14-январда кыргыз оппозициясы өкмөттүн энергетика тармагындагы саясатына каршы митингке жүздөгөн тарапташтарын чыгарышты. Нааразычылык акциялары бир маалда эки шаарда — Талас менен Нарында өттү.

Оппозициянын маалыматы боюнча, Таластагы митингке миңге жакын киши чогулду. Бийлик болсо башкача сандарды айтууда — милициянын маалыматы боюнча, Таластагы митингке 150дөн 200гө чейинки адам катышкан.

Түрдүү маалыматтар боюнча, Нарында митингке 100дөн 300гө чейинки киши чыкты.

Таластагы митингди оппозициялык «Талас эл ынтымагы» кыймылы уюштурган. Нааразычылык акциясына ошондой эле «Жаңы муун» кыймылынын өкүлдөрү да катышышты.

«Жаңы муун» кыймылынын митингке катышкан лидерлеринин бири Мелис Аспеков Kloop.kgге берген маегинде «чагымчыл» аракеттер болгону менен митинг тынч өткөнүн билдирди. Ал кандай чагымчыл аракеттердин болгондугун тактап айткан жок.

«Эл өкмөт менен президенттин электр энергиясынын баасын 300 пайызга жогорулаткандыгына нааразы болуп жатышат, а азыр болсо алар алдоо жолу менен 10 пайызга төмөндөтө тургандыгын айтышууда. Мындай дүйнөнүн эч жеринде жок. Көпчүлүгү буга нааразы болуп жатышат», — деди Аспеков.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги керектөөчүлөр үчүн бир айга 700 кВт/сааттык лимит бекитип, электр энергиясына болгон тарифтерди 2014-жылдын 11-декабрда өзгөрткөн.

Ал лимитке жеткенге чейин керектөөчүлөр 1 кВт/сааты үчүн мурункудай эле 70 тыйындан, бирок эгер лимиттен ашыкча пайдаланса электр энергиясынын баасы 1 кВт/сааты үчүн 2,05 сомго чейин өсөт.

Нормадан ашыкча пайдаланылган электр энергиясынын баасын арзандатуу боюнча бийликтин 9-январдагы убадасына карабастан оппозиция баары бир нааразы болууда — «Жаңы муундун» өкүлү Турхан Жунусбековдун айтымында, Талас облусунун жашоочулары 11-декабрга чейинки тарифтердин кайтып келишин талап кылып жатышат.

Эгер бул талап аткарылбай турган болсо нааразычылык акциясынын катышуучулары жаңы митингдерге чыга тургандыктарын билдиришти.

Мелис Аспеков Kloop.kgге берген маегинде «Жаңы муун» кыймылы учурда жүрүп жаткан тарифтик саясат менен макул эмес болгондуктан өкмөт менен соттошууга даярданып, Бишкек райондор аралык сотуна даттануу арызы менен кайрылгандыгын билдирди.

Өз кезегинде, Нарындагы митингдин катышуучулары аймактагы «катаал климаттык шарттардан» улам облус үчүн электр энергиясына жеңилдиктердин берилишин талап кылышты.

«Турмуш» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, учурда Нарындагы митингдин катышуучулары энергетика министри Кубанычбек Турдубаев менен жолугуп жатышат.

Нарын үчүн өзгөчө тарифтер болбойт

Бул Кыргызстандын өкмөтүнүн тарифтик саясатына каршы Нарында өткөн экинчи митинг — 2014-жылдын декабрынын аягында 200гө чукул жергиликтүү тургундар облустун жашоочулары үчүн электр энергиясынын баасын төмөндөтүү талабы менен нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.

Президент Алмазбек Атамбаев декабрдын аягында жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында сүйлөп жатып өлкө бийлиги Нарын облусу үчүн электр энергиясына болгон тарифтерди төмөндөтпөй тургандыгын билдирген.

«Бардыгы үчүн тарифтерди жогорулатууга болуп, анан Нарын облусунда жогорулатууга болбойбу? Алар ансыз деле 23 жылдан бери дотация алып келишет, Нарын облусун Кыргызстандын эли багып жатат», — деп билдирген анда Атамбаев.

Тарифтик саясат

Кыргызстандын бийлиги электр энергиясына болгон жаңы тарифтерди өлкө электрди Казакстандан импорттоп баштагандыктан улам киргизген — Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, казак электр энергиясынын баасы 1 кВт/сааты үчүн 5,13 сомду түзөт.

Өлкө мындай кадамга 2014-жылы күчөгөн энергетикалык каатчылыктан улам барган.

Өкмөт менен Энергетика министрлиги 2014-жылдын сентябрында жылуулук берүү сезону аяктаганга чейин өлкөгө өз электр энергиясы жетпей тургандыгын билдиришкен.

Бийликтин версиясы боюнча, энергетикалык каатчылыктын башкы себептеринин бири катары Токтогул ГЭСи жайгашкан Токтогул суу сактагычындагы суунун жетишсиздиги айтылган — аталган ГЭС дээрлик Кыргызстанды толук электр жарыгы менен камсыз кылат.

Өткөн жылдын ноябрында Кыргызстан 2014-жылдын декабрынан 2015-жылдын мартына чейин 1 млрд. кВт/саат электр энергиясын жеткирүү боюнча Казакстан менен келишим түзгөн.