Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы эки жаштагы баланы сабоого жана зордуктоого шектелип жаткан тууганы №1 тергөө абагына камалгандыгын билдирди.

ИИМдин билдирүүсү боюнча, эки жаштагы баланын аталаш тууганы 15-январь күнү №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган. Ал баланы сабагандыгын мойнуна алган.

Милиция ага карата 14-январда кылмыш ишин козгогон — ал «сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерге барган» жана «атайылап ден соолукка оор зыян алып келген» деп айыпталууда.

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин айтымында, айыпталып жаткан жаран балага «клизма кылгандыктарын» айтып, аны зордуктагандыгын четке кагууда.

Эки жаштагы бала 11-январда көптөгөн сыйрылган, көгөргөн жерлери жана баш сөөгүндөгү жаракаттары менен ооруканага жаткырылган.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, бала кома абалында. Дарыгерлер аны жасалма дем алдыруу аппаратына кошушкан, анткен менен баланын абалы оор бойдон калууда.

13-январда дарыгерлер балада зордуктоо белгилери бар экенин билдиришкен.

«Бизде шектенүүлөрдү жаратып, милицияга кайрылуубуздун себеби — баланын оозунун бир жагы айрылып, аналдык каналынын алдында бир нече тешиктер бар болгон — бул анын кандайдыр бир жаракаты бар экендигинин белгилери. Биз эмне жаракат экенин билбейбиз: мүмкүн зомбулук деле эместир — бир нерсеге катуу отуруп алгандыр… а мүмкүн зомбулуктур. Судмедэксперт аны зомбулук деп эсептеп жатат», — деп билдирген Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков.

ИИМдин маалыматы боюнча, баланын жеңеси аны сабоого катышкандыгын жарым-жартылай мойнуна алган. Учурда ал Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта.

«Бир күндүн ичинде өкүм чыгып, ал боюнча аял үй камагына чыгарылат же тергөө абагына камалат», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Өмүрбековдун маалыматы боюнча, 2014-жылы алардын ооруканасына зомбулук көрсөтүү белгилери менен 52 бала жаткырылган.

Коомдун реакциясы

Эки жаштагы баланын сабалгандыгы тууралуу кабар Кыргызстанда эң көп талкууга алынган жаңылыктардын бири болуп калды — алгач интернет-коомчулук, андан соң бийликтегилер да кичинекей балдарга карата жасалып жаткан зомбулук көйгөйлөрү боюнча талкууларын башташты.

14-январда президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө кичинекей балдардын зомбулукка кабылышын алдын алып, токтотуу үчүн чараларды иштеп чыгуу тапшырмасын берген. ИИМдин башчысы Мелис Турганбаев эки жаштагы сабалган баланын иши боюнча кылмыш ишин өзүнүн жеке көзөмөлүнө алды.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Кыргызстанда жыл сайын миңден ашык балдарга зомбулук көрсөтүү фактылары орун алат.

«Биздин коомдо эмне болуп жатат? Эмне үчүн мамлекеттин кичинекей жарандары жакындары тарабынан кордолгон деңгээлге чейин жетти. Былтыр бул тармакта эле миңден ашык кылмыш болду. Бирок бул көйгөйдүн учу гана экени баарына түшүнүктүү. Балдарды баккандар же аларды камкордукка алгандар белгилүү болуп калган учурларды да жашырып жатышат. Ооруканаларга болсо, мындай фактылар кокусунан болгон окуя деп жаап-жашырылып жатат», — деп жазган «Sputnik» маалымат агенттиги Оторбаевдин айткандарын.

15-январда «Балдар укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук корунун башчысы Назгүл Турдубаева 2014-жылы Кыргызстанда балдарга карата 900гө чукул укукка каршы аракеттер болгондугун билдирген.