Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун иши боюнча документтер Интерполго жөнөтүлгөндүгүн, бирок азырынча ал эл аралык издөөгө жарыялана электигин билдиришти. Мырзакматов «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деп айыпталууда.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде Башкы прокуратура Мелис Мырзакматовдун иши боюнча документтерди Интерполго «өткөн аптада» жөнөткөндүгүн билдирди. Бирок ал кайсыл күнү экенин так айткан жок.

Башкы прокуратура бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Оштун мурунку мэри Кыргызстандын бийлиги тарабынан «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча айыпталууда. ИИМ менен Башкы прокуратура Оштогу асма көпүрөнүн курулушунда Мырзакматов 27 млн сомду короткон деп ишендирүүдө.

«Азырынча ал эл аралык издөөгө жарыяланды деп айтууга эрте, анткени азыр сурам дагы деле каралууда. Азырынча Интерпол жооп бере элек. Алар сурамды бир айга чейин карашы мүмкүн», — деди Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Ал учурда Мырзакматов Көз карандысыз өлкөлөр шериктештигинде эл аралык издөөдө экенин кошумчалады.

«Азырынча анын кайсыл жерде экендиги аныктала элек», — деп белгиледи Осмонбаев.

Декабрдын башында Кыргызстандын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Мелис Мырзакматов Москвадан түз каттам менен барып, учурда Кытайдын Үрүмчү шаарында экенин билдиришкен.

«Адилетсиз иш»

2014-жылдын декабрында Ош шаардык кеңешиндеги «Улуттар Биримдиги» (Мырзакматовдун партиясы) фракциясынын лидери Рысбек Мирзаматов Оштун экс-мэрине карата козголгон кылмыш иши «адилетсиз» экенин билдирген.

«Ал кызматтан кетип, андан эки жыл өткөндөн кийин бул кылмыш ишин козгоп жатышат. Ал иштеп турганда, ошондой чечимдерди кабыл алып жатканда эмне жөнүндө ойлонуп жатышты эле? Эгер мыйзамсыз болсо токтотуп, айтышпайт беле?» — деп билдирген Мирзаматов Kloop.kgге берген маегинде.

Ошондой эле Мирзаматов Мырзакматовдун изине түшүү «атайылап 2015-жылдын күзүндө өтө турган шайлоолордун алдында» башталгандыгын айткан.

«Кийинки жылы Жогорку Кеңешке шайлоо боло тургандыгы жөнүндө жарыялангандан кийин ушундай маселелерди көтөрүп, каралоолор башталат […] Биз шаардык кеңешти шайлоого гана эмес, парламенттик шайлоого да катышалы деп пландап жатабыз. Партиянын лидери Мелисбек Мырзакматов, кийин да лидер бойдон калат», — деп белгилеген Мирзаматов.

2013-жылдын декабрында Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» менен Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүү» партиялары биригишкен.

«Улуттар Биримдиги» фракциясынын башчысы партия парламенттик шайлоолорго катышуу ниетинде экенин кошумчалаган.

«Алдамчылык болгон»

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз телеканалдарына берген декабрдын башындагы маегинде Оштогу көпүрөнүн курулушунда «чынында эле мыйзам бузуулар болгондугун» билдирген.

«Бирок Мырзакматовдун мүнөзүн эске алуу менен мен мыйзам бузуулар болгон деп ойлойм, анткени ал адам өзүн хан сезип алган. […] Албетте кимдир бирөө өзүн аймактык падыша, хан катары сезип алып жатканы өлкөдөгү көйгөлөрдүн бири. Андай болбошу керек. Мыйзам баардыгы үчүн бирдей жана жооп берүүгө көнүшүбүз керек», — деп билдирген өлкө башчысы.

Бийлик Мырзакматов Оштогу асма көпүрөнүн курулушунда 27 млн. сом короткон деп ишендирүүдө.
Бийлик Мырзакматов Оштогу асма көпүрөнүн курулушунда 27 млн. сом короткон деп ишендирүүдө.

Аны менен катар Атамбаев эгер Ош прокуратурасы «бир нерсени ойдон чыгарган» болсо, анда мекеменин Оштун мэрине каршы козголгон кылмыш иши менен алектенип жаткан кызматкери «ал үчүн жооп бериши керектигин» кошумчалады.

«Борбордун чыныгы каршылашы»

Саясат таануучу Марат Казакпаев Мырзакматов «борбордук бийликтин чыныгы каршылашы» болгондуктан, ага каршы кылмыш ишинин козголо тургандыгы алдын ала эле белгилүү болгондугун айткан.

Мамлекеттик башкаруу тармагы боюнча дагы бир эксперт Шерадил Бактыгулов Мырзакматовго каршы козголгон кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп эсептебейт. Айтымында, экс-мэр 2014-жылдын жазында өткөн Оштун мэрин шайлоодо жеңилип калгандан кийин эле «четтетилген».

«Көпүрөнүн курулушунда мыйзам бузуулардын болгондугу түшүнүктүү, ал мыйзам бузуулар аныкталып, анан ал ишке кезек келди. Бирок биз саясий басым тууралуу айтсак, Мырзакматов Оштун мэрлигине өтпөй калганда эле четтетилген. Бул көрсөткүч», — деп билдирген Бактыгулов Kloop.kgге берген маегинде.