазган «Азаттык» радиосу социал-демократтардын лидеринин айткандарын .

Ошондой эле ал фракция Сариеванын «билим берүү тармагындагы реформаларды аягына чыгараарына» үмүттөнөөрүн кошумчалаган.

Эгер Сариеваны жаңы кызматка беките турган болушса, ал 2014-жылдын 12-декабрында отставкага кетирилген Канат Садыковдун ордун ээлейт.

Ошол эле күнү эмгек, жаштар жана иш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов да кызматынан кеткен.

КирТАГ маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, Алымкуловдун ордуна КСДП фракциясынан депутат Данияр Тербишалиев барышы мүмкүн.

Садыков менен Алымкуловдун отставкасы

Канат Садыков 2010-жылдан бери ээлеп келген билим берүү министри кызматынан студенттердин Кыргыз-Орус Салвян университетинин медициналык факультетине «мыйзамсыз» кабыл алынгандыгынын, парламентарийлер тарабынан сындардын айтылышынын жана Kloop.kgнин китептерди басып чыгаруудагы мүмкүн болгон алдамчылыктар тууралуу иликтөөсүнүн фонунда орун алды.

27-ноябрда Башкы прокуратура өкмөт башчысына кайрылгандыгын билдирген — анда башкы көзөмөлдөө органы билим берүү министри Канат Садыковдун ээлеген кызматына татыктуулугу тууралуу маселени карап чыгуусун өтүнгөн.

Бул 2013-жылдын сентябрында 24 абитуриент Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине «мыйзамсыз» кабыл алынгандан кийин болууда.

«Токтом Билим берүү жана илим министри К.Садыков менен Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору В.Нифадьевдин ээлеген кызматтарына татыктуулу маселесин карашы үчүн Кыргызстандын премьер-министрине жөнөтүлдү», — деп жазылган ал билдирүүдө.

Алиясбек Алымкулов эмгек, жаштар жана иш менен камсыз кылуу министри кызматына 2010-жылы дайындалган. Ал жыйынтыгында президент Курманбек Бакиев бийликтен кеткен 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциянын активдүү катышуучусу катары белгилүү.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Алымкуловдун кызматтан кетиши ыктымалдыгы тууралуу маалыматтар бир нече жолу пайда болгон, бирок экс-министрдин өзү ал маалыматтарды четке кагып келген.