Жаңы төрөлгөн ымыркай апасы менен бирге Бишкектеги тергөө абагынын жалпы камерасында «жашап жатат», деп билдирүүдө «Азаттык үнү» уюму.

Макаланын түп нускасы «Борбордук Азиянын азаттык үнүнүн» сайтына чаккан

Кыргызстандын тергөө абагында көз жарган аял жатак-абагынан качып кеткендиги үчүн камалган. Анын ымыркай баласы чылым чеккен аялдар менен бирге бир камерада багылууда.

Бишкектик жактоочу Күмүшбек Убукеевдин маалыматы боюнча, 2014-жылдын 22-декабрында Ысык-Көл облусунун 25 жаштагы жашоочусу Айжан Өмүралиева Бишкектеги №1 Тергөө абагында көз жарган.

Айжанга карата 2007-жылы уурулук үчүн жатак-абагында кармоо өкүмү чыгарылып, ал 2014-жылдын июлунда ал жактан качып кеткен. Качкандыгы үчүн Сокулук райондук соту аны 1 жыл 7 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Биринчи баскычтагы соттун чечими боюнча даттануу арызы жазылып, учурда ал иш Чүй облустук сотунун кароосунда. Соттор ишти карап жаткан 10 айдан бери Айжан борбордогу тергөө абагында камакта жатат.

Жакында эле жактоочу Убукеев ал жактоого алган Айжанга жолугуу үчүн тергөө абагына барып, анда көргөндөрүнө абдан таң калган.

«Айжан тергөө бөлмөсүнө жаңы төрөлгөн баласы менен кирди. Ошол маалда мен өзүмдү жаман сезип кеттим: көрсө ал баласы менен чылым чеккен, урушуп-талашышкан бир нече аял менен бир камерада жашайт экен. Мен тергөө абагынын кызматкерлерине: «Силерде уят барбы!?», дедим», — деди ачууланган жактоочу.

Ал аз келгенсип, ымыркай камерада кандайдыр бир жугуштуу ооруну жуктуруп алып, денесине жаралар чыгып кеткендиги аныкталган.

Убукеев Кылмыш кодексинин «Кош бойлуу жана ымыркай балалуу аялдардын жаза өтөөсүн кийинкиге калтыруу» беренесине ылайык, анын жактоосундагы Айжанды тергөө абагынан чыгарып, жатак-абагынан качкандыгы үчүн жазасын өтөөсүн кийинкиге калтыруулары керек деп эсептейт.

Мындай өтүнүч менен ал үстүбүздөгү жылдын 10-январында Чүй облустук сотуна кайрылды.

Аталган беренеге ылайык, сот он төрт жашка чейинки баласы бар аялдардын оор кылмыш үчүн беш жылдан ашык мөөнөткө соттолгондорунан башкаларын баласы он төрт жашка толгонго чейин жаза өтөөсүн кийинкиге жылдыра алат.

Жеңилирэээк (жатак-абагынан качуу) кылмышка айыпталып жаткан Айжанга карата бул беренени колдонууга мүмкүн жана колдонуу керек, — деп эсептейт жактоочу Убукеев.

«Анчалык маанилүү эмес кылмыш үчүн ал аялды эркинен ажыратууга болбойт», — деп эсептейт ал.