Дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө террористтик деп табылган «Ислам мамлекети» уюму «жихадчы-баланын» «орусиялык атайын кызматтын эки агентине» карата ок чыгарып жаткандыгы тартылган видеону жарыялады.

Жети мүнөткө созулган видео «Ислам мамлекетинин медиа-борбору ― «Аль Хаят» телеканалы тарабынан 13-январь күнү кечинде жарыяланды. Анда 8-10 жаштагы бала өздөрүн «Федералдык коопсуздук кызматынын агенттери» (Орусиянын ФСБсы) деп тааныштырган эки кишиге карата ок чыгарып жаткандыгы көрсөтүлгөн.

«Ислам мамлекети» ― дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө террористтик деп табылган уюм.

Видео өздөрүн Джамбулат Мамаев жана Сергей Ашимов деп тааныштырган эки кишинин суракка алынып жаткандыгы менен башталат. Видеодо алар «Федералдык коопсуздук кызматынын агенттери» (Орусиянын ФСБсынын) экендиктерин айтышкан.

Видеонун башында эки «агент» тең Ислам мамлекетине орусиялык атайын кызмат тарабынан чалгындоо жана тыңчылык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жөнөтүлгөндүктөрүн билдиришкен.

Мамаев ФСБда иштегендигин, анда аны «Ислам мамлекетинин» согушкерлерине «тыңчылык кылууга мажбурлагандыктарын» айткан.

Джамбулат Мамаев.
Джамбулат Мамаев.

«Менин милдетим — Сириянын Шам шаарына келип, элдин арасына аралашкан соң ФСБга маалымат жөнөтүп туруу, ошондой эле орус тилдүү бир туугандар жөнүндөгү маалыматтарды топтоо болчу», ― деген ал.

Экинчи «агент» Сергей Ашимов ал «Ислам мамлекетинин» лидеринин кайсыл жерде экендигин аныктап, аны өлтүрүшү керек болгондугун билдирген.

Сергей Ашимов.
Сергей Ашимов.

Андан соң видеодо Ашимов менен Мамаев тизелеп турган, а «жихадчы-бала» алардын артынан баштарына атып жаткандыгы тартылган кадрлар көрсөтүлгөн. Бирок ок чыгарууда кандын издери же чачырагандыгы көрүнгөн эмес.

РИА «Новости» ФСБнын өкүлүнө шилтеме жасоо менен мекеме видео тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тарткандыгын билдирди. Бир канча убакыттан кийин видеону тосмолоп салышкан ― ага чейин аны 280 миңден ашык киши көрүүгө жетишкен.

Британиялык Quillam антиэкстремисттик изилдөө борборунун жихаддар боюнча эксперти Чарли Уинтер видеодо бала «шок-фактор» катары пайдаланылгандыгын айткан.

«Буга чейин «Ислам мамлекетинин» пропагандисттери балдарды аскердикке даярдоо кардларын көрсөтүп мындайды пайдаланышкан […]. Бирок бул видео мурунку нормалардан четтегендиктеринин жышаанын көрсөтүүдө», ―деп жазган британиялык «Индэпендэнт» гезити Уинтердин айткандарын.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМКнын) өкүлү Kloop.kgге берген маегинде видеону текшерүү менен Башкы прокуратуранын адистери алектенүүлөрү керек экенин билдирди.  Ал видео боюнча экспертизадан кийин гана түшүндүрмө бере ала тургандыктарын кошумчалады.

«Азыркы учурда «Ислам мамлекетинде» Кыргыз Республикасынын 200гө чукул жараны бар экендиги аныкталган», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Башкы прокуратура жеткиликсиз болууда.

«Жихадчы-балдар» жөнүндөгү видео

«Ислам мамлекетинин» жаңы видеосундагы Абдулла аттуу бала ― уюмдун 2014-жылдын ноябрынын аягында чыгарган видеосунун каарманы болгон.

«Ислам мамлекетинин» андагы видеосунда болжол менен Казакстандан барган 8-10 жаштардагы балдардын медреседе араб тилине окуп, курал колдонуу ыкмаларын үйрөнүп жаткандыктары көрсөтүлгөн болчу.

Видеонун соңунда Абдулла камерага карап, келечекте «капырларды өлтүрө тургандыгын» жана «жихад аскери» болорун айткан.

Казакстандын бийлиги 2014-жылдын ноябрынын аягында «жихадчы-балдар» жөнүндөгү видеону өз сайттарына жайгаштырган интернет-ресурстарды тосмологон. Бийлик өкүлдөрү бул аракетин видеонун «экстремисттик мүнөзгө ээ» экендиги менен түшүндүрүшкөн.

Мындай жүйө менен алар британиялык Daily Mail гезитинин сайты, орусиялык  Lenta.ru жаңылыктар сайты жана Кыргызстанда иш алып барган Kloop.kg интернет-порталын толугу менен тосмологон.

Бир айдан соң Казакстандын Башкы прокуратурасы видеодогу балдардын ким-экендиктерин аныктагандыгын жана «аларды кайтарып келүү боюнча иштердин баштала» тургандыгын билдирген.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, «негизинен алар Сирияга үй-бүлөлөрү менен бирге барган балдар» болушкан. 2014-жылдын сентябрында «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы «Ислам мамлекетинде» Борбордук Азия өлкөлөрүнөн барган миңге жакын киши согушуп жүргөнүн билдирген.

Казак бийлиги 2014-жылдын ноябрында Сирияда Казакстандын 300гө чукул жараны бар экенин кабарлаган.