Түркиянын Бишкектеги элчилигинин жанындагы бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкты. Жарылуучу зат тууралуу билдирүү эртең менен милициянын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген курчоодо турган милиция кызматкери Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде элчиликтин имаратына келген саперлор таштанды салуучу идиштен бомбанын үлгүсүн тапкандыктарын билдирди.

«Чакыруу болгон, милиция келип элчиликтин жанындагы таштанды таштоочу идиштен бомбанын үлгүсүн табышты. Ал үлгүнү УКМКнын (Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин) кызматкерлери экспертизага алып кетишти», — деди ал.

Милиция кызматкери ал бомбанын үлгүсүнүн кандай болгондугун айткан жок.

Москва жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Түркиянын элчилигинин имараты бомба тууралуу билдирүү пайда болгондон кийин, болжол менен саат 11ден 12ге чейин курчоого алынды.

ИИМдин маалыматы боюнча, элчиликтин жанындагы жарылуучу зат тууралуу билдирүү болжол менен саат 10:15терде дипломатиялык өкүлчүлүктүн күзөт кызматынан келип түшкөн.

«Чынында эле бүгүн саат 10:15те күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен имараттын жанындагы таштанды салуучу идиште шектүү нерсе табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түштү. Азыркы тапта ал жер милиция тарабынан курчалды», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги ИИМдин басма сөз кызматына шилтеме жасап.

Билдирүүдөн кийин элчиликтин кызматкерлерин коопсуз жерге эвакуациялашып, ал жерге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин саперлору барышкан.

Учурда элчиликтин кызматкерлеринин өзүлөрү милициянын келгендиги фактысы менен алардын имаратынын жанындагы бомба тууралуу билдирүүнү четке кагып жатышат.

Сүрөт: @UmetKerim колдонуучусу.