Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев алдыдагы Конституциягы киргизилчү өзгөртүүлөргө ылайык, өлкө башчысынын ыйгарым укуктары кыскартылышы керектигин билдирди. «Коркунучтуу медиа-чындык», түштүктү газ менен камсыз кылуу, мугалимдердин айлыктарын жогорулатуу, чек ара жаңжалдары — жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынында Атамбаев дагы эмнелер тууралуу айтты?
Президент Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынынын видеосу:
1. Президенттин ыйгарым укуктарын кыскартуу
Атамбаевдин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны 27-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү. Анда президент Конституциягы киргизилчү алдыдагы өзгөртүүлөргө ылайык, өлкө башчысынын ыйгарым укуктарын кыскартуу керектигин билдирди.
Атамбаев президенттин ыйгарым укуктарын кыскартуу өз ичине эмнелерди камтый тургандыгын тактап айткан жок. Конституциянын учурдагы редакциясына ылайык, президент алты жылдык мөөнөткө шайланат, экинчи жолу шайлана албайт, парламенттик жана жергиликтүү мыйзам чыгаруучу органдардын шайлоолорун жарыялайт, парламент тарабынан жактырылган мыйзамдарга кол коет, эл аралык аренада Кыргызстандын өкүлү катары чыгат (президенттин учурдагы ыйгарым укуктарынын толук тизмесине шилтеме).
«Биз акырындап президенттин укуктарын азайтып, парламент өкмөткө тоскоолдук кылбастан көбүрөөк мыйзам чыгаруу менен алектене турган механизмди ойлоп табышыбыз керек. Бирок, жалпысынан бул туура багыт, анткени биз бир эле тырмоону эки жолу бастык. Кайсыл гана президент болбосун, өзгөчө Кыргызстанда, ал өзүн барон же падыша сезип алышы мүмкүн. Биздин тандап алган парламентаризм жолу менен кеткенибиз жакшы», — деди ал.
Атамбаев эки жарым жылдан кийин өтө турган президенттик шайлоолордо экинчи мөөнөткө барбай тургандыгын айтып, кезектеги жолу коомчулукту ишендирди. Бирок ал президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин жарандар «кимдин ким экенин» билүүсү үчүн талапкерлер тууралуу маалыматтардын болушунча ачык болуусу үчүн аракет кылуу керектигин билдирди.
«Акыркы президенттик шайлоолордо алгач 87 талапкердин болгондугун эске алганда, алдыдагы шайлоолор да чоң болот деп ойлойм. Албетте, парламенттик системада кээ бирде мына биз азыр талкуулап жаткандай нюанстар көп болот. Бирок жалпысынан биз туура багытты тандап алдык деп эсептейм — биз ушул жол менен [парламенттик жол менен] кетишибиз керек», — деп билдирди Атамбаев.
Эки ай мурун казакстандык телеканалдарга берген маегинде өлкө башчысы учурда мамлекеттик органдар Кыргызстандын 2017-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын үстүнөн иштеп жаткандыктарын билдирген. Президенттин айтымында, анда «ылайыксыз президенттин келбеши үчүн жиндиден коргонуу механизми» салынган. Бирок анда да «жиндиден коргонуу» сөзүнүн артында эмне бар экендиги түшүнүксүз бойдон калган.
2. «Доңуздар» жана «коркунучтуу медиа-чындык»
Атамбаевдин сөзүнүн бир бөлүгү Кыргызстандын маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн сынга алууга арналды — ал журналисттерди «өлкөгө болгон жек көрүүчүлүккө» айыптап, образдуу түрдө аларды «дайыма баткак жер таап ала турган» «доңуздар» деп атады».
Президент маалыматтык коопсуздук боюнча эксперттердин корутундусунан үзүндү келтирди. Ал анализдин бөлүмдөрүнүн бирине ылайык, Кыргызстанда «өлкөнүн позитивдүү медиа-образы жок», а «өлкөнүн медиа-чындыгы — коркунучтуу».
«Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде көз карандысыздыкты сактоого жана алдыга өсүү үчүн зарыл болгон өлкөнүн позитивдүү медиа-образы жок. Медиа-чындык — коркунучтуу. Кыргыз ЖМКлары тарабынан көз алдыга тартылып жаткан Кыргызстандын медиа-образы өлкөнүн терс мүнөздөгү образы менен калктын позитивдүү, же болбосо кеминде өз өлкөсүнө, өз мамлекетине, өз мекендештерине карата реалдуу мамилеге болгон ойлонулбаган муктаждыктын ортосундагы жалпы тартипти бузууда», — деди ал.
Ал маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн «Кыргызстанды бир аз сүйүүгө» чакырды.
«Биздин Кыргызстанда акыр заманга аз калгандай эле. […] Өз өлкөсүнө карата ушундай да жек көрүү болобу? Мага муну эксперттер жазып жатышат. Алар Кыргызстандагыдай журналисттер тарабынан жек көрүүчүлүктүн дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө жок экенин жазып жатышат. Бир аз болсо да өз өлкөсүн сүйүү керек го», — деп билдирди Атамбаев.
Бул президенттин журналисттерди биринчи жолу кескин сынга алышы эмес — буга чейин ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн «өлкөнүн терс коррупциялык» калыптанышына айыптаган.
3. Түштүктү газ менен камсыз кылуу
Атамбаев Кыргызстандын түштүгү 2015-жылдын аягына чейин Баткен облусундагы газ менен камсыз боло тургандыгын убадалады. Учурда өлкөнүн түштүгү Өзбекстан көгүлтүр отун берүүсүн токтоткон быйылкы жылдын апрелинен бери газ каатчылыгын башынан өткөрүүдө.
«Алгач, түштүккө Таластан газ түтүгүн тартуу пландалган. Бирок жыйынтыгында бул жыл бизге жардам берип, Баткенде өлкөнүн түштүгүн 5-10 жылга газ менен камсыз кыла ала турган газ кени табылды. Биз Баткендеги ал кенден Ош менен Жалал-Абадга чейин газ түтүгүн куруу боюнча «Газпром» менен макулдаштык», — деди ал.
Атамбаевдин айтымында, газ түтүгүн куруу оюнча чечим Орусиянын президенти Владимир Путин жана үстүбүздөгү жылдын апрелинде «Кыргызгаз» ишканасын сатып алган орусиялык «Газпром» мамлекеттик корпорациясынын башкы директору менен биргеликте кабыл алынган.
«Кыргызстандын түштүгүндө газ түтүгүнүн жеке системасы түзүлөт, биз бул ишти кийинки жылдын күзүнө чейин аягына чыгарабыз деген ойдобуз. [«Газпромдун» башчысы] Алексей Миллердин катышуусунда Владимир Владимирович менен болгон акыркы жолугушуунун жүрүшүндө ушундай маселе коюлган — Өзбекстан бизге газ берген күндө да биз өзүбүздүн газ түтүгүбүздү куруп, өз газыбызга ээ болушубуз керек, анткени азыр бизге бергени менен кийин баары бир өчүрүп салышат. Эки жакка чуркап газ сурагандан көрө өз газыбызга ээ болгонубуз жакшы», — деп билдирди президент.
Атамбаев Энергетика министри Кызыл-Кыяда көмүрдөн газ чыгара турган завод курууну убадалаган люксембургдук компания менен келишимге кол койгондугун айтты.
«Ал завод газды ашыгы менен жеткирип турат. Келечекте Кыргызстан ал газды экспорттошу мүмкүн — мисалы, Тажикстанга», — деди ал.
Учурда Кыргызстандын бийлиги убактылуу чара катары түштүктүн жашоочуларына суюлтулган газ куюлган баллондорду сатып жатат.
4. Мугалимдердин айлыгын жогорулатуу
Атамбаев мурунку билим берүү министри Канат Садыковдун мектеп мугалимдерине байланышкан иштерин сынга алды. Анын айтымында, Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге киргенден кийин Кыргызстандын бюджеттик кирешелери көбөйөт. Ал билдиргендей, бул мугалимдердин айылык маяналарынын бир жарым эсеге жогорулатылышынын себеби болуп калат.
«Бюджеттин кирешелеринин көбөйүшү менен 1-2 айдын ичинде мугалимдердин айлык маяналары бир жарым эсеге жогорулашы керек. Айлыктарды бүгүнкү деңгээлде калтырууга болбойт. Бул маселени мен өз көзөмөлүмө алам», — деди президент.
Өлкө башчысы жаңы билим берүү министри Эльвира Сариева кийинки жылы айлык маяналарды көтөрүүгө Каржы министрлигинен акча сурагандыгын кошумчалады. Азыр мугалимдер орточо эсеп менен 8,5 миң сомдон алышат, деп айткан экс-министр Канат Садыков 2014-жылдын июль айынын аягында.
Атамбаев 2015-жылы видео-лекциялар жана методикалык колдонмолорду түзүүнүн эсебинен кыргыз тилин өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен 243 млн. сом каралгандыгын билдирди.
5. Чек ара жаңжалдары
Кыргызстандын президенти Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек араларды бекемдөө үчүн бийлик 55 млн. доллар жумшаганы жаткандыгын билдирди. Айтымында, кыргыз өкмөтү ал каражатты Орусия бере турган 200 млн. доллар өлчөмүндөгү гранттан бөлөт.
«Биз чек араларды бекемдөө үчүн үнөмдөөнүн кереги жок деп эсептейбиз», — деди өлкө башчысы.
Атамбаев 2014-жылдын сентябрында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, эки мамлекет ортосундагы чек ара жаңжалдарын талкуулагандыгын айтты.
Кыргызстан менен Тажикстан Баткен облусундагы Ворух тажик анклавын айланып өтчү жолдун курулушу боюнча эки жылдан бери талашып келишет. Бул маселе боюнча эки өлкөнүн чек арасында 2013чү жана 2014-жылы чек арачылар менен жакын жайгашкан айыл тургундарынын ортосунда дайыма кагылышуулар болуп турган.
«Биздин жолугушуубуздун жүрүшүндө ачык сүйлөшүүлөр болуп, маселелер чечилди. Мисалы, төрт жылдан бери талашып-тартышып келген көпүрөлөрдүн курулушу — көпүрөлөрдүн курулушу башталды», — деди Атамбаев.
Президент мында Кыргызстан менен Тажикстан 2014-жылдын августунун аягында макулдашышкан Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык — Кишемиш автожолунун курулушунун башталгандыгы тууралуу айткысы келген.
Ал чек ара көйгөйлөрү Тажикстандын президентинин кызыкчылыгында эмес экендигине ишенет.
«Чек арадагы ал кагылышууларга кызыкдар болгон белгилүү бир күчтөр бар. Мисалы, Тажикстандын президенти бүгүнкү күндө кызыкдар эмес, бирок анын кызыкдар болгон «достору» бар», — деп эсептейт Атамбаев.
Ал Өзбекстан менен болгон чек ара талаштары чечилиши мүмкүндүгүн, бирок ал үчүн «Кыргызстан менен тең ата сүйлөшүү керектигин» билдирди.
«Ооба, биздин калкыбыздын саны 30 миллион эмес, болгону 6 гана миллион, бирок биз — өз алдынча көз карандысыз өлкөбүз жана өз кызыкчылыктарыбызды коргойбуз», — деп билдирди өлкө башчысы.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1374 чакырымды түзөт, алардын 371 чакырымы учурда талаштуу. Тажикстан менен чек аранын жалпы узундугу — 970 чакырым, 2014-жылдын январына карата анын 451 чакырымы талаштуу болчу.
6. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикте
Президент «акыркы учурга чейин» Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирээр-кирбеси белгисиз болгондугун билдирди. Атамбаев биримдикке кошулуу боюнча келишимге 23-декабрда кол койду, бирок Кыргызстан 2015-жылдын майына карата экономикалык альянстын толук кандуу мүчөсү болот.
«Чынын айтып коеюн, биз акыркы учурга чейин ал жакка киребизби-жокпу билген эмеспиз. Биздин биримдикке киришибизге бир өлкө чечкиндүү түрдө каршы болуп жаткан», — деп билдирди Атамбаев.
Ал Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге киришине кайсыл мамлекеттин каршы болгондугун айткан жок, бирок ал өлкөнүн позициясы кыргыз тарапка берилип жаткан өзгөчө жеңилдиктерге байланыштуу болгондугун кошумчалады.
«Кирүүдө Кыргызстанга көбүрөөк жеңилдиктер берилип жатканы тууралуу негиздүү маселе коюлган. Мен мисал келтире алам — бажы кирешелерин бөлүштүрүү маселеси боюнча өтө көп суроолор болгон», — деди президент.
24-декабрда экономика министри Темир Сариев Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикте алына турган бардык бажы кирешелеринин 1,9 пайызын ала тургандыгын билдирген. Атамбаевдин айтымында, ал сумма болжол менен 450 млн. АКШ долларын (25,9 млрд. сом) түзөт.
Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2014-жылы товарларды алып кирүү жана алып чыгууда алынчу бажы төлөмдөрүнүн кирешеси 11 айдын ичинде 37,5 млрд. сомду түзгөн.
Андан сырткары президент Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы чыгып жаткандарды сынга алып, алар «төлөнгөн акчаларын актоо үчүн аракет кылып жатышат» деп билдирди.
7. Электр энергиясына болгон тарифтер төмөндөбөйт
Президент Нарында электр энергиясына болгон тарифтер төмөндөбөй тургандыгын билдирди.
24-декабрда Нарындын 200гө чукул жашоочусу электр жарыгына болгон тарифтердин жогорулашына каршы нааразычылык акциясына чыгышкан.
Президенттин айтымында, акция «40 ОБОНчу» тарабынан уюштурулган.
Өлкө башчысы Нарынды «дотациялык» аймак деп атап, бааларды бир гана облуста төмөндөтүүнүн «адилетсиз» экенин билдирди.
«Бардыгы үчүн тарифтерди жогорулатууга болуп, анан Нарын облусунда жогорулатууга болбойбу? Алар ансыз деле 23 жылдан бери дотация алып келишет, Нарын облусун Кыргызстандын эли багып жатат», — деди Атамбаев.
11-декабрдан тарта күчүнө кирген электр энергиясына болгон жаңы тарифтерге ылайык, кыргызстандыктар эгер бир айда 700 квт/саатына чейин электр энергиясын пайдаланышса киловатт-сааты үчүн 0,7 тыйындан, а ал нормадан ашык пайдалангандар 2,05 сомдон төлөшөт.
Жаңы тарифтер тууралуу токтом 2014-жылдын 1-июлунан бери иштеп келген тарифтердин ордуна кабыл алынган. Жайында кабыл алынган токтом Бишкек райондор аралык соту тарабынан жокко чыгарылып, сот өкмөт менен Энергетика министрлигин тарифтик саясатты кайрадан карап чыгууга милдеттендирген.
Бул тарифтер жогорулагандан бери Нарын облусунун жашоочуларынын биринчи нааразычылык акциясы эмес. 2014-жылдын сентябрында нарындыктар электр энергиясына, жылуулукка жана ысык сууга болгон тарифтердин жогорулашына каршы чыгышкан, бирок милиция кызматкерлери нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бир бөлүгүн кармап кеткен.
8. Эксперттер Атамбаевдин 2014-жылдагы сырткы саясаттагы ийгиликтери тууралуу
Саясий серепчи Марс Сариев Атамбаевдин учурунда Кыргызстандын сырткы саясий вектору «туура» тандалган, а көп вектордуулук учурда өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп бербейт деп эсептейт.Саясат тармагы боюнча эксперттер Атамбаевдин сырткы саясий курсу тууралуу түрдүү пикирде болуп чыгышты.
«Көп вектордуу саясат биздей кичинекей өлкө үчүн натыйжалуу болчу. Бирок азыркы шарттарда биз Орусия менен Кытайдын бирине карай багыт алышыбыз керек болчу. Анан мына азыр Орусиянын куйругу болгону жатабыз. Башка жол жок. Орусия жөн гана өз мунай продуктуларын өчүрүп, мигранттарды кайрадан бул жакка жөнөтүп баштамак, а бизде бардыгы кыйрамак. Бизде башка жол жок деп эсептейм. Биз көнүшүбүз керек», — дейт ал.
Сариев Атамбаевдин ишин «төрткө» баалады.
«Албетте, мамлекетти натыйжалуу башкарууга болот, бирок азыркыдай шарттарга, адам материалына, тарыхка ээ болуп туруп, бардык чыгымдарды эске алганда…», —деди саясий серепчи.
Сариев келээрки жазда Кыргызстанда саясий «кагылышуулар» күтүлбөйт, жалпысынан абал бийликтин көзөмөлүндө болот деп эсептейт.
Саясат тармагы боюнча эксперт Медет Төлөгөнов башкача пикирде. Анын айтымында, Атамбаев көп вектордуу сырткы саясат жүргүзүп, Орусия менен башка багыттарга зыянын тийгизбегидей жакындоосу керек болчу.
«Анын быйыл араб аймагына барып келгендиги, Кореяга иш сапарда болгондугу түшүнүктүү. Бирок кандай болгондо да сырткы саясий багытты активдүүрөөк өзгөртүп, көп түрдүрөөк кылса да болмок», — дейт Төлөгөнов.