Кыргызстандын өкмөтү менен парламенттик эки комитет өлкөнүн Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши тууралуу Келишимди бир күндүн ичинде жактырышты.

Келишимге Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 23-декабрда өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында кол коюшу керек.

Келишимге кол коюу Кыргызстан 2015-жылдын 1-январынан баштап Армения, Орусия, Казакстан жана Беларусь өлкөлөрүнөн турган Евразиялык экономикалык биримдигине кирет дегенди түшүндүрөт. Бирок Келишимге Атамбаев кол койгондон кийин аны Жогорку Кеңештин депутаттары бекитүүлөрү керек болот.

Өкмөт келишим долбоорун министрлер кабинетинин 22-декабрдагы жыйынында жактырды. Алгач долбоорду жума күнү, 19-декабрда жактыруу каралган, бирок өкмөт мүчөлөрү анын каралышын кийинкиге калтырышкан болчу.

Өкмөттүн жыйынынан кийин дароо эле Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши тууралуу келишим долбоору парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин кароосуна киргизилген.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, алгач комитет мүчөлөрү келишим долбоорун «кароодон баш тартышкан».

Комитеттин кызматкерлеринин биринин айтымында, өкмөт Каржы, Тышкы иштер жана Юстиция министрликтеринин тыянактарын жыйынга үч күн калганда алып келиши керек болчу, бирок министрлер кабинети ал жол-жоболордун бардыгын аткарган эмес.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы комитет мүчөлөрүнүн алгачкы нааразычылыктарына карабастан алар баары бир кезексиз жыйынга чогулуп, Келишим долбоорун жактыргандыктарын белгиледи.

Андан сырткары келишим долбоорун экономикалык жана фиксалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрү да жактырышкан.

Бажы биримдигине кирүү

Кыргызстан Бажы жана Е:вразиялык экономикалык биримдиктердин курамына 2015-жылдын 1-январында кириши керек.

Бажы биримдигине кирүү үчүн Кыргызстандын бийлиги Жол картасынын 181 пунктун аткаруусу керек болчу. Алардын 40 пункту — бул азкыркыга чейин парламент депутаттары тарабынан каралып жаткан мыйзамдар.

2014-жылдын декабрынын башында Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев иш жүзүндө Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүү 2015-жылдын май айында ишке аша тургандыгын билдирген.

«Мисалы, келишимдердин чек араларыбызды өткөрмө пунктар, лабораториялар менен камсыз кылуу боюнча пункттарынын күчүнө кириши үчүн убакыт керек. Биздин оюбузча, чек арабызды ачып, Бажы биримдигинин бардык эрежелерин пайдаланып башташыбыз үчүн практика жүзүндө төрт айга жакын убакыт талап кылынат», – деп белгилеген премьер.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы эле башталган, бирок идея өлкө жарандарынын ар түрдүү пикирлерин жаратып келет.

Өлкөнүн Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлерине Казакстан, Орусия сыяктуу чоң товар сатып өткөрүү рыноктору ачылат, өлкөдө өнөр жайдын өнүгүшү башталат жана кыргызстандыктарга карата миграциялык мыйзамдар жөнөкөйлөштүрүлөт деп эсептешүүдө.

Каршылаштары болсо Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин эгемендүүлүгүн жоготуп, товарларга болгон баалар бир канча эсеге жогорулап, а Кытайдан алынып келинген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайра экспорттоо менен алектенген ишкерлер банкрот болушат деп кооптонушууда.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы болгон активисттердин тобу бир нече жолу Бишкекте нааразычылык акцияларын өткөрүүгө аракет кылышкан, бирок аларга дайыма укук коргоо органдары тоскоолдук кылып келишет.