Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) басма сөз кызматынын башчысы Асан Саипов «Шарли Эбдо» журналынын редакциясына кол салуунун артында «Америка же Израиль турушу мүмкүндүгүн» билдирип, бирок бул анын жеке пикири экенин белгиледи. Муну менен катар КМДБ кандай гана теракт болбосун аны жаман деп таап, айыптай тургандыгын айтты.

Саипов телефон аркылуу Kloop.kgге берген маегинде КМДБ «Шарли Эбдо» француз журналынын редакциясындагы теракт боюнча эч нерсе билдире албастыгын, анткени андагы кол салгандардын ким экендиктерин билбестигин айтты.

Бирок ал өзү аны «Америка же Израиль» жасаган болушу мүмкүндүгүн билдирди.

«Ислам кандай гана террористтик, экстремисттик нерселер болбосун аларды макул таппайт, айыптайт. Ал окуяга жеке менин эч кандай тиешем жок, ошондуктан аны ким кылгандыгын билбейм. Ким кылышы мүмкүн? Мүмкүн мусулмандарды жаманатты кылуу үчүн Америка же Израиль кылгандыр», — деп билдирди.

Муну менен катар Саипов АКШ менен Израиль тууралуу айткандары — анын жеке көз карашы экенин белгиледи.

Ал КМДБда сатиралык журналдын кызматкерлеринин өлтүрүлгөндүгүнө кайгырып жаткандыктарын кошумчалады.

«Муфтият терроризм, экстремизм жана адам өмүрүнө зыян алып келе турган бардык аракеттерге каршы. Буга дин тыюу салат жана аны жаман деп таап, айыптайт. Ислам — аталышынын өзү эле — тынчтык дегенди билдирет. Бир адамды өлтүрүү — бул адамзатты өлтүрүү дегендик. Бул менин сөзүм эмес. Куран менен пайгамбарыбыздын хадистеринде ушундай деп айтылган», — деди ал.

ИИМдин реакциясы

Бул 7-январда Парижде болгон терракт боюнча өз көз карашын билдирген КМДБнын экинчи өкүлү. Анда куралдуу үч адам сатиралык «Шарли Эбдо» журналынын редакциясына кол салышып, басылманын он кызматкери менен эки полиция кызматкерин өлтүрүшкөн.

Теракттан эки күн өткөн соң КМДБнын Билим берүү бөлүмүнүн жекетчиси Аким Эргешов Kloop.kgге берген маегинде азырынча анын мекемеси «Шарли Эбдого» кол салуу боюнча кимдир бирөөнү айыптай албай тургандыгын айткан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өз билдирүүсүндө Эргешовдун «Парижде орун алган окуянын себептүү байланыштары менен мотивдерин» тизмектегендигине «катуу тынчсызданып» жаткандыгын билдирди.

«КМДБнын өкүлү өз билдирүүсүндө кол салган адамдардын аракеттерин аргасыз абал катары жана басылманын жарыялоолоруна жооптуу реакция катары баалап, түрдүү чатактардан улам дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө миллиондогон башка адамдар курман болуп жаткан чакта Париждеги ал трагедиянын масштабы дүйнөлүк коомчулук тарабынан  апыртылып жиберилген деп эсептейт. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги терроризм менен экстремизмге байланышкан маселелер боюнча ачык эмес жана негизсиз билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырат», — деп билдирди ИИМ.

Теракт

Парижде теракттардын сериясы сатиралык «Шарли Эбдо» журналынын редакциясына кол салуудан башталды. Анда 12 адам террористтердин курмандыгы болушкан, алардын төртөөсү — белгилүү карикатура сүрөтчүлөрү, ошондой эле эки полиция кызматкери.

Француз полициясы терактты даярдоого тиешеси бар деген шек менен 10дон ашык кишини кармады.

Кол салгандардын экөөсү, бир тууган Саид жана Шериф Куашилер 9-январь күнкү атайын операциянын жүрүшүндө полицияга багынып берүүдөн баш тарткан соң жок кылынышкан.

«Шарли Эбдо» өзүнүн сатиралык публикациялары, алардын арасында диний жана саясий тематикадагы карикатуралары менен белгилүү.

Редакцияга кол салуу журналдын исламга каршы көз карашы менен белгилүү француз жазуучусу Уэльбектин макаласы жарыяланган номурунун чыгуусуна туура келген.

«Шарли Эбдонун» редакциясы Мухаммед пайгамбарга карата жасаган карикатурасы жана ислам фундаментализмине байланышкан сатирасы үчүн буга чейин бир нече жолу коркутууларга туш болгон. 2011-жылы белгисиз адамдар журналдын кеңсесине өрт коюшкан.

Кыргызстандын бийлиги терактка карата мамилесин бир суткадан кийин билдирди — 8-январда Алмазбек Атамбаев Француз республикасынын президенти Франсуа Олландга көңүл айткан.

Атамбаев анда Кыргызстан эл аралык коопсуздукка жана жарандардын бейпилдигине коркунуч келтирген экстремизмдин жана терроризмдин бардык түрлөрүн чечкиндүү түрдө айыптай тургандыгын билдирген.