«Газпром Кыргызстан» компаниясынын Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Тахир Алимов 30-декабрга караган түнү Өзбекстан Ошко газ берүүсүн калыбына келтиргендигин билдирди. Түштүк борборунда сегиз айдан бери газ жок болгон.

Тахир Алимов Kloop.kgге берген мегинде 30-декабрь күнү түшкө чейин 15 миң үйгө газ берүүнү калыбына келтирүү пландалып жатканын, а кечке жакын газга кошулган үйлөрдүн саны 30 миңге жете тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Ош шаарындагы өкүлчүлүгү облусту 1-январга чейин толугу менен газга кошот.

Ошто 2014-жылдын апрелинен бери, улуттук газ оператору болуп эсептелген «Кыргызгаз» компаниясынын ээси алмашкандыгынан улам Өзбекстан көгүлтүр отун жеткирүү боюнча келишимдин мөөнөтүн узартуудан баш тарткандан бери газ жок болгон.

«Кыргызгаз» орусиялык мамлекеттик «Газпром» корпорациясына 2014-жылдын янврында 1 долларга сатылган.

Алимов билдиргендей, учурда бөлүштүрүү компаниялары газ берүүнү калыбына келтирүү үчүн газ түтүктөрүн даярдоо менен алектенип жатышат.

Ал Өзбекстан газ берүүсүн 30-декабрь түнү саат 3тө калыбына келтиргендигин кошумчалады.

Өзбекстан газ жеткирүүнү калыбына келтирүүсүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ташкентке болгон иш сапарынан үч апта өткөн соң баштады.

Орусиялык ЖМКлар Путин өзбек лидери Ислам Каримов менен болгон 10-декабрдагы жолугушуусунда Кыргызстандын түштүгүнө газ берүү маселесин да талкуулагандыгын билдиришкен.

«РосБизнесКонсалтинг» маалымат агенттиги өз жеке булактарына шилтеме жасоо менен бул маселени чечүүгө «көбүрөөк убакыттын талап кылына тургандыгын» билдирген.

Баткен газы

Жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын аягына чейин Кыргызстандын түштүгү Баткен облусунун газы менен камсыз боло тургандыгын билдирген. Айтымында, анда жакында эле көгүлтүр отун кени табылган.

Ал билдиргендей, түштүк облустарды газ менен камсыз кылуу үчүн «Газпром» ал кенден Ош жана Жалал-Абад облустарына чейинр газ түтүктөрүн курат.

Анда өлкө башчысы газ түтүгү «Өзбекстан газ берүүсүн калыбына келтирген күндө да» курула тургандыгын белгилеген.

«Кыргызстандын түштүгүндө газ түтүгүнүн жеке системасы түзүлөт, биз бул ишти кийинки жылдын күзүнө чейин аягына чыгарабыз деген ойдобуз. [«Газпромдун» башчысы] Алексей Миллердин катышуусунда Владимир Владимирович менен болгон акыркы жолугушуунун жүрүшүндө ушундай маселе коюлган — Өзбекстан бизге газ берген күндө да биз өзүбүздүн газ түтүгүбүздү куруп, өз газыбызга ээ болушубуз керек, анткени азыр бизге бергени менен кийин баары бир өчүрүп салышат. Эки жакка чуркап газ сурагандан көрө өз газыбызга ээ болгонубуз жакшы», — деп билдирген анда Атамбаев.

Ошондой эле президент Кыргызстандын Энергетика министрлиги Кызыл-Кыяда көмүрдөн газ чыгаруу боюнча завод курууну убадалаган люксембургдук компания менен келишимге кол койгондугун билдирген.

«Ал завод газды ашыгы менен жеткирип турат. Келечекте Кыргызстан ал газды экспорттошу мүмкүн — мисалы, Тажикстанга», — деген ал.

Атамбаевдин айтымында, көмүрдөн өндүрүлгөн газдын баасы 200 АКШ долларынын айланасында болот.

Газ каатчылыгы

Ошто 2014-жылдын апрелинен бери газ жок болгон.

Өзбекстан Кыргызстандын түштүк облустарына газ берүүсүн өкмөт өлкөдө газ жеткирүү жана бөлүштүрүүгө жоопту болгон мамлекеттик «КыргызГаз» ишканасын орусиялык «Газпром» мунай-газ корпорациясына саткандан кийин токтоткон.

Ташкент Кыргызстандын түштүгүнө газ берүү боюнча келишим мөөнөтүн узартуудан баш тарткан.

Түштүктөгү газ каатчылыгы бир нече жолу өлкөнүн ал бөлүгүнүн жашоочулары менен жарандык активисттердин нааразычылыктарын жараткан.