Экономика министрлиги мекеме башчысы Темир Сариевдин «Кыргыз чоролору» кыймылына кеңсе бөлүп бергендиги тууралуу маалыматты четке какты. Кыймылдын ишмердүүлүгү үчүн кеңсе берилгендигин «Кыргыз чоролорунун» лидери Замирбек Көчөрбаев билдирген болчу.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы мекеме башчысы Темир Сариев «Кыргыз чоролору» кыймылына ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн кеңсе бөлүп бергендиги тууралуу билдирген кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаевдин айткандарын четке какты.

Көчөрбаев Kloop.kgге берген маегинде кыймылдын ишмердүүлүк жүргүзүүсү үчүн кеңсени экономика министри Темир Сариев бөлүп бергендигин билдирген. Көчөрбаевдин айтымында, кеңсенин бөлүнүп берилиши Мамлекеттик мүлк фонду жана Каржы министрлиги менен макулдашылган.

«Биз кимдир-бирөөнө имарат бөлүп берүү укугуна ээ эмеспиз. Ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен президент жана өкмөттүн иш башкармалыктарынын өзгөчө укуктары. Биз ал уюмдун кеңсесинин борбордук Ала-Тоо аянтында жайгашкандыгын билебиз. Бирок ал имаратка биздин эч кандай тиешебиз жок жана «Кыргыз чоролорунун» өкүлдөрүнүн эмнеге мындай билдирүүлөрдү айтып атканын түшүнбөй жатабыз», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги Экономика министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүн.

Рейд

2014-жылдын 28-декабрында «Кыргыз чоролор» коомдук бирикмесинин активисттери Бишкектин түндүгүндөгү караоке-барлардын бирин өз алдынча текшерүүгө алышкан. Алардын айтымдарында, ал жакта көмүскө «сойкукана» уюштурулган.

Kloop.kgнин редакциясынын колуна тийген видеодо көрүнүп тургандай, рейддин жүрүшүндө кыймылдын мүчөлөрү ошол маалда клубдун ичинде жүргөн Кытайдан келген мигранттар менен «Кыргыз чоролору» тараптан «сойкулукка» шектелип жаткан кыргыз кыздарга карата зомбулук көрсөтүшкөн.

Видео интернет мейкиндигинде көп түрдүү пикирлерди жаратты. Сынчылар «Кыргыз чоролору» укук коргоо органдарынын укуктарын өзүлөрүнө албашы керек деп жатышса, кыймылдын тарапташтары алардын «кыргыздардын баалуулуктары үчүн» күрөшүн колдошууда.

ИИМ менен кызматташуусу

Кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаевдин айтымында, активисттер «Кыргыз чоролорунун» мүчөлөрү менен Ички иштер министрлигинин ортосунда кол коюлган макулдашуу боюнча аракет көрүшкөн.

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде мекеме «Кыргыз чоролорунун» акциясына терс көз карашта экендигин айтты.

«Биз мындай көрүнүштөргө жакшы көз караштабыз деп айтууга болбойт. Алар мындай иш-чараларды өз алдынча өткөрө алышпайт. Жаңы пайда болгон мындай уюмдардын мүчөлөрү өлкөнүн бардык аймактарында кездешет», — деди Осмонбаев.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Жыпар Исакбаева дагы кыймылдын өз алдынча рейд жүргүзүүгө укуктары жоктугун айтууда — анын билдиришинче, «Кыргыз чоролору» менен укук коргоо органдарынын ортосунда кол коюлган меморандумда андай пункт жок.

«Меморандумдун бир дагы пунктунда алар имараттын ичине тоскоолдуксуз киришип, сурак уюштуруп, камерага тарта алышат деп жазылган эмес. […] Мен аларга — силер биздин ыйгарым укуктарыбызды алып алдыңар деп айтар элем», — деди Исакбаева.

Кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаев өз алдынча рейд жүргүзүүнүн «одоно ката» болгондугун мойнуна алууда.

Өз алдынча жүргүзүлгөн рейд тууралуу видео пайдан болгондон кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан «Кыргыз чоролорунун» баш активисттине карата бейбашчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

ШИИБнин расмий билдирүүсүнө ылайык, «Кыргыз чоролору» клубдагы даараткананын эшигин сындырышып, бөлмөлөрдүн биринин кулпусун бузуп, видеокөзөмөл камераларында тартылган видео-жазуулар сакталган серверди алып кетишкен.