Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Нурбек Элебаев мекеме 2015-жылдын февралында электр энергиясына болгон бааны айына 700 кВт/сааттан ашык пайдаланган абоненттер үчүн 1,82 сомго чейин төмөндөтүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирди.

Кыргызстандыктардын импорттолгон электр жарыгын күтүлкөндөн аз көлөмдө пайдаланып жаткандыгынан улам, айына 700 кВт/сааттан көп керектеген абоненттер үчүн электр энергиясынын баасын төмөндөтүү пландалууда.

2014-жылдын 11-декабрынан тарта Энергетика министрлиги менен Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик электр энергиясына жаңы тарифтерди киргизген. Анда 700кВт/саатка чейинки көлөмдө керектелген электр жарыгынын баасы 1кВт/сааты үчүн 70 тыйынды, 700кВт/сааттан ашкан учурда (лимиттен  ашканда) — 2,05 сомду түзгөн.

Жаңы тарифтер Кыргызстандын электр энергиясын Казакстандан сатып алып баштагандыгына байланыштуу киргизилген — казак электринин 1кВт/сааты 5,13 сомду түзгөн.

Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Нурбек Элебаев лимиттен ашык пайдаланылган электр энергиясынын баасын 23 тыйынга — 1 кВт/саатын 1,82 сомго чейин арзандатуу пландалып жаткандыгын билдирди.

Ошентип, алгачкы 700 кВт/саат электр энергиясы 70 тыйындан, а калганы 1 кВт/сааты үчүн 1,82 сомдон эсептелинет.

«Биз энергетика жана өнөр-жай министри болуп президентке [Алмазбек Атамбаевге] импорттун абалы тууралуу кабар берип, жалпы жонунан декабрда пландалган көлөмдөр азайгандыгын, декабрга 233 млн. кВт/саатка келишим түзгөндүгүбүздү белгиледик. Болжолдуу маалыматтар боюнча, өткөн айда импорт 118 млн. кВт/саатты түзгөн. Мындан улам [Атамбаев] бааларды төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу тапшырмасын берген. Биз бул ишти баштадык, энергокомпаниялар менен макулдаштык», — деп жазган КирТАГ маалымат агенттиги Элебаевдин айткандарын.

Аны менен катар ал тарифтер боюнча акыркы чечимдин жыйынтыктары 2015-жылдын январынын аягында белгилүү болорун кошумчалады.

Ошондой эле Элебаев Кыргызстанда абоненттердин электр энергиясын керектөөнү 700 кВт/сааттан ашырбай, көбүрөөк үнөмдөөгө өткөндүктөрүн айтты.

«Биз көрүп тургандай, декабрь менен январда аба ырайы жылуу болуп турат, мүмкүн ушундан улам адамдар [электр энергиясын] азыраак пайдаланышкандыр», — деп жазган «Тазабек» маалымат агенттиги чиновниктин айткандарын.

Электр энергиясын импортто

Кыргызстандын бийлиги электр энергиясын энергетикалык каатчылыктын күчөгөндүгүнөн улам 2014-жылдын декабрында импорттоп баштаган.

Өкмөт менен Энергетика министрлиги 2014-жылдын сентябрында жылуулук берүү сезону аяктаганга чейин өлкөгө өз электр энергиясы жетпей тургандыгын билдиришкен.

14248793328_3c957e5baa_k

Бийликтин версиясы боюнча, энергетикалык каатчылыктын башкы себептеринин бири катары Токтогул ГЭСи жайгашкан Токтогул суу сактагычындагы суунун жетишсиздиги айтылган — аталган ГЭС дээрлик Кыргызстанды толук электр жарыгы менен камсыз кылат.

Өткөн жылдын ноябрында Кыргызстан 2014-жылдын декабрынан 2015-жылдын мартына чейин 1 млрд. кВт/саат электр энергиясын жеткирүү боюнча Казакстан менен келишим түзгөн.

Кыргызстан учурда 1 кВт/сааты үчүн Казакстанга 5 сомдон ашык төлөп жатат.