2014-жыл Кыргызстан экономикасында өсүштүн басаңдоо жылы болду. Ошондой эле улуттук валюта сомдун курсун кармоо үчүн жыл аягына чейин тынымсыз күрөш жүрдү.

Макаланын түп нускасы Азаттык радиосунун сайтына чыккан. Автору Айданбек Акмат уулу

Улуттук банк жыл бою сомдун курсун кармап калуу үчүн олуттуу өлчөмдө интервенцияларды жасады. Декабрь айынын ичинде эле өлкөнүн башкы банкы 100 млн. доллардын тегерегинде интервенция жасаган. Мындай аракеттер тынымсыз уланууда. Маселен, 29-декабрда 6 млн. 640 миң доллар сатылды.

Улуттук банктын мындай аракетине карабай быйылкы жыл ичинде АКШ долларына карата сомдун наркы он сомго төмөндөдү. Тагыраак айтканда, өткөн жылы ушул мезгилде бир доллар 49 сомдун тегерегинде болсо, быйылкы жылы 59 сомдун тегерегинде болуп турат. Азыркы бул курс канчага чейин сакталарын айтуу кыйын. Анткени Улуттук банктын тынымсыз интервенция жасай бериши да жеңил эмес. Себеби ал валюталык резервдин кескин кыскаруусу менен опурталдуу. Муну өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев да эскертүүдө.

Тема боюнча: Атамбаев 2015-жылды «Улуттук экономиканы чыңдоо» жылы деп жарыялады

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиштин октябрь айынын соңундагы билдирүүсү боюнча, Улуттук банктын резерви 2 млрд. 100 млн. долларды түзөт. Жыл башынан октябрга чейин башкы банк 300 млн. доллардан ашуун интервенция жасаганы кабарланган. Акыркы декабрь айында эле 100 млн. доллардан ашуун интервенцияланды. Демек Улуттук банктын резерви кыскаруу жолунда баратат.

Сомдун курсуна Орусияда рублдин девальвациясы, мигранттардын акча которуусунун кыскаруусу, негизи эле АКШ валютасынын дүйнөдө бекемделиши сыяктуу сырткы факторлор терс таасирин тийгизүүдө. Андан сырткары ички факторлор да сомдун курсунун бекемделишине жагдай түзгөн жери жок. Ал улуттук экономикадагы абалга, экспорттон импорттун басымдуулугуна байланыштуу.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2014-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция 3.5% өскөн. 2013-жылы ушул мезгилге салыштырмалуу өсүш 11% жакын болгон эле. Экономиканын тармактарынын ичинен курулуш, электр энергиясы менен камсыздоо, тейлөө тармактары өсүш берсе, айыл чарбасы -1% төмөндөгөн. 11 айда инфляциянын көрсөткүчү 8.9% түзгөн. Орточо айлык болсо 12 миң сом же 200 доллардын айланасында болгон.

Экономист-эксперт Мейманбек Абдылдаев бул көрсөткүчтөрдү эл аралык кризистин фонунда оптималдуу көрүнүш катары баалады:

- 3.5-4% өсүш болуп жатат. 7-8% өсөт деп убада берип, божомолдочу. Бирок анысы эч качан аткарылчу эмес. Демек, азыркысы жакшы. Мына бул эл аралык экономикалык-саясий кризистин шартында мындан да ылдыйлап кетмек.

Мейманбек Абдылдаев кыргыз экономикасындагы негизги жетишпестиктердин бири катары инвестициянын токтоп калганын атады. Анын токтошуна ири долбоорлор боюнча соттошуулардын жүрүп жатышы, коррупция, мыйзамдардагы туруксуздук таасир этип жатат дейт. Мейманбек Абдылдаев сомдун курсун жалаң эле интервенция менен сактап калуу мүмкүн эместигин кошумчалады.

Кыргызстандын тышкы соодасында болсо тескери сальдо күчтүү бойдон кала берүүдө. Маселен, январь айынан тарта ноябрга чейин Кыргызстандын экспорту 1 млрд. 264 млн. долларга жетсе, импорт 4.5 млрд. доллардан ашып кеткен. Байкалып тургандай, тескери сальдо төрт эсеге жакындап барган.

Эксперттер мындай көрүнүштү улуттук валюта сомдун курсунун кубатынын кетүүсүнө таасир эткен негизги факторлордун бири экенин белгилешүүдө.

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын ассоциациясынын башчысы Анварбек Абдраев тышкы соодадагы тескери сальдо сомго абдан басым көрсөтүп жатканын белгилеп, бул абалдан чыгуу үчүн экспортко багытталган өндүрүштү колдоону сунуштады:

- Басым чоң. Өтө күчтүү тескери баланс болуп жатат. Төлөм балансы тескери. Мына учурда Кыргыз-орус фонду түзүлүп жатат. Ошол аркылуу экспортко багытталган ишканаларды биринчи кезекте колдош керек. Анан өкмөт быйыл агросекторго банктар аркылуу 5 млрд. 300 млн. сом насыя берди. Ошол жерден да экспортко багытталган ири чарбаларды колдоону келерки жылы караштырыш керек. Кайра иштетүү, стратегиялык товарларды сатуу боюнча иштер жасалышы зарыл. Орусия жана Казакстан базарына төө буурчак болобу, жер-жемиштер болобу сатууга чыгарыш керек.

Анварбек Абдраевдин айтымында, Улуттук банк учурда сомдун курсун жасалма жол менен кармап турат. Андан сырткары валюталык чайкоочулукка жол бербеш үчүн акча алмаштыруу жайларын ооздуктоого аракеттенүүдө. Бул жерде эл ичинде улуттук валютага калктын ишенимин кетирбөө, дүрбөлөңгө алдырбоо маанилүү экенин Абдраев кошумчалады.

Ошентип быйылкы жылды кыргыз экономикасы кризистик көрүнүштөр менен аяктоодо. Келерки жылы болсо өлкө Бажы биримдигинин шартында иштейт. Ал дагы өзүнүн бир топ тобокелчиликтерин алып келет.

Бийлик башчылары мындай шартта 500 млн. доллар каражат бөлүнө турган Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна өзгөчө үмүт артып турат. Белгилүү болгондой ал фондго анча акчаны орус бийлиги убада кылган.