Кыргызстандын Улуттук банкы «Чет элдик валюталар менен операцияларды жүргүзүү жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга алып чыкты. Ага ылайык, жеке акча алмаштыруу жайларын жаап, акча алмаштыруу укуктарын коммерциялык банктарга берүү сунушталууда.

Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов 18-декабрда сомго карата «спекулятивдик чабуулдары» үчүн акча алмаштыруу жайларынын жабылышы мүмкүндүгүн билдирген.

Өзгөртүүлөргө тиркелген негиздеме-маалымкатта өзгөртүүлөр валюта рыногу менен акча алмаштыруу боюнча операцияларга «катуураак» көзөмөл жүргүзүү үчүн сунушталып жаткандыгы жазылган.

Мекеменин басма сөз кызматынан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп жаткандыгын билдиришти.

Улуттук банк жеке акча алмаштыруу жайлары дүйнөлүк  саясий жана экономикалык окуялардан «пайдаланышып»,  доллар менен еврого карата «эч нерсе менен негизделбеген курстарды» белгилешкен деп эсептөөдө.

Мекеменин пикиринде, бул Кыргызстан калкынын арасында «жасалма ажиотаж» жаратып, чет элдик валютага болгон суроо-талапты жогорулаткан.

«Акча алмаштыруу жайлары тарабынан түзүлүп, күчөтүлүп жаткан накталай чет элдик валюта рыногундагы ажиотаж элдин жана бизнес-түзүмдүн арасында жасалма девальвациялык күтүүлөрдү (тактап айтканда, сомдун кунунун төмөндөөсү) калыптандырууда. Андан улам улуттук валютадагы активдерди чет элдик валютадагы активдерге алмаштыруунун активдешүүсү башталууда», — деп жазылган мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 10 миңге жакын акча алмаштыруу жайлары иштейт жана аларга жалпы валюталык операциялардын 6 пайызы туура келет — калган 94 пайызы коммерциялык банктарга тиешелүү.

Kloop.kgнин кабарчылары сүйлөшүп көрүүгө аракет кылган жеке акча алмаштыруу жайларынын ээлери Улуттук Банктын демилгеси боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатышат.

Толкунбек Абдыгулов 18-декабрда Кыргызстанда АКШ доллары менен евронун курстарынын жогорулашынын «объективдүү себептери» жок экенин билдирген.

Улуттук банктын башчысы мындай билдирүүлөрүн жеке акча алмаштыруу жайларында сомдун курсу АКШ долларына карата 57,6 сомдон 60 сомго чейин түшүп кеткенден кийин жасаган.

«Чет элдик валюталар менен операцияларды жүргүзүү жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр

«Чет элдик валюталарда операцияларды жүргүзүү жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө тиркелген негиздеме-маалымкат

«Чет элдик валюталар менен операцияларды жүргүзүү жөнүндөгү» мыйзамга карата регулятивдик таасирдин анализи

Сомду колдоо

Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында сомдун куну 17-декабрда, орус рубли «Москва биржасында» кескин түрдө арзандап кеткенден кийин төмөндөгөн — анда Орусияда чет элдик валютанын курсу 1 АКШ доллары үчүн рекорддук 80 рублге чейин жеткен.

Учурда «Москва биржасында» бир доллар үчүн 53,7 рубль берип жатышат.

Анда Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк сомдун курсун кыска мөөнөткө кармап тура алаарына ишендирип, бирок орто жана узак мөөнөттүү перспективада Кыргызстан экономикасында түзүмдүк өзгөртүүлөрдү жасашы керектигин билдирген.

«Валюталардын туруктуу курсу үчүн чет элдик валютанын үзгүлтүксүз агымы керек. Буга байланыштуу Улуттук банк экспортко багытталган ишканаларды колдоо демилгеси менен чыкты», — деп билдирген ал 17-декабрда.

Аны менен катар эксперттер Орусияда иштеп жаткан кыргыз эмгек мигранттары тараптан акча которуулардын азайышынан улам сомдун куну түшүшү мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Орусиянын ЖМКларынын маалыматтары боюнча, Орусияда экономикалык өсүш жайлап, а рублдин арзандашы айлык маяналардын кыскарышын жаратууда.

«РосБизнесКонсалтинг» агенттигинин маалымат боюнча, жыл башынан бери кыргыз сому 15 пайызга арзандаган. Улуттук банк сомду колдоо үчүн 2014-жылы 460 млн. доллардан ашык каражат короткондугун билдирүүдө.