Кыргызстандын өкмөтү 1-январдан 7-январга чейин созулчу жаңы жылдык эс алуу күндөрүнүн ырааттамасын бекитти — апта ичиндеги иш күндөрү кийинки үч айдагы ишемби күндөрүнө жылдырылды.
Эс алуу күндөрүн жылдыруу тууралуу токтом өкмөт тарабынан 26-декабрда кабыл алынды.
Ага ылайык, өкмөт 2чи, 5чи жана 6-январдагы иш күндөрүн 10-январь, 21-февраль жана 23-март ишемби күндөрүнө жылдыруу токтомун чыгарды.
Министрлер кабинетинин бул чечими аптасына беш күн иштеген уюмдарга, мекемелерге гана тиешелүү болот.
Жаңы жылдык эс алуу күндөрүн башка күндөр менен алмаштыруу боюнча чечимди кабыл алууга өкмөткө дээрлик бир ай талап кылынды —токтомдун долбоору Эмгек министрлиги тарабынан 2014-жылдын 1-декабрында жарыяланган.
Алгач токтом долбоорунда эс алуу күндөрүн үч ишемби күнүнө — 27-декабрь, 10чу жана 17-январь күндөрүнө алмаштыруу сунушталган.
«Эң акыркы учурда»
Популярдуу «Дизель» интернет форумунун колдонуучулары Эмгек министрлиги тарабынан сунушталган эс алуу күндөрүн 27-декабрь, 10чу жана 17-январь күндөрүнө алмаштыруу боюнча алгачкы идеяга нааразы болушкан.
Өкмөттүн акыркы чечимине карата форумдун колдонуучулары салкын мамилесин көрсөтүштү.
«Январь айы толугу менен алты күндөн иштеп калбаганыбыз жакшы болду», — деп жазган colt50 аттуу колдонуучу.
«Маалыматты эң акыркы учурда берип жтышат, анысы да так эмес. Бирок мен иш күндөрүн 3 айга бөлүп койгондуктарына сүйүнүп жатам», — деп жазган SlangyB деген колдонуучу.
Форумдун nuri87 деген ысым менен катталган колдонуучусу аны «бул жаңы жылдык эс алуу күндөрү тажатып жибергендигин» билдирген.
«Анан кийин иштөөгө туура келет. Чиновниктер чет өлкөлөргө чыгып эс алышат, ошон үчүн ушундай эс алуу күндөрүн кылып жатышат. Анан биздей жөнөкөй элге эс алуу күндөрү иштөөгө туура келет», — деп кошумчалаган ал.
Сүрөт: Бишкек шаарынын мэриясы