Ички иштер министрлигининин (ИИМ) башчысы Мелис Турганбаев ИИМ академиясынын кызматкерлери менен болгон жолугушуусунда окуу жайда «бардыгы паранын жардамы менен чечиле тургандыгын» билдирип, педагогдорду «психологиясы бузулган жаш кадрларды» даярдап жатасыңар деп айыптады.

Турганбаев мындай билдирүүсүн 12-январда, окуу жайдын жетекчилиги жана окутуучулары менен болгон жолугушуусу маалында билдирди. Анын пикиринде, ИИМ академиясынын «абройу таптакыр жок калды».

«Академияда бардыгы тең паранын жардамы менен чечилет: окууга өтүү, окуу, зачеттор менен сынактар, диплом алуу. Анан милиция органдарында психологиясы бузулган жаш кадрлар кызматын баштап жатышат», — деп билдирди Турганбаев.

Министрдин айтымында, ошондуктан ал ИИМ академиясында «чечкиндүү түрдө» реформа жүргүзүү ниетинди. ИИМдин пресс-релизине ылайык, биринчи кезекте окуу жайдын жетекчилиги менен окутуучуларын аттестациядан өткөрүү иштери жүргүзүлүп, билим берүү мекемесинин шататы кыскартылат.

«Мелис Турганбаев Академияны жоюу максатын көздөбөстүгүн, бирок кыргыз милициясы үчүн кадрларды даярдоонун заманбап жана пайдалуу борбор түзүү үчүн окуу жайды реформалай тургандыгын белгиледи», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Турганбаев реформанын алкагында академиянын алдында ИИМдин милициялык билими жок кызматкерлерин даярдоо үчүн борбор ачыла тургандыгын кошумчалады.

Азырынча окуу жайдын өзүнөн министрдин сынына эч кандай деп жооп берише элек.

ИИМ реформасы

Турганбаев ИИМдин башчылыгына 2014-сентябрында келген — анда ал мекемени түп тамырынан бери реформалай тургандыгын билдирген.

Ошондой эле ал «Асаба» гезитине берген маегинде ИИМ академиясын кайрадан өзгөртүп уюштуруу зарыл экенин, ал үчүн окуу жайдын башына «жакшы профессионал алып келүү керектигин» билдирген.

2014-жылдын декабрынын башында «Азаттык» радиосу Турганбаевге шилтеме жасоо менен реформалар ИИМдин аппаратында — «керексиз» бөлүмдөр жоюлуп, министрликтин түзүмдүк бөлүктөрү бириктирилип — жүрүп жаткандыгын билдирген.

ИИМ академиясынын студенттери менен окутуучуларына байланышкан чыр-чатактар жыл сайын болуп турат.

Алардын көбү окуу жайдын бүтүрүү кечелеринде орун алат. Кыргыз маалымат каражаттарынын маалыматтары боюнча, 2009-жылдан бери ИИМ академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда кеминде үч жолу жаңжал чыккан.

2012-жылдын июнунда Академиянын бүтүрүүчүлөрү «Монте Карло» ресторанында мушташ чыгарышкан. Анда окуу жайдын жетекчилиги ал жаңжалда курсанттардын күнөөсү «жок болгондугун» билдирген — билдирүүгө ылайык, анда ресторандын башка кардарлары тарабынан чагымчыл аракеттер болгон.

2013-жылдын декабрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалык менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери Академияда тинтүү жүргүзүү үчүн окуу жайдын имаратына кире албай коюшкан — көзөмөлдөө органынын ал шектенүүлөрү студенттердин биринен акча талап кылууга байланыштуу болгон.

Анда Башкы прокуратура билим берүү мекемесин «тергөөгө тоскоолдук кылууга» айыптап, бир канча кылмыш ишин козгогон болчу.