CES-2015 көргөзмөсү алдын ала жарыялоолорго бай болду, бирок келечексиз концепттер менен модалуу тренддерге карата реакциялардын арасында колдонулуучу кызыктуу нерселер да көрсөтүлдү — биздин пикирибиз боюнча алардын маанилүү деп эсептелген жетиси материалда орун алды.

Лас-Вегаста жыл сайын дүйнөнүн ондогон компаниялары менен жүздөгөн журналисттерин чогулткан Consumer Electronic Show деген аталыштагы технологиялык көргөзмө аяктады. 2015-жылы жанына алып жүргөн электроникага бекемделген тренд белгиленип, жаңы «мерседестерди» «айфондор» менен айкалыштырган автомобилдик компаниялар жанданып, кайрадан классикалык ноутбуктарга болгон кызыгуу пайда болгон.

Бирок ал багыттардын ар бири конкретүү бир нерселерде — кызыкты арттырган гана эмес, бардык жагынан алганда өзүнө тартып тургандай жасалган смартфондордо, компьютерлер жана акылдуу сааттарда чагылдырылган.

Өтө жука Dell Venue 8 7000 планшети

Dell компаниясынын жаңы планшети — дүйнөдөгү эң жука планшет. Анын калыңдыгы болгону 6 миллиметрди түзөт, бул iPad же Galaxy Tab линейкаларындагы бардык планшеттерден жука. Бирок планшет коомчулук көңүлүн бул өзгөчөлүгү менен бурбайт. Биринчи кезекте анын дисплейи таң калтырат — бул бир четинен экинчи четине чейин 8,4 дюйм диогаладагы экран. Venue 8 7000 дээрлик капталдагы алкактарга ээ эмес, мунун эсебинен планшет экзотикалуу жана кызык көрүнөт. Экинчи өзгөчөлүгү — бул анын камерасы. 8-мегапикселдүү RealSense Snapshot Depth Camera сүрөткө тартууларды сүрөттөгү фокустарды атайын колдонмодогу постфактумда эле жөндөөгө мүмкүн болгудай кылат.

Видеодо: Venue 8 7000де фокусту жөндөө менен RealSense технологиясын демонстрациялоо көрсөтүлгөн

iOS жана Android үчүн Alcatelден акылдуу сааттар

LG менен Motorola Android Wearде иштеген кымбат баалуу акылдуу сааттарды чыгарып, а Apple өзүнүн Apple Watch ойлоп табуусунун релизин даярдап жаткан чакта, Alcatel француз компаниясы эки операциялык система үчүн Onetouch Watch деген аталыштагы жаңы акылдуу сааттарын коомчулукка тааныштырды. Alcatel компаниясынын акылдуу сааттары дээрлик атаандаштарынын Android Wear башкаруусундагы сааттарындай эле: эскертүүлөрдү көрсөтөт, калорияларды эсептейт жана жоголгон телефонду табууга жардам берет. Анын негизги өзгөчөлүгү — баасы. Кызматтары менен чогултулушунун сапаты боюнча салыштырганда, рынокто 150 долларга атаандаштарынын мындай сааттары жок.

LG G Flex 2 ийилме смартфону

Samsung кандай максатта экендиги белгисиз болгон капталкы бетинде дисплейи бар жаңы Note 4 Edge ойлоп табуусун көрсөтүп жаткан чакта, LG толугу менен ийиле турган G Flex 2 смартфонунун экинчи муундагысын чыгарды. Телефондун жаңы версиясы бир аз кичинекейрээк (жаңысы 5.5 дюйм менен чыгарылган, анткени колдонуучулар 6 дюйм болгон биринчи мууну көлөмү чоңураак үчүн пайдаланууда анча ыңгайлуу эмес экенин билдиришкен), сапаттуураак (G Flex 2 үчүн атайын 20 пайызга бышыгыраак Dura-Guard Glass айнеги иштелип чыгарылган) жана албетте тезирээк иштегендей (смартфон Snapdragon 810 процессорунун базасында иштейт) чыгарылган. Анан дагы LG G Flex 2 10 секунддун ичинде арткы капталындагы чийилген такты «кетире алат».

Видеодо: LG G Flex 2нин арткы бетинде чийилген тактады кетирүү өзгөчөлүгү көрсөтүлгөн.

Кубаттуу жана атаандаштыкка туруштук бере турган Dell XPS 13 ноутбугу (2015)

Dell компаниясынын жаңы планшетиндей эле XPS 13 ноутбугунун дисплейи да бир четинен экинчи четине чейин жетип, дээрлик алкактарга ээ эмес, бул бир караганда диоганалын 13,3 дюймдан чоңураак көрсөтөт. Бирок 3200-1800 пикселдүү сенсордук экран — ноутбуктун жалгыз өзгөчөлөнүп турган нерсеси эмес. Өндүрүүчүлөрдүн ишендирүүлөрү боюнча, жаңы XPS 13 15 саат иштейт — аны менен катар анчалык деле кымбат эмес, баалары Core i3 порцессорлуу версиясы үчүн 800 доллардан башталат.

Кымбат жана аудиофилдик Sony Walkman ZX-2 плеери

Sony-Walkman-NW-ZX2

Бүгүнкү күндө плеердин кызматын кайсыл гана смартфон болбосун толугу менен аткара алат. Мындай шартта Sony коомчулукта плеерге болгон кызыгууну кантип кайрадан жаратуу керектигин ойлоп тапты. Walkman ZX-2нин баасы 1120 АКШ долларын түзөт, жөндөөлөрү кеңири болгон программалуу эквалайзер менен жабдылган, lossless-форматтарды окуйт жана өтө таасирдүү көрүнөт. Бардык аудиофилдер, hi-end сүйүүчүлөр, меломандар жана жакшы музыканы баалай билгендер үчүн — идеалдуу белек.

Акылдуу сааттар үчүн webOS операциялык системасы

Audi менен биргеликте кореялык LG компаниясы акылдуу сааттар үчүн өз операциялык системасын иштеп чыкты. Компаниянын Android Wear башкаруусу менен иштеген G Watch акылдуу сааттары бар, бирок LG автоунаанын системалары менен тыгыз интеграцияланган өз системасын иштеп чыгуу чечимине келген. Ошондой эле webOS The Verge технологиялык порталынын редакторлорун таң калтырган жагымдуу колдонуучу интерфейси менен мактана алат.

Asus ZenFone 2 жеткиликтүү флагманы

Asus ZenFone 2 — бул болгону  200 доллар турган толук кандуу флагман. 2,3 ГГц жыштыктагы 4-ядролуу Intel Atom процессор, 4 гигабайт оперативдүү эс тутум (смарфон үчүн ойго келбеген көрсөткүч), 5.5-дюймдагы Full HD дисплей жана 13-мегапикселдүү негизги камера. Буларга кошумча — акыркы Android 5.0 Lollipop. Телефон эмес эле жомок.