«Кыргыз чоролору» кыймылынын лидери Замирбек Көчөрбаев Kloop.kgге берген маегинде биримдиктин катышуучулары «мыйзамдын чегинде» аракет кылып жаткандыктарын жана ал үчүн күч түзүмдөрү жана Жаштар министрлиги менен меморандумга кол коюшкандыгын билдирди.

Көчөрбаев Kloop.kgге берген маегинде «мыйзам чегинде» иштөө үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура жана Эмгек, жаштар жана ишке орноштуруу министрлиги менен меморандумга кол коюшкандыгын билдирди.

«Кыргыз чоролору» уюмунун активисттери 2014-жылдын 28-декабрында Бишкектин түштүгүндөгү караоке-барды өз алдынча текшерүүгө алышкан. Алардын айтымдарында, анда «сойкукана» уюштурулган.

Видеодо көрүнүп тургандай, рейддин жүрүшүндө кыймылдын мүчөлөрү ошол маалда клубдун ичинде жүргөн Кытайдан келген мигранттар менен «Кыргыз чоролору» тараптан «сойкулукка» шектелип жаткан кыздарга карата зомбулук көрсөтүшкөн.

Кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаев Kloop.kgге берген маегинде алар ИИМ менен түзгөн меморандумга ылайык аракет кыла тургандыктарын билдирди — документке ылайык, мекеме «Кыргыз чоролору» менен «Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү» 12-берене боюнча кызматташат.

12-берене. Коомдук уюмдар

Коомдук уюмдар:

– өз жоболоруна (уставдарына) ылайык, өз алдынча профилактикалык ишмердүүлүк жүргүзө алышат;

– укук бузуулардын алдын алуу маселелеринде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана жарандар менен өз ара мамиле кура алышат;

– укук бузуулардын алдын алууну жакшыртуу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдерди иштеп чыгуусуна катыша алышат.

Документте ИИМ тараптан меморандумга Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баевдин кол койгондугу көрсөтүлгөн.

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде мекеме «Кыргыз чоролорунун» акциясына терс көз карашта экендигин айтты.

«Биз буга жакшы көз караштабыз деп айтууга болбойт. Алар мындай иш-чараларды өз алдынча өткөрө алышпайт. Жаңы пайда болгон мындай уюмдардын мүчөлөрү өлкөнүн бардык аймактарында кездешет», — деди Осмонбаев.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Жыпар Исакбаеванын айтымында, ИИМ менен биримдиктин ортосунда түзүлгөн меморандумда «Кыргыз чоролору» өз алдынча рейд жүргүзүү укуктарына ээ деп жазылган эмес.

«Меморандумдун бир дагы пунктунда алар имараттын ичине тоскоолдуксуз киришип, сурак уюштуруп, камерага тарта алышат деп жазылган эмес. […] Мен аларга — силер биздин ыйгарым укуктарыбызды алып алдыңар деп айтар элем», — деди Исакбаева.

Анын айтымында, активисттер укук бузуулар тууралуу милицияга кабарлап же милиция менен биргеликте рейддик иш-чараларга катышып, ошондой эле кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоодо көмөктөшө алышат.

Андан сырткары Көчөрбаев мындай меморандумдар Башкы прокуратура, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана Эмгек, жаштар жана ишке орноштуруу министрликтеринин ортосунда иштей тургандыгын билдирди.

«Кыргыз чоролору» менен келишилген меморандумга кол койгон мурунку жаштар министри Алиясбек Алымкулов Kloop.kgге берген маегинде «андай кыймылды билбестигин жана алар тууралуу биринчи жолу угуп жаткандыгын» билдирди.

Бирок укук коргоо органдары менен кызматташууларына карабастан «Кыргыз чоролорунун» беш активистине карата бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

ШИИБнин расмий билдирүүсүнө ылайык, «Кыргыз чоролору» клубдагы даараткананын эшигин сындырышып, бөлмөлөрдүн биринин кулпусун бузуп, видеокөзөмөл камераларында тартылган видео-жазуулар сакталган серверди алып кетишкен.

Тема боюнча: Видео: «Баалуулуктар үчүн күрөшкөндөр» караоке-барды кантип өз алдынча тинтүүгө алышкан