16-январь күнү түн ичинде белгисиз адамдар тарабынан Тажикстан менен болгон чек аранын Баткен облусунун Лейлек районундагы бөлүгүндө жайгашкан «Айкөл» чек ара тозотуна кол салуу болуп, бир кыргыз чек арачысы каза болуп, дагы экөөсү жаракат алышты. Азырынча кол салгандар табыла элек.

Куралдуу белгисиз адамдар Тажикстан менен болгон чек арада жайгашкан чек ара тозотуна 16-январь күнү түн ичинде кол салышкан. Анын жыйынтыгында чек ара тозотунун башчысы, улук лейтенант Тынчтыкбек Исмаилов каза болгон.

Жаракат алган эки чек арачы Исфана менен Ошко дарыланууга жеткирилди. Алардын биринин абалы оор деп бааланууда.

«Катардагы жоокер Сагынбай уулу Ж. Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын медициналык мекемесинде жардам алууда, лейтенант Н.Осмонов Оштогу ооруканага жаткарылды», — деп жазылган Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын пресс-релизинде.

Кыргыз чек арачыларынын билдирүүлөрү боюнча, окуя болгон жерде Башкы штабдын жетекчиси Искендер Мамбеталиев башында турган ыкчам-иликтөө тобу иштеп жатат.

Ошондой эле басма сөз кызматы чек ара тозотуна кол салгандар азырынча табыла электигин жана алардын канча адам болгондугу да белгисиз экенин билдирүүдө.

Окуянын Тажикстан менен болгон чек ара талаштарына канчалык деңгээлде тиешеси бардыгы да азырынча белгисиз.

Баткен облусунун чек ара башкармалыгы катуу режимде кайтарууга өттү.

«Учурда чек арачылар укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте кылмышкерлерди колго түшүрүү боюнча операция жүргүзүп жатышат», — деп жазылган мекеме тараткан пресс-релизде.

«Айкөл» чек ара тозоту Лейлек районунда, Тажикстан менен болгон чек арадан 11 чакырым алыстыкта жайгашкан. Чек ара тозотунун жаңы имараты 2014-жылдын декабрында курулуп бүткөн болчу.

«Айкөл» чек ара тозотунун ачылышы, 9-декабрь, 2014-жыл.
«Айкөл» чек ара тозотунун ачылышы, 9-декабрь, 2014-жыл.

Өткөн жылдын декабрынын башында КТРК телеканалы Тажикстандын жарандары жыл сайын жайында «Айкөл» чек ара тозоту жайгашкан Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз бактарды кыюу менен алектенип келгендиктерин билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстан Баткен облусундагы Ворух тажик анклавын айланып өтчү жолдун курулушу боюнча былтыртан бери талашып-тартышып келишет. Бул маселе боюнча эки өлкөнүн чек арасында 2013-2014-жылдары аскерлер менен жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларынын ортосунда тез-тез чек ара кагылышуулары болуп келген.

2014-жылдын ичинде кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек араларында 40ка чукул жаңжал чыккан.

2014-жылдын декабрында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолукканда бийлик Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек араны бекемдөө үчүн 55 млн. доллар жумшай тургандыгын билдирген.  Анын айтымында, кыргыз өкмөтү ал сумманы Орусиянын 200 млн. доллар өлчөмүндөгү грантынан бөлөт.

Сүрөттө: «Айкөл» чек ара тозотунун жаңы имараты.