Кыргыз ЖМКлары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиев өлкөнүн имамдары милдеттүү түрдө өтүүлөрү керек болгон аттестациядан өтүүдөн баш тартып жаткандыктарын билдиргендиги тууралуу жазышты. Молдалиевдин өзү маалымат каражаттарынын ал билдирүүлөрүн четке кагып, журналисттер «анын сөзүн бир топ эле өзгөртүп жибергендиктерин» айтты.

26-декабрда 24.kg жана vb.kg маалымат агенттиктери Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиев кээ бир имамдардын диний билимдерин текшерүү үчүн милдеттүү түрдө өтүүлөрү керек болгон аттестациядан өтүүдөн баш тартып жаткандыктарын тууралуу билдиргендигин жазышкан.

Президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиев Kloop.kgге берген маегинде анда жазылгандарды четке кагып, «анын сөздөрүн бир топ эле өзгөртүп жибергендиктерин» айтты.

Анын айтымында, Диний экстремизмге каршы аракет этүү боюнча координациялык кеңештин жыйынында аттестациядан өтүп жаткан «диний лидерлердин билиминин төмөнкү деңгээлде» экендиги тууралуу сөз болгон.

«Анда имамдардын баш тарткандыктары тууралуу сөз да болгон эмес. Анда баары катышып жатышкан да, ал жыйында муфтийдин өзү да болгон. […] Менин сөзүмдү бир топ өзгөртүп жиберишиптир», — деди Молдалиев.

Мусулмандар дин башкармалыгынан да 24.kg менен vb.kgнин маалыматтарын четке кагышты.

«Бардык райондук казыяттар (Мусулмандар дин башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрү) аттестациядан өтүштү. Эч кандай көйгөй жок», — деп билдиришти дин башкармалыгынан.

Мекеменин кызматкери Kloop.kgге берген маегинде Молдалиев андай билдирүү жасабагандыгын билдирди.

«Муфтият андай пикирде эмес. Бардык райондук имамдар аттестациядан өтүштү. Эч кандай көйгөй жок», — деп билдирди Мусулмандар дин башкармалыгынын катчылыгынын кызматкери.

«Туура эмес максаттар»

Кыргыз имамдарын аттестациядан өткөрүү ноябрдын башында Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциясынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Анда президент Алмазбек Атамбаев концепциянын диний агартуучулукка жана экстремизм менен күрөшүүгө багытталгандыгын айткан.

Кийинчерээк өлкө башчысы кыргыз телеканалдарына берген маегинде бийлик диний чөйрөнү «катуу көзөмөлгө алып», «жетишерлик тез аранын ичинде тарипке келтире» тургандыгын билдирген.

«Дин көптөгөн жакшы нерселерди берүүгө жөндөмдүү. Бирок эгер ал туура эмес максаттарда пайдаланыла турган болсо, анда терс көрүнүштөрдүн булагы болуп калат. Акыркы убактарда өлкөдө өзгөчө жаш мекендештерибиз туура эмес таасирлерине берилип жаткан адамдар көбөйүп кетти», — деп билдирген Атамбаев орусиялык «Вести-24» телеканалына берген 22-декабрдагы маегинде.

Дин таануучу эксперттер жаңы концепциянын динди көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багтталгандыгын белгилеп жатышат.

Аны менен катар кээ бирлери ал тууралуу «аргасыз чара» катары айтып жатышса, башкалары жалпысынан концепция менен мамлекет экстремисттик жана террористтик уюмдардын пайда болушуна «эч кандай таасирин тийгизбейт» деп эсептешүүдө.

Тема боюнча: Атамбаев: Мамлекет дин чөйрөсүн катуу көзөмөлгө алат

Тема боюнча: Кыргызстан динди көзөмөлдөөнү күчөтүүдө [+видео]