Кыргызстан Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши боюнча келишимге кол койду. Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев республика 2015-жылдын майында жаңы биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло тургандыгын билдирди. Kloop.kgнин редакциясы Кыргызстандын евразиялык биримдикке кантип баргандыгын эстеди.

Тема боюнча: Атамбаев Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүү боюнча келишимге кол койду.

SAG_9464-1024x506

11-апрель, 2011-жыл. Экс-премьер-министр, учурдагы президент Алмазбек Атамбаев башында турган Кыргызстандын өкмөтү өлкөнүн Бажы биримдигине кириши боюнча процедураларды баштоо тууралуу чечим кабыл алды.

Сүрөттө: Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко, Орусиянын экс-президенти Дмитрий Медведев жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.
Сүрөттө: Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко, Орусиянын экс-президенти Дмитрий Медведев жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

19-октябрь, 2011-жыл. Евразиялык экономикалык уюмунун жыйынында Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн президенттери Кыргызстандын биримдикке кирүү каалоосу боюнча кайрылуусун жактырып, интеграция процессин изилдеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүшкөн.

C76A89FB-763B-4214-B983-1F2D531A27BE_mw1024_mh1024_s

20-сентябрь, 2012-жыл. Орус президенти Владимир Путин Бишкекке болгон иш сапары маалында Орусия Кыргызстандын дээрлик жарым миллиард АКШ доллары өлчөмүндөгү карызын кечүү чечимин кабыл алгандыгын билдирди.

6026-1024x584

29-май, 2013-жыл. Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүсү тууралуу сурам жөнөттү.

6030-1024x627

31-май, 2013-жыл. Кыргызстан Бажы биримдигинин башкаруу органдарынын ачык жыйындарына катышып, интеграциянын өнүгүүсү үчүн өз идеяларын сунуштоо укугуна ээ болду. Бирок азырынча өлкөдө чечимдерди кабыл алуу укугу жок.

vlcsnap_2014_01_23_17h51m56s83-1024x576

22-январь, 2014-жыл. Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге киришине каршы болгон жарандык активисттер нааразычылык акциясын өткөрүшүп, өз нааразычылыктарын баалардын жогорулап кетүү ыктымалдыктары менен түшүндүрүштү.

5-май, 2014-жыл. Бишкектин борборунда Бажы биримдигинин каршылаштары өз алдынча өнүгүү жолу менен кетүү чакырыктары менен акция өткөрүштү.

35AD0369-021E-44D0-BB40-DA1E0B81F654_mw1024_mh1024_s

12-май, 2014-жыл. Кыргызстандын парламенти менен өкмөтү Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүү боюнча Жол картасын жактырды.

62982

26-май, 2014-жыл. Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев Жол картасынын бардык пункттарын аткарууга 377 млн. доллар керектелээрин, ал сумманын 200 миллионун грант катары Орусия бере тургандыгын билдирди.

2014-жылдын июлунда Казакстан да 100 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүп бере тургандыгын билдирген.

036-1024x608

29-май, 2014-жыл. Казакстан, Орусия жана Белоруссия Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши боюнча Жол картасын жактырышты.

Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстандын мыйзамдары кандай болуп өзгөрөт: административдик айып пулдар жогорулайт

Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстандын мыйзамдары кандай болуп өзгөрөт: техникалык кароо кайтып келип, бажы төлөмдөрү өзгөрөт

Бул күнү Казакстан, Орусия жана Белоруссия президенттери Бажы биримдигинин базасында түптөлүп, 2015-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштай турган Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлгөндүгү тууралуу келишимге кол коюшкан.

5BAD1198-3DF9-4E93-88E5-56925031CE51_cx0_cy10_cw0_mw1024_s_n_r1

31-август, 2014-жыл. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо сөзүндө Кыргызстанда Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүдөн «башка жол жок» экенин айткан.

«Чынын айтыш керек, бизде Бажы биримдигин толук алмаштыра турган альтернатива жок. Кайталап коеюн, же өлкө изоляцияда калат, же өнүгүү үчүн чоң түрткү алат», — деп билдирген анда Атамбаев.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы болуп келген жарандык активисттер мамлекеттик туу тартылган тасмаларды таратып, евразиялык интеграцияга каршы акция өткөрүп башташкан, бирок акция башталбай жатып эле үзгүлтүккө учураган — активисттер милиция кызматкерлери тараптан кармалышкан.

10356757_638268449605662_8870042983791896639_n-1-960x483

Активисттердин өзүлөрү Фэйсбук социалдык түйүнү аркылуу акция Бажы биримдигине каршы эмес, а өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн болгондугун белгилешкен.

d8a499762705613556cd0b8285356d8a-1024x534

27-ноябрь, 2014-жыл. Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши үчүн 16 мыйзамдан турган алгачкы пакетти кабыл алышты.

otorbaev-1024x753

22-декабрь, 2014-жыл. Кыргызстандын өкмөтү менен парламенттин эл аралык иштер, экономикалык жана фиксалдык саясат боюнча эки профилдик комитети Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши жөнүндөгү келишимдин долбоорун жактырышты.

10885457_821960511183960_2684346248579187399_n

23-декабрь, 2014-жыл. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши боюнча келишимге кол койду.

Өлкө башчысы Кыргызстан 2015-жылдын майында Евразиялык экономикалык биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло тургандыгын билдирди.

«Кол коюлган келишимде Кыргызстандын кошулуусунун [Бажы биримдигине] көрсөткүчтөрү ачык жана адилеттүү аныкталган, үлүштүк бөлүктөрүн бөлүштүрүү, Бирдиктүү бажы тарифтери, келишимдин күчүнө кирүү мөөнөттөрү, бажы тарифтерин пайдалануу жана кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлдөрүн жоюу даталары аныкталган», — деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.

Тема боюнча: Атамбаевдин Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча келишимге кол коюшу.

2015-жылдын майына чейин кыргыз парламентинин депутаттары Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүү үчүн мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн бардыгын тең кабыл алуулары керек болот.