Андан сырткары президент Алмазбек Атамбаев Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүү үчүн керектүү болгон 38 мыйзамдын дагы төртөөнө кол койду. Бул өлкөнүн интеграциялык биримдикке кириши үчүн Жол картаны аткаруунун алкагында президент тарабынан кол коюлган мыйзамдардын экинчи пакети.

2015-жылдын 8-январында президент «Бажы тарифи», «Ветеринария», «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндөгү» мыйзамдарга жана Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Атамбаев бул үч мыйзамга 2015-жылдын 8-январында кол койду. Кыргызстан Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши үчүн керектүү болгон дагы 10дон ашык мыйзамды кабыл алып, 70тен ашык нормативдик-укуктук актыларды жактыруусу керек.

«Бажы тарифи жөнүндөгү» мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, бажы тарифтери Бажы биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифи менен аныкталат, а Кыргызстан андай укуктан ажырайт.

Президенттин басма сөз кызматы «Бажы тарифи жөнүндөгү» жаңы мыйзам Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болгондон кийин иштеп баштай тургандыгын кабарлады. Кыргыз бийлиги республика биримдикке 2015-жылдын май айына карата кирет деп билдирүүдө.

Тема боюнча: Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин мыйзамдар кандай болуп өзгөрөт: Административдик айып пулдар жогорулайт.

Андан сырткары, өзүнчө бир мыйзам менен «Бажы тарифи жөнүндөгү» мыйзамга дагы бир өзгөртүү кабыл алынды. Ага ылайык, Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктердин тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасын колдонуу каралган.

Кыргызстандын Салык кодексинин бажы органдарына тиешеси бар беренелерине өзгөртүүлөр киргизилип, андан сырткары «Бажы биримдиги» аныктамасы пайда болду.

«Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, чек арадагы өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл менен санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар уюштурулат.

«Азаттык» радиосу билдиргендей, «Ветеринария жөнүндөгү» жаңы мыйзам «ветеринардык кызматтын ролун жогорулатат», ошондой эле кыргыз мал чарба азыктарынын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө сатылышына шарт түзөт.

Тема боюнча: Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин мыйзамдар кандай болуп өзгөрөт: Техникалык кароо кайтып келип, бажы төлөмдөрү өзгөрөт.

2014-жылдын декабрынын башында кыргыз парламенти Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүү үчүн алгачкы 23 мыйзамды үч окууда тең кабыл алган — айдын аягында Атамбаев ал пакеттеги алгачкы үч мыйзамга («Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндөгү», «Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндөгү» жана «Терроризмди каржылоого каршы туруу жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди ачыкка чыгаруу жөнүндөгү» мыйзамдарына) кол койгон.
Интеграциялык биримдикке кошулуу үчүн Кыргызстан аткарууга тийиш болгон Жол картасына ылайык, жалпысынан өлкө 38 мыйзам жана 74 нормативдик-укуктук актыларды кабыл алышы керек.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши боюнча келишимге 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон.

Анда ал өлкө 2015-жылдын майына карата Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктердин толук кандуу мүчөсү боло тургандыгын билдирген.