«Нью-Йорк Таймс» гезити «Өзбекстан ислам кыймылынын» согушкерлери тарабынан туткундалган альпинисттин окуясын сүрөттөп жатып, өлкө аталышын алмаштырып Кыргызстандын ордуна «Кырзбекистан» деп жазып, жаңы мамлекет ойлоп тапты. Өз кезегинде бул ката «Твиттерде» какшыктуу профилдин пайда болушуна алып келип, жаңы өлкө англис тилдүү журналисттер менен жазуучулардын арасында катуу талкууга алынды.

Кырзбекистан — 2015-жылдын 7-январында «Нью-Йорк Таймс» гезити тарабынан ойлонулуп чыгарылган жаңы өлкө. Басылма Кыргыз Республикасынын аталышын таптакыр жок өлкө менен алмаштырып алган.

Жаңы мамлекет жергиликтүү чокуларга чыгуу үчүн 2000-жылы Кыргызстанга келген альпинист Томми Колдуэлл тууралуу жазылган материалда белгиленген.

Колдэулл тоолордун биринин чокусуна чыгуу маалында экстремисттик «Өзбекстан ислам кыймылы» уюмунун согушкерлери тарабынан туткундалган. Алты күндөн кийин Колдуэллди «Өзбекстан ислам кыймылы» менен атышуулардан кийин кыргыз аскерлери куткарышкан.

Жаңы өлкөнүн түзүлгөндүгү тууралуу окуя америкалык интернет колдонуучулар, ошондой эле популярдуу BuzzFeed жана AdWeek интернет-басылмалары тарабынан талкууга алынып баштаганда «Нью-Йорк Таймс» катасын мойнуна алып, өлкө аталышын кайрадан оңдоп жазган.

Кийинчерээк, америкалык абройлуу Politico басылмасы ал оңдоону «Күндүн түзөтүүсү» катары белгилеген.

«Кырзбекистанга кош келиңиздер»

Макала жарыяланган күндүн эртеси белгисиз интернет колдонуучу «Твиттерде» @Kyrzbekistan деген какшыктуу аккаунт ачып, ал дароо эле америкалык интернет-колдонуучулардын арасында популярдуулукка жеткен — 18 сааттын ичинде эле ал 700дөн ашык окурманга ээ болгон.

Skrinshot-09.01.2015-135024

«Мени пайда кылгандыгы үчүн «Нью-Йорк Таймска» рахмат», — деп жазылган Кырзбекистандын Твиттердеги биринчи билдирүүсүндө.

Аккаунт дээрлик дароо эле Кырзбекистандын үч ири шаарын аныктаган — Бишкент (борбору), Ташкек жана Ош.  

Ошондой эле 8-январда өзүн симуляция-оюну катары көрсөткөн Nation States сервисинде Кырзбекистан Республикасынын баракчасы пайда болгон.

«Кырзбекистан — бул өзүнүн жогорку салыктары менен белгилүү болгон жаш жана коопсуз өлкө. Кырзбекистандын кайрымдуу элине — алардын саны 5 миллионго чукул — алар консервативдүү жана коркуп добуш берген шайлоолорго катышуудан башка дээрлик бардык нерсеге тыюу салынган», — деп жазылган Nation Statesдеги жаңы өлкөнүн мүнөздөмөсүндө.

Андан сырткары Nation States сервисинде Кырзбекистандын баракчасын ачкандар өлкө «адам укуктары өтө сейрек сакталган», «экономикасы начарлаган», бирок ошол эле маалда «укмуштуудай саясий атаандаштык» бар «авторитардык демократия» болуп эсептелээрин белгилешкен.

Саякатчылар дүйнө жүзү боюнча мейманканаларды издеген Compare The World сервисинин колдонуучуларынын бири өз ичине Казакстандын түштүк облустары менен Өзбекстандын түндүгүн камтыган Кырзбекистанды кошуп, Борбордук Азиянын жаңы картасын түзгөн.

Kyrzbekistan

Журналисттердин реакциялары

АКШ менен Улуу Британиянын «Твиттер» колдонуучулары «Нью-Йорк Таймстын» катасына дароо эле өз мамилелерин билдиришип, жаңы өлкөнү катуу талкууга алышкан.

«Уолл Стрит Джорнал» гезитинин кызматкери Мириам Готтфрид өзүнүн «Твиттердеги» аккаунтуна Кырзбекистан деген аталыш Гари Шайнгарттын китебиндеги «Абсурдистан» деген жер сыяктуу угулаарын жазган. Ал китепте «абсурддук нерселер нормага айланган» постсоветтик өлкөлөрдүн жыйнакталган образы сүрөттөлгөн.

«Мен жаңы эле Кырзбекистандын жээгинен үй сатып алдым. Ал [мамлекет] бар», — деп жооп жазган ага Шайнгарттын өзү.

Financial Times гезитинин Чыгыш Европа бөлүмүнүн редактору Нил Бакли өзүнүн Твиттер аккаунтуна Орусия Кырзбекистандын «орус тилдүү калкынын укуктарын коргоого» даярданып жаткандыгы тууралуу тамаша жазган.

«Мүмкүн Украинада согушу жаткан «ыктыярчылар» Кырзбекистандын орус тилдүү калкынын мүчөлөрү болуп жүрүшпөсүн», — деп жооп жазган ага Financial Timesтын кабарчысы Роберт Райт.

«Нью-Йорк Таймстын» журналисти жана Кырзбекистанды «ойлоп тапкан» Джон Бранч дагы жаңы өлкөнү талкуулоого катышкан.

«Эгер кимдир бирөөгө керек болсом, мен [мамлекет катары] жаңы гана түптөлүп жаткан @Kyrzbekistan’да болом», — деп жазган Бранч.

Буга Кырзбекистандын аккаунтунан «Ардактуу президент!» — деген жооп жазылган.

«Хьюман Райтс Вотч» уюмунун Борбордук Азия жана Европа боюнча кызматкери Стив Свердлоу Казакстан менен Кыргызстанда жашагандыгын билдирген.

«Эгер казакстандык экономикалык ресурстар менен кыргызстандык демократиялуураак система бириксе, эч ким капаланбаса керек деп айта алам», — деген Свердлоу.

Аны менен катар Свердлоу «Өзбекстандын саясий системасын кайсыл бир нерсе менен бириктирүү — анча жакшы эмес идея» экенин кошумчалаган.

Кырзакстан

Бул Кыргызстандын башкача аталыш менен аталган биринчи учуру эмес. Акыркы жылдардагы эң белгилүү учур — АКШнын мамлекеттик катчысы Джон Керри 2013-жылы ойлоп тапкан «Кырзакстан» мамлекети.

Ал Вирджиния штатындагы университетте «америкалык дипломаттардын дүйнө жүзү боюнча жасаган эрдиктерине» байланышкан сөз сүйлөп жатып Кыргызстанды «Кырзакстан» деп атаган.

«Алар Нигерияда коррупцияга каршы күрөшүп жатышат. Алар Бирмада мыйзам үстөмдүгүн орнотуп атышат. Алар биздин тажрыйбага таянуу менен көп убакыттын талап кылынарын эске алып, Кырзахстан менен Грузияда демократиялык өзгөрүүлөрдү колдоп жатышат», — деп билдирген анда АКШнын мамлекеттик катчысы.