Жогорку Кеңештин депутаттары Дамира Ниязалиеванын социалдык блок боюнча вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырышты.

Парламент Дамира Ниязалиеваны социалдык блок боюнча жаңы вице-премьер-министрликке бекитти — жыйынга катышкан 80 депутаттын 80ни тең анын талапкерлигин жактырышты.

Буга чейин Ниязалиеванын талапкерлигин парламенттин адам укуктары жана социалдык саясат боюнча эки профилдик комитети жактырган.

Ошондой эле парламент жыйынында Чүй облусунун мурунку губернатору Айбек Азыранкуловдун эмгек министрлигине көрсөтүлгөн талапкерлиги жактырылды. Азыранкулов айдын башында кызматынан кеткен Алиясбек Алымкуловдун ордуна барат.

Ниязалиева 18-декабрда билим берүү министри болуп дайындалган Эльвира Сариеванын ордун ээлейт.

Дамира Ниязалиеванын талапкерлигин ал мүчө болгон КСДП фракциясы сунуштаган. 16-декабрда фракция лидери Чыныбай Турсунбеков сунушталган талапкердин «командалык оюнчу экенин жана фракциянын тапшырмасынан баш тартпай тургандыгын» билдирген.

2010-жылы Ниязалиева КСДП партиясынын атынан депутат болуп шайланган, а 2012-жылдын январынан бери Кыргызстандын парламентиндеги социалдык саясат боюнча профилдик комитетти жетектеп келген.

2010-жылдын ноябрынан бери КСДП фракциясынан депутат.

Ага чейин, 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин түзүлгөн убактылуу өкмөттүн курамында Ниязалиева саламаттыкты сактоо министри болуп иштеген.

Өкмөттөгү кадр алмашуулар

Кадр алмашуулар билим берүү министри Канат Садыков менен эмгек министри Алиясбек Алымкулов 12-декабрда кызматтан кеткенден кийин башталган.

Андан бир апта өткөн соң Садыковдун ордуна экс-вице-премьер Эльвира Сариева дайындалган.

Эмгек министри кызматына Чүй облусунун мурунку губернатору Айбек Азыранкуловдун талапкерлиги сунушталууда.