Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстандын бийлигин «саясий куугунтукка» айыптап, асма көпүрөнү курууда түштүк борбордогу анын администрациясы тарабынан мыйзам бузуулар болбогондугун билдирди.

2015-жылдын 15-январында «Улуттар Биримдиги» партиясынын басма сөз кызматы Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун видео-кайрылуусун таратты. Анда түштүк борбордун мурунку башчысы Оштогу асма көпүрөнүн курулушунда «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деген Башкы прокуратуранын айыптоосун четке какты.

Мелис Мырзакматовго каршы кылмыш иши 2014-жылдын 27-ноябрында козголгон. Ошондо эле Ош шаардык соту экс-мэрге карата камакка алуу баш коргоо чарасын белгилеп, ага издөө жарыялаган.

Экс-мэр ал бийликчил «КСДП партиясынын курамында болбогондуктан» ага карата козголгон кылмыш ишин «саясий мүнөзгө ээ» деп эсептейт.

«Андан сырткары, мага карата саясий репрессиялардын себеби, биз жетектеген «Улуттар Биримдиги» партиясы бийликтин кемчиликтерин ачык айтып, бийликтегилердин коррупциялык иштерин көзгө сайып көрсөтүп турганыбызда», — деди Мырзакматов.

Ал азыр курулуш жүрүп жаткан учурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин администрациясынын асма көпүрөсүнүн долбоору боюнча анын «узундугу кыскараак жана сапаты начарыраак» экенин билдирди.

Оштун мурунку мэринин маалыматы боюнча, асма көпүрөнүн узундугу 80 метрге — 365 метрден 245 метрге чейин кыскарган, а курулуштун баасы дээрлик эки эсеге, 489 миллион сомдон 900 миллион сомго чейин кымбаттаган жана көпүрө 9 баллдан жогорку жер силкинүүгө туруштук бере албайт.

«Эгерде асма көпүрө долбоордон 1 эле метр кичирейсе, анда ага коюлган техникалык жана эстетикалык талаптар толугу менен ишке ашпай калууда. Анда негизги стратегиялык маселе болгон жол тыгындарын азайтуу боюнча маселе толугу менен чечилбей калаарынан шек жок», — деп эсептейт Мырзакматов.

Оштогу асма көпүрөнүн долбоору.
Оштогу асма көпүрөнүн долбоору.

Ошондой эле ал көпүрөнүн курулушуна жумшалган «ар бир тыйын боюнча» отчет берүүгө даяр экенин билдирди — Оштун экс-мэри бийлик тарабынан долбоорду иштеп чыгууда 27 млн. сомду «максатсыз короткон» деп айыпталууда.

«Бул жалган жалаа. Азыр бийликчил басма сөз каражаттары чындыкты бурмалап, калпты чындай айтып, элди алдап ынандырганга аракет кылышууда. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, чындык акыры жеӊерине биз ишенебиз! Биз Жараткандын алдында тазабыз! Мамлекеттин казынасына бир да тыйын зыян келтирбегенибиз үчүн бийлик калпты чындай айтууга аракеттенүүдө», — деди Мырзакматов.

«Андай арам аракеттин аягы өкүнүчтүү аяктарын эскертип коюу менин атуулдук парзым!

Бийлик мага каршы кылмыш ишти быйыл өтчү парламенттик шайлоо алдында атайын козгоп жатат», — деп кошумчалады ал.

Буга чейин Ош шаардык кеңешиндеги «Улуттар Биримдиги» фракциясынын лидери Рысбек Мирзаматов анын партиясы болжол менен 2015-жылдын күзүндө өтө турган парламенттик шайлоолорго катыша тургандыгын билдирген.

«Бийликтин максаты - эптеп биздин «Улуттар Биримдиги» элдик партиясын шайлоого жеткизбөө, жетсе да бурмаланган фактылар аркылуу элге жаман көрсөтүү», — деп билдирген Мырзакматов өзүнүн видео-кайрылуусунда.

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз телеканалдарына берген 2014-жылдын ноябрындагы интервьюсунда шайлоочулар арасында «Улуттар Биримдигинин» колдоосу аз экенин айтып, алдыдагы шайлоолордо Мырзакматовдун партиясы «парламентке өтпөй тургандыгын» билдирген.

«Менин оюмнча, ал партия добуштарды алса да, Ош шаарынан гана алат», — деген анда Атамбаев.

Жооптуу айыптоолор

Мелис Мырзакматов өз кайрылуусунда Кыргызстандын бийлигин «элдин чөнтөгүнөн миллиарддаган суммаларды уурдагандарга» каршы «тиешелүү чараларды көрүүгө» чакырды.

Анын ичинде ал өлкө бийлигин парламенттин депутаттарынын айтымдарында, 60ка чукул мамлекеттик буйрутмаларды утуп алган «Градиент» компаниясына ээлик кылган биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин «кызмат абалын кыянат пайдалануусун» иликтөөгө чакырды.

Андан сырткары Мырзакматов Кыргызстандын экс-премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев башкарган Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын мурунку кызматкерлерине карата кылмыш ишинин козголушун талап калды.

Жетекчилиги турак үйлөрдү курууда курулуш эрежелерин бузууга жана дээрлик 570 млн. сомду максатсыз жоготууга айыпталган Мамлекеттик дирекциянын айланасындагы ызы-чуу 2013-жылы башталган — өз кезегинде ал 2014-жылдын январында Сатыбалдиевдин премьерликтен кетишинин себеби болуп калган.

«Мына депутаттар көтөрүп чыгышты бул маселени. Ошол дирекциянын жетекчилигине иш козгоп, эл аралык издөө жарыялап көрбөйлүбү? Анан угуп көрөлү, алардан кандай жооп болоор экен?», — деп билдирди Оштун экс-мэри.

Ошондой эле ал бийлик Кадыржан Батыровду эл аралык издөөгө «жарыялай албай тургандыгын» айтты — Батыров Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Ош менен Жалал-Абадда 2010-жылы болгон улуттар аралык кагылышууда «улуттар аралык кастыкты козуткан» деп айыпталууда.

«Эми өзүңүздөр карап көрүңүздөрчү – ким коркунучтуу, кыргыз коомчулугу үчүн? Мырзакматовбу же мен жогоруда айткан “тендербайлар” менен “галдирбайларбы”??» — деди Оштун экс-мэри.

«Чынында эле алдамчылык болгон»

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз телеканалдарына берген декабрдын башындагы маегинде Оштогу көпүрөнүн курулушунда «чынында эле мыйзам бузуулар болгондугун» билдирген.

«Бирок Мырзакматовдун мүнөзүн эске алуу менен мен мыйзам бузуулар болгон деп ойлойм, анткени ал адам өзүн хан сезип алган. […] Албетте кимдир бирөө өзүн аймактык падыша, хан катары сезип алып жатканы өлкөдөгү көйгөлөрдүн бири. Андай болбошу керек. Мыйзам баардыгы үчүн бирдей жана жооп берүүгө көнүшүбүз керек», — деп билдирген өлкө башчысы

Президент Алмазбек Атамбаев менен Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов.
Президент Алмазбек Атамбаев менен Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов.

Аны менен катар Атамбаев эгер Ош прокуратурасы «бир нерсени ойдон чыгарган» болсо, анда мекеменин Оштун мэрине каршы козголгон кылмыш иши менен алектенип жаткан кызматкери «ал үчүн жооп бериши керектигин» кошумчалаган.

«Албетте, ошентсе да ал көпүрөнү куруудагы алдамчылык — бул албетте, чынында эле алдамчылык болгон», — деп эсептейт президент.

Анда өлкө башчысы «саясий куугунтуктоолор» жана шайлоолордун алдында «атаандаштарын четтетүү» жөнүндөгү пикирлерди интернеттен окуп алып «капалангандыгын» айткан.

Экс-мэр

Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп 2009-жылдан 2013-жылга чейин иштеген.

Аны кызматтан алуу боюнча алгачкы аракеттер 2010-жылдын жайында — Ош менен Жалал-Абаддагы улуттар аралык кагылышуудан кийин дароо эле башталган.

Бирок анда шаардын тургундары Мырзакматовдун кызматтан алынышына каршы чыгышкан.

2013-жылдын декабрында ал премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен кызматынан алынган. Мелис Мырзакматов Оштун мэрин кайрадан шайлоого катышкан, бирок анда Айтмамат Кадырбаев добуштардын көбүн алып, мэр болуп шайланган.

Партиялаштарынын билдирүүлөрү боюнча, Мырзакматов 2014-жылдын жаз айларында Москвага кеткен. Анда кыргыз маалымат каражаттары Оштун экс-мэри бийлик тарабынан жасалып жаткан «басымдан» улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгондугун жазып чыгышкан.

2014-жылдын ноябрында Мырзакматов Кытайдын Үрүмчү шаарына келгендиги кабарланган, бирок Оштун мурунку мэринин кайсыл жерде экендиги азыркыга чейин так белгисиз.