Кыргызстандын улуттук банкынын башчысы Толкунбек Абдыгулов рублдин кунунун төмөндөшүнөн улам Орусиядагы эмгек мигранттарынын акча которууларынын азайышы мүмкүндүгү тууралуу билдирди.

Кыргызстандын Улуттук банкынын башчысы Толкунбек Абдыгулов премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен болгон жолугушуусунда Орусиядагы мигранттар тарабынан Кыргызстанга акча которуулардын азайышы мүмкүндүгү тууралуу билдирди.

Абдыгулов муну орус валютасынын кунунун кескин түшүп кетиши менен байланыштырууда — дүйшөмбү, 15-декабрдан тарта рубль кунун жоготуп баштап, арзандоосун дагы желе улантууда.

16-декабрда рублдин курсу 1 евро үчүн 100 рублге, 1 АКШ доллары үчүн 80 рублге чейин түшүп, төмөндөөнүн эң жогорку чегине жеткен.

2014-жылдын сентябрынан бери кыргыз сомуна карата рубль дээрлик эки эсеге арзандаган — 17 декабрда кыргыз акча алмаштыруу жайларында 1 сом үчун 1,2 рубль берип жатышат.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев Улуттук банкка рублдин кунунун түшүшүнө байланышкан тобокелчиликтер ыктмалдыгын анализдеп чыгуу тапшырмасын берген.

«Тазабек» маалыматы агенттиги билдиргендей, рублдин арзандашы менен 16-декабрда кыргыз Улуттук банкы сомду колдоо үчүн валюталар рыногунда 12,4 млн. АКШ доллары өчөмүндө интервенция жасаган.

Ага карабастан Моссоветтин акча алымаштыруу жайларында доллар 59 сомго чейин жогорулап кетти. Улуттук банктын расмий курсу — 1 доллар = 57,6 сом.

Моссоветтин акча алмаштыруу жайларындагы валюталар курсу:

17-декабрда валюталар курсу бир доллар үчүн 65-69, бир евро үчүн 83-89 рублдин айланасында болуп турат.

Мигранттардын көйгөйлөрү

11-декабрда «Азаттык» радиосу рублдин кунунун түшүшү Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарынын кирешелеринин 30-40 пайызга азайуусуна алып келгендигин жазган.

Эгер ага чейин мигранттар орточо эсеп менен 25-30 миң рубль (2013-жылдын лекабрындагы курс боюнча 800-900 доллар) иштеп таап, Кыргызстанга алардын жарымын жөнөтүп турушкан болсо, эми ал сумма дээрлик эки эсеге чейин төмөндөп кеткен.

«Азаттыктын» ал макаласы бир доллар 55 рубль, а евро 68 рубль болуп турганда чыккан.

«Рейтерс» маалымат агенттиги Кыргызстан менен Тажикстандан барган эмгек мигранттарынын кирешелери рублдин кунунун төмөндөшүнөн гана эмес, айлыктарынын дээрлик эки эсеге кыскартылгандыгынан улам да азайып жаткандыгын жазды.

Декабрдын башында «Рейтерс» маалымат агенттиги Кыргызстан менен Тажикстандан барган эмгек мигранттары акырындап үйлөрүнө кайтып келе баштагандыктарын билдирген болчу.