2015-жылдын январынан тарта КМШ өлкөлөрүнүн жарандары Орусияга чет өлкөгө чыгууда берилчү паспорттор менен гана кирип-чыга алышат — жаңы эреженин Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирген мамлекеттерге тиешеси болбойт. Декабрдын аягында белгилүү болгондой, бул жаңы эреже Кыргызстанга да тиешелүү болбойт.

«Газета.ru» жаңылыктар сайты Орусиянын Тышкы иштер министрлигине шилтеме жасоо менен чет өлкөгө чыгууда берилчү паспорттор менен кирип-чыгуу эрежеси «Орусиянын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүлөрдү тартипке салуу жана миграциялык процесстерди көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун арттыруу максатында» киргизилгендигин жазды.

Аны менен катар 2000-жылдын 30-ноябрында визасыз режим тууралуу макулдашууга кол коюлган мамлекеттердин жарандары үчүн да Орусияга кирүүдө мурункудай эле виза талап кылынбайт.

Жаңы киргизилген эрежелердин Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктердин курамына кирген өлкөлөргө, тактап айтканда, Казакстан, Белоруссия, Армения жана Кыргызстанга тиешеси болбойт.

2014-жылдын сентябрында Кыргызстандын ТИМи өлкөнүн жарандарына Орусияга кирүү жана чыгуу үчүн чет өлкөгө чыгууда берилчү паспорт талап кылына тургандыгын билдирген.

Бирок 25-декабрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандыктар мурункудай эле ички ID-карталар менен кирип-чыга ала тургандыктарын билдирген. Бул президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши боюнча келишимге кол койгондон кийин мүмкүн болгон.

Сынак тапшыруу

Орусиянын миграциялык мыйзамдарындагы 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген башка маанилүү өзгөртүүлөрүнүн арасында — чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары үчүн орус тили, Орусиянын тарыхы жана мыйзамдарынын негизи боюнча милдеттүү түрдө комплекстүү сынак тапшыруу эрежеси бар.

Орусиянын тарыхы боюнча сынактын мисалын көрүү

«Орус тилин, Орусиянын тарыхы менен мыйзам негиздерин билүү жогорку квалификациялуу адистерден башка убакытылуу жашоого, жашап турууга, иштөөгө уруксат алып жаткан чет элдиктер үчүн милдеттүү болот», — деп жазган «РИА Новости» Орусиянын Федералдык миграция кызматынын билдирүүсүн.

Орусиянын бийлиги комплекстүү сынактарды өткөрө ала турган беш жогорку окуу жайын аккредитациядан өткөрдү — Москва мамлекеттик университети, Санкт-Петербург мамлекеттик университети, Орусиянын элдер достугу мамлекеттик университети, Александр Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тили институту жана Хабаровсктун Тынч океан мамлекеттик университети.

Жаңы эрежелерге ылайык, эгер акрредитациядан өткөн орусиялык жогорку окуу жайлар мигранттар келе турган мамлекеттеги окуу жайлар менен келишим түзүшсө, анда чет элдик эмгек мигранттары сынактарды өз өлкөлөрүндө да тапшыра алышат.

Сынактын баасын ар бир жогорку окуу жайы өз алдынча белгилейт.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү 2012-жылы демилгеленген. Кыргызстандын бийлиги ошондо эле өлкөдө комплекстүү сынактарга даярдоо боюнча миграцияга чейинки даярдыктан өткөрүү борборлору пайда боло тургандыгын билдиришкен болчу.

2014-жылдын сентябрында Ошто мигранттарды орус тили жана Орусиянын тарыхы боюнча сынактарга даярдоо боюнча алгачкы борбор ачылган.