«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандыруу» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү Кыргызстандагы мыйзам долбоору Еаропарламентте талкууланат. Акт укук коргоочулар тараптан айтылган сын-пикирлердин фонунда Жогорку Кеңештеги үч окуунун биринчисинде кабыл алынган.

Европанын мыйзам чыгаруу органы болгон Европарламенттин сессиясы — 12-январдан 15-январга чейин Франциянын Страсбург шаарында өтөт.

Адам укуктарынын бузулушу, демократия жана укук үстөмдүгү маселелерин талкуулоонун алкагында Кыргызстандын «гейлерге каршы мыйзам долбоору» отурумдун күн тартибине киргизилди.

Европарламенттин депутаттары кыргыз мыйзам долбоору менен бирге орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга карата чыгарылган өкүм менен мектептеги теракттан кийинки Пакистандагы кырдаалды талкуулашат.

«Салтуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу жөнүндөгү» мыйзам долбоору өткөн жылдын 15-октябрында Жогорку Кеңештин биринчи окуусунда көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. Анда жыйынга катышкан 86 депутаттын 79у мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн, а калган 7си каршы добуш беришкен.

Мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңештин экинчи окуусунда качан каралары азырынча белгисиз. Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча парламенттик комитет «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун 13-январда талкуулайт.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Курманбек Дыйканбаев Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде ал акт «салттуу баалуулуктарды» коргоого багытталгандыгын айткан. Бирок аны менен катар эл өкүлү мыйзамда «жакшы пикирдин калыптандырылышы» менен «салттуу эмес сексуалдык байланыштардын» кандай жол менен аныктала тургандыгын түшүндүрүп бере алган эмес.

«Салттуу мамилелер — бул Кудай эркек менен аялды жаратты, салттуу үй-бүлө, аялы менен күйөөсү, бул салттуу. Табигый үй-бүлө — бул коомдун уясы. Анда биздин каада-салттарыбызды сактоо укугу бар. Ал эми бир жыныстуу үй-бүлө куруу биздин кыргыз коому үчүн өөн нерсе», — деген ал.

Дыйканбаевдин кесиптештеринин арасында мыйзам долбоорун сынга алгандар да болгон — парламентарий Наталья Никитенко биринчи окууда добуш берүү болгон күнү мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Кыргызстандагы адам укуктарына терс таасирин тийгизе тургандыгын айткан.

Вице-спикер Асия Сасыкбаева ансыз деле Кыргызстанда милиция көпчүлүк учурларда «салттуу эмес ориентациядагы» адамдарга «ырайымсыз» мамиле кыла тургандыгын белгилеген.

«Басмырлоочу» мыйзам долбоор

Мыйзам долбоору эгер «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жакшы пикир калыптандырылса ал адамды бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын сунуштайт.

Акт Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Укук коргоо тармагындагылар бул мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап келишет.

«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырган.

«Эгер парламенттин чынында эле балдарды коргогусу келсе, анда көптөгөн эл аралык инстанциялар тарабынан начар деп табылган көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долбоорлорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деген Кирей Kloop.kgге берген 12-марттагы маегинде ушуга окшош Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды мисал келтирип.

Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбиян, гей жана трансгендерлерди (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.

«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл бурулушу керек», — деп билдирген ал.

Эл аралык сын

Өткөн жылдын 10-октябрында АКШнын Кыргызстандагы элчилиги «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого каршы» мыйзам долбоору боюнча тынчсызданып жаткандыктары айтылган билдирүүсүн жарыялаган.

Дипломатиялык өкүлчүлүк мыйзам «адам укуктары, демократиялык жетишкендиктер жана Кыргызстандын конституциялык кепилдиктерине фундаменталдуу коркунуч» алып келет деп эсептейт.

«Адамдар дүйнөнүн бардык жеринде эркиндик шартында жашоого татыктуу. Анын ким экендиги же кимди сүйөөрүнө карап адамды добуш берүү укугунан ажыратуу же абакка камоого болбойт», — деп жазылган ал билдирүүдө.

Кыргызстандын парламенти көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлордун нормалары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына дал келээрин жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин бузбай тургандыгын билдирип, элчиликтин билдирүүсү боюнча 14-октябрда түшүндүрмө берген.

«Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда Улуу Британия, АКШ (8 штаты), Орусия, Молдова, Литва, Латвия сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн эл аралык тажрыйбалары эске алынган.

«Адамдар дүйнөнүн бардык жеринде эркиндик шартында жашоого татыктуу. Анын ким экендиги же кимди сүйөөрүнө карап адамды добуш берүү укугунан ажыратуу же абакка камоого болбойт» деген тезистин көрсөтүлгөн документтердин долбоорлоруна тиешеси жок», — деп жазылган Жогорку Кеңештин сайтында.

«Гейлерге каршы» мыйзам талкууланып жаткан кезде эле дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүлүн бурган.

Алсак, 13-октябрда «Нью-Йорк Таймс» гезити мыйзам долбоорун, аны катаалдатууну колдоп кыргыз парламентинин өкмөттүк фракциялары менен бирге оппозициялык фракциялары да добуш бергендигин жазган.

Дүйнөдөгү эң популярдуу онлайн-ресурстардын бири болуп эсептелген BuzzFeed депутат Дыйканбаевдин мыйзам долбоору менен жакында эле Орусияда кабыл алынган ага окшогон мыйзамдын байланышын белгилеген.