Эл аралык иштер боюнча парламенттик комитет президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогуловдун Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчиси кызматына талапкерлигин жактырды.

Депутаттар Токтогуловдун талапкерлигин парламенттин эл аралык иштер боюнча жыйынында жабык эшик артында 29-декабрда карашты.

Президент Алмазбек Атамбаев жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынында Кыргызстан АКШнын бийлигинен Кадыр Токтогуловдун талапкерлигине агреман (жактыруу) алгандыгын билдирген.

Талкуудан кийин депутаттар Токтогуловду кыргыз дипломатиялык миссиясынын Кошмо Штаттарындагы башчысы кызматына бир добуштан колдоп бекитишти.

Токтогуловдун өзү твиттер-эккаунту аркылуу «жогорку ишеничи» үчүн Атамбаевге ыраазычылыгын билдирди.

«Жогорку ишеними үчүн президент А.Атамбаевге өзгөчө ыраазычылык! Аны менен иштөө чоң сыймык жана менин профессионалдуу ишмердүүлүгүмдүн эң жакшы бөлүгү!»

Кадыр Токтогулов АКШдагы элчи кызматына ыйгарым укуктары 2014-жылдын ноябрында аяктаган Мухтар Жумалиевдин ордуна барат.

Буга чейин ЖМКлар Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчиси болуп Башкы прокурор Аида Салянованын кетиши мүмкүндүгүн билдиришкен.

Токтогулов президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматынын башчысы болуп 2011-жылдан бери иштеп келген.

Ага чейин, бир жыл өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы болгон.

Мамлекеттик кызматка дайындалганга чейин Кадыр Токтогулов эл аралык Associated Press маалымат агенттигинин Бишкектеги жана Wall Street Journal агенттигинин Алматыдагы кабарчысы болуп иштеген.