Бир куб метр газга болгон баа 13,54 сомдон 13,78 сомго чейин жогорулайт, деп билдирди «Газпром Кыргызстандын» басма сөз кызматы. Өнөр жай объектилери менен бизнес ишканалары үчүн көгүлтүр отундун баасы 15,6 сомдон 15, 8 сомго чейин кымбаттады.
«Газпром Кыргызстан» компаниясынын басма сөз кызматы баалардын жогорулашын АКШ долларынын кунунун көтөрүлгөндүгү менен түшүндүрдү.
Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, америкалык валютанын курсу бир долларына 57,6 сомдон 58,8 сомго чейин көтөрүлгөн.
Ошентип, жөнөкөй абоненттер үчүн газдын баасы 2014-жылдын октябрынан бери дээрлик бир сомго — 12,93 сомдон 13,78 сомго чейин кымбаттады.
Түштүккө газ берүү
2014-жылдын декабрынын аягында Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүсүн кайрадан баштаган. Өлкөнүн түштүгүндөгү эң ири шаар болуп эсептелген Ош шаарында дээрлик 8 ай бою газ жок болду.
Көгүлтүр отун жеткирүүнүн калыбына келтирилиши «Газпром Кыргызстан» 100 миллион куб метрге жакын газ жеткирүү боюнча «Gazprom Schweiz AG» менен келишим түзгөндөн кийин башталган.
«Газпром Кыргызстан» менен «Gazprom Schweiz AG» Орусиянын мамлекеттик «Газпром» компаниясынын алдындагы туунду компаниялар болуп эсептелинишет.
Газ жеткирүү боюнча макулдашууга орусиялык президент Владимир Путин иш сапары менен Өзбекстанга барып, өзбек кесиптеши Ислам Каримов менен жолуккандан кийин кол коюлган.
Орус өлкө башчысынын сапарынын жүрүшүндө Орусия Өзбекстандын 800 млн. АКШ долларынан ашык карызын кече тургандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле орус ЖМКлары эки өлкөнүн президенттери Кыргызстандын түштүгүнө газ берүү маселесин да талкуулагандыктарын кабарлашкан.
Баткен газы
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынында өлкөнүн түштүгү 2015-жылдын аягына чейин Баткен облусунан өндүрүлө турган газ менен камсыз боло тургандыгын билдирген.
Анын айтымында, өлкө бийлиги Баткендеги көгүлтүр отун кенинен Ош жана Жалал-Абад облустарына чейин газ түтүгүн курат. Өлкө башчысы Баткен газы Кыргызстандын түштүгүнө 5-10 жылга «жете тургандыгын» кошумчалаган.
Андан сырткары президент 2016-жылга карата Кызыл-Кыяда (Баткен облусу) көмүрдөн газ өндүрүү боюнча завод курула тургандыгын айткан. Заводдун курулушу боюнча келишимге люксембургдук компания менен кол коюлган.
Атамбаев өлкөнүн түштүгүн газ менен камсыз кылуу иштери Өзбекстан көгүлтүр отун берүүсүн калыбына келтирген күндө да жүргүзүлө тургандыгын кошумчалаган.
Газ каатчылыгы
Ошто 2014-жылдын апрелинен бери газ жок болгон.
Өзбекстан Кыргызстандын түштүк облустарына газ берүүсүн өкмөт өлкөдө газ жеткирүү жана бөлүштүрүүгө жоопту болгон мамлекеттик «КыргызГаз» ишканасын орусиялык «Газпром» мунай-газ корпорациясына саткандан кийин токтоткон.
Ташкент Кыргызстандын түштүгүнө газ берүү боюнча келишим мөөнөтүн узартуудан баш тарткан.
Түштүктөгү газ каатчылыгы бир нече жолу өлкөнүн ал бөлүгүнүн жашоочулары менен жарандык активисттердин нааразычылыктарын жараткан.
Автор: Малика Баяз