Ошто укук коргоочулар ВИЧ инфекциясын жуктурганын түгөйүнө билгизбей никеге турган жарандар тууралуу айтып чыгышты.

Макаланын түп нускасы Азаттык радиосунун сайтына чыккан. Автору Ыдырыс Исаков

Укук коргоочулар ВИЧ/СПИД илдетинин таралуусуна бөгөт коюу үчүн жаңы механизмдерди иштеп чыгууну, эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү суранышууда. Бул арада дарыгерлер ВИЧ инфекциясын алып жүргөндөр соо адам менен баш кошордо өз дартын жашыргандыгы үчүн жазага тартыларын билерин айтышат.

Ошто өзүнүн бул илдетке чалдыкканын жашырып үйлөнгөн жарандар коомго коркунуч жаратууда. ВИЧ/СПИД менен ооруган кыз-келиндер турмуш куруп күйөөсүнө же, оорулуу жигит келинчегине жуктуруп алууда.

Быйылкы жылы ушундай окуяга дуушар болгон үч үй-бүлө "эми эмне кылабыз?" деген суроо менен Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборуна кайрылган. Аталган борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова мунун айынан оору жугузуп алган адам өзү эле эмес, анын жакындары да азап тартарын айтууда:

- Акыркы мезгилде ВИЧ/СПИД менен ооруган балдар таза кыздарга үйлөнүп жатышат. Же тескерисинче ооруган кыздар таза балдарга турмушка чыгат. СПИД борборунда каттоодо турган жаран таза кызга үйлөнүп алган. Ал азыр дарыланып жүрөт. Кош бойлуу экен, бала кандай төрөлөт деп кыжаалат болууда. Келиндин ата-энеси бизге жардам сурап кайрылды. Андан мурдараак бир кыз ооруганын жашырып турмушка чыккан, дагы бир бала үйлөнгөн факты катталган эле. Эң коркунучтуу жагы оору курсактагы балага да жугуп калууда.

Бирок дарыгерлер ВИЧке кабылган жарандар үйлөнөр алдында же башка адам менен жыныстык байланышка барарда өз илдетин жашырса, жазага тартыларын айтышат. Оштогу СПИДдин алдын алуу жана күрөшүү борборунун жетекчисинин орун басары Сабыр Ташболотов бул азаптуу илдети аныкталган ар бир адам өз жоопкерчилигин жакшы билет деди:

- Биз ар бир ВИЧ илдети аныкталган адамды каттоого алганда, андан тил кат алабыз. Тил катта "мен ВИЧке чалдыкканымды билдим. Бирөөгө жугуу коркунучун жаратсам кылмыш жоопкерчилигине тартыларымды билем" деп кол коюшат. Эгерде дартын жашырып үйлөнүп алса, ал жазага тартылышы мүмкүн.

Бирок Ош милициясы үстүбүздөгү жылы илдетин жашырып, башка адамга атайлап жуктурган бир да факты катталбаганын билдирди. Иш жүзүндө илдетин жашырып, үйлөнүүгө батынып жаткандарды айткан укук коргоочулар оорунун таралышына мыйзамдар бөгөт боло албай жатат деген пикирде. Укук коргоочу Дарика Асилбекова илдеттин жайылуусун алдын алуу багытында жаңы механизмдерди иштеп чыгуу керек дейт.

- Үйлөнүп жаткандарды медициналык кароодон өткөрүү маселесин чечүү керек. СПИД борборунанбы, жергиликтүү бийлик аркылуубу айтор жок дегенде элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек.

Азыркы мыйзамдар боюнча ВИЧ илдети тууралуу маалымат кыйла катуу корголот. Мындан улам баш кошуп жаткан эки жаш болочок түгөйүнүн макулдугусуз анын ден соолугу тууралуу маалыматты ала албайт. Ошол эле учурда өз ара ишенимге доо кетирбөө үчүн түгөйлөр да бири-биринин ден соолугун тыкыр иликтөөгө батынышпайт. 

- Мыйзам боюнча биз ВИЧ илдетине кабылгандар тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга акыбыз жок. Эгерде дартка чалдыккан адам өзү дартын башка адамга айтам десе өз иши. Бир гана соттун кагаз жүзүндөгү суранычы боюнча гана маалыматты ачыктайбыз, -деди Сабыр Ташболотов:

Мындан эки жыл мурун өзүндө СПИД дарты бар экенин жашырып үйлөнгөндүгү үчүн бир жаран соттолгон. Дарыгерлер ВИЧ инфекциясын көбүнчө чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттары жуктуруп келерин айтып жүрүшөт. Бирок Кыргызстанга кирип жатканда да, чет өлкөгө кетип жатканда да эч ким СПИД илдетине текшерилбейт. Бир гана кош бойлуу аялдар жана күч кызматына ишке кирүү учурунда ВИЧ инфекциясы бар-жогу текшерилет.

Учурда Ош облусунда ВИЧ/СПИД илдетине кабылган 2011 жаран расмий катталган. Анын ичинен 223 адам бойдок, 368и ажырашкан, 42си жесир жана беш адам жарандык никеде турат. Жалпысынан алганда 630у жалгыз бой жашайт.