Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы Баткен облусунун Лейлек районундагы «Айкөл» чек ара тозотунда кызмат өтөгөн чек арачылардын бири начальниги ага лейтенант Тынчтыкбек Исмаиловду өлтүргөндүгүн мойнуна алгандыгын билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева учурда кылмыштын себептери жана «аскер кызматкерин бул кылмышка эмне түрткөндүгү» аныкталып жаткандыгын айтты.

Баткен облусунун Лейлек районундагы «Айкөл» чек ара тозотуна кол салуу 16-январь күнү кечинде болгон. Анын жыйынтыгында чек ара тозотунун башчысы ага лейтенант Тынчтыкбек Исмаилов каза болуп, дагы эки чек арачы жаракат алышкан.

«Тергөөнүн болжолдуу жыйынтыктары боюнча, Лейлек чек ара бөлүмүнүн «Айкөл» чек ара тозотуна куралдуу кол салуу тозоттун аскер кызматкери тарабынан жасалгандыгы аныкталды, бул боюнча ал мойнуна алган көрсөтмө берди», — деп билдирди Бөрүбаева Kloop.kgге берген маегинде.

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы андан сырткары тергөө чек ара тозотунун башчысынын өлүмүнө тиешеси бар болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоо менен алектенип жатканын кошумчалады.

Буга чейин кыргыз маалымат каражаттары кылмыш болгон жерден аңчылык куралынын гильзалары табылгандыгын билдиришкен.

Жаракат алган катардагы жоокер Ж. Сагынбай уулу менен чек ара тозотунун башчысынын орун басары Н. Осмонов Исфана жана Ош шаарларындагы ооруканаларга жеткирилишкен.

«Азаттык» радиосу кабарлагандай, Осмоновго Ош облустук ооруканасында операция жасалып, учурда лейтенанттын саламаттыгынын абалы канааттандыраарлык деп бааланып жатат.

Катардагы жоокер Сагынбай уулу жеңил жаракат алган жана учурда анын абалы да канааттандыраарлык деп бааланууда.

«Айкөл» чек ара тозоту Лейлек районунда, Тажикстан менен болгон чек арадан 11 чакырым алыстыкта жайгашкан. Чек ара тозотунун жаңы имараты 2014-жылдын декабрында курулуп бүткөн болчу.