Билим берүү министрлигинде тендерлерди өткөрүүгө жооптуу кызматкер 167 млн. сомдук тендерлерди латын тамгалары менен жарыялоо үчүн «уюмдун талаптарына туура келбегендер» анын аккаунтуна кирүү мүмкүнчүлүктөрүн атайылап пайдалангандыктарын айтты.

Билим берүү министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыркулов Kloop.kgге берген маегинде 167 млн. сомдук жарыянын аталышында латын тамгалары анын аккаунтун бузуп кирүү ыктымалдыгынан кийин пайда болгондугун билдирди.

Kloop.kg 10-декабрда Билим берүү министригинин тендерлеринин аталыштарында кадимки кириллица тамгаларынын ордуна латын тамгалары пайдаланылгандыгы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган — жарыяда латын тамгасынын пайдаланылгандыгынан улам издөө системасы аркылуу мамлекеттик сатып алуулардын сайтында 167 млн. сомдук жарыяны издеп табуу мүмкүн эмес болуп калган.

«Шектенүүлөрдүн бири кимдир бирөө атайылап менин почтама же сырткы кирүү мүмкүндүгүн пайдаланган окшойт. Мен так айта албайм, бирок уюмдагы талаптарга туура келбегендердин бири болушу мүмкүн», — деди Кадыркулов.

Ал Билим берүү министрлигинин тендеринин аталышында латын тамгаларынын кандай жол менен пайда болуп калгандыгын билбестигин билдирди — айтымында, ал бул тууралуу Kloop.kgге жарыяланган макаладан окуп билген.

«Силердин макала мени чынында эле таң калтырды. Чынын айтканда, бул тууралуу биринчи жолу угуп жатам, биз тараптан андай кылынган эмес», — деп ишендирди мамлекеттик сатып алуулар үчүн жооптуу кызматкер.

Андан сырткары Кадыркулов анын Билим берүү министрлигинин кеңсесиндеги аккаунту менен кимдир бирөө колдонгон болушу мүмкүн деп божомолдоду. Бирок ал кимдин андай кылышы мүмкүндүгүн так айткан жок.

«Ал [аккаунт] авторежимде турат, эч качан сыр сөз жазылбайт. Ушундай шектенүүлөр бар… мен азыр тааныштарыман сурадым… тергөө эмес… а кантип ушундай болуп калганын текшерүүлөрүн өтүндүм», — деди ал.

Буга чейин Kloop.kgнин жазуу түрүндө жиберген суроолоруна Билим берүү министрлиги жарыясындагы негизги сөздөрдү жазууда латын тамгаларын пайдаланбагандыгын билдирген болчу.

«Билим берүү министрлиги 167 млн. сомдук мамлекеттик сатып алууларды жашыруудабы?» деген аталыштагы иликтөө Kloop.kg сайтына 10-декабрда жарыяланган.

Анда Билим берүү министрлигинин тендерлеринин аталышында кадимки кириллица тамгаларынын ордуна латын тамгаларынын пайдаланылгандыгы тууралуу жазылган.

Макала жарык көргөн күндүн эртеси министрлик 93 млн. сомдук тендердин аталышындагы латын тамгаларын кириллица тамгаларына алмаштырган.

Орусиядагы белгилүү коррупцияга каршы күрөшүүчү Алексей Навальный латын тамгаларынын пайдаланышын «коррупциялашкан» элемент деп атаган.

Анын айтымында, «коррупциялык латын тамгасы» тендерде утуп чыгышы үчүн акча төлөп берүүгө даяр болгон белгилүү бир жалданма компания өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүүлөр болгон учурларда чиновниктер тарабынан пайдаланылат.

«Мисалы, сиз алдамчысыз жана мектеп үчүн сүт алып жатасыз деп коелу. Сүт — бул стандарттуу азык, сизге жеткирип берген сүттүн баасынын бир бөлүгүн бере турган «өз жалданма компанияныңызды табууга» мүмкүнчүлүгүңүз аз. Анткени сүт жеткирүүчүлөр сайттагы сиздин жарыяна табышат да төмөнкү бааны коюп коюшат. А сиз болсо өтө жөнөкөй нерсени жасашыңыз керек. Жарыяны сайтка жайгаштырууда «молоко» деп орусча жазбайсыз, а бардык үч «о» тамгасын тең латын тамгалары менен «мoлoкo» деп жазасыз, анан мамлекеттик сатып алуулардын сайтынан издегенде ал жарыя табылбайт. Аны буйрутманы болушунча жогорку баа боюнча алып, сизге кирешесинин 20 пайызын бере турган жеткирүүчүңүз гана таба алат», — деп жазган ал.

Билим берүү министрлигинин жарыясында латын тамгаларынын пайдаланышы мектептерде китептердин жетишсиздигинин фонунда орун алууда — 2014-жылдын августундагы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын мектептери китептер менен 75 пайызга гана камсыздалган.