Кыргызстан 19-январда адам укуктарынын абалы боюнча БУУнун алдында отчет берди. Кеминде 16 өлкөнүн делегациясы Кыргызстандын бийлигине БУУнун деңгээлинде биринчи жолу талкууланган «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун кабыл албоону сунушташты.

Кыргызстандын өкмөттүк чиновниктери менен парламент депутаттарынан турган делегация 19-январда Женевада Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңешинин алдында доклад окуду.

Анын жүрүшүндө «гейлерге каршы» мыйзам долбооруна — Кыргызстандын бир нече депутатынын «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жаратуу» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесине —    өзгөчө көңүл бурулду.

Отчет берүүнүн жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко мыйзам долбоору бир катар уюмдар тарабынан сын-пикирлерди жаратканын мойнуна алды.

«Мыйзам долбоорунун айланасында пайда болгон талаш-тартыштарды эске алуу менен депутаттардын бир катары ал боюнча сын-пикирлерин айтышты. Мыйзам долбоорунун тагдырына байланышкан маселенин чечилиши үчүн курамына демилгечилер, бейөкмөт уюмдар менен өкмөттүн өкүлдөрү кирген эл аралык тажрыйбаны байкаштыруучу атайын топ түзүлдү», — деди Никитенко.

Депутаттын докладынан кийин БУУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү сөз сүйлөштү, алардын көбү Кыргызстанды басмырлоочу мыйзам долбоорунан баш тартууга чакырышты.

Кыргызстанды «гейлерге каршы» мыйзам долбоорунан баш тартууга чакырган мамлекеттердин негизгилери — европалык жана латын америкалык өлкөлөр.

Бразилиянын өкүлү өз сөзүндө «гей-пропагандага» тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун кабыл алынышы боюнча тынчсыздануусун билдирди.

АКШ мыйзам долбоорунун каралышын айыптап, кыргыз депутаттарына документти чакырып алуу сунушун айтты. Америкалык өкүл адам укуктары боюнча эл аралык документтерге туура келбеген «мыйзам чыгаруучу демилгелерге каршы турууга» чакырды.

Франция менен Филиппины да Кыргызстандын делегациясын мыйзам долбоорунан баш тартууга чакырды, анткени, алардын пикирлеринде, ал адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияларды бузат.

Өз кезегинде Сербиянын өкүлү Кыргызстанга гомофобдук билдирүүлөр үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады.

Андан сырткары «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун чакырып алууну Чили, Бельгия, Нидерланды, Индонезия, Канада, Швеция, Австрия, Чехия, Финляндия, Тайланд жана Черногориянын өкүлдөрү сунушташты.

Кыргызстандан барган делегациянын башында турган вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жооп катары «гейлерге каршы» мыйзам долбоору өкмөт тарабынан эмес, а парламент депутаттары тарабынан демилгеленгенин билдирди.

Аны менен катар ал БУУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүн алардын сунуштары кыргыз парламентарийлери тарабынан эске алына тургандыгына ишендирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун өзү 2014-жылдын октябрында эле Жогорку Кеңешти аталган мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган.

Жыйында «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандыруу жөнүндөгү» мыйзам долбоорунан сырткары Кыргызстанда аялдардын, балдардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарынын сакталышы, ошондой эле ала качуу, мажбурлап күйөөгө берүү, «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоору, кыйноолор жана ички иштер органдарын реформалоо маселелери талкууланды.

«Гейлерге каршы» мыйзам долбоору

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандыруу» үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталган мыйзам долбоору 2014-жылдын мартында демилгеленген.

Мыйзам кабыл алынса жана эгер «жакшы пикир» жаш балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу калыптандырыла турган болсо, ал үчүн бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн.

Бирок мыйзам долбоорунун текстинде да, ага карата жазылган түшүндүрмөдө да «салттуу эмес сексуалдык мамилелердин» эмне экендигине так аныктама берилген эмес. Документтин авторлору да аны так аныктама менен түшүндүрүп бере алышкан жок.

Гомосексуалдуулук Кыргызстанда 1990-жылдардын аягынан бери кылмыш катары эсептелбейт.

Учурда «гейлерге каршы» мыйзам долбоору экинчи окууда каралганы турат.

Укук коргоо чөйрөсүндө «салттуу эмес байланыштарды пропагандалоого каршы» мыйзам долбоорун «басмырлоочу» мыйзам долбоору деп атап келишет.

Европарламент 15-январда кыргыз парламентинин депутаттарына «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун чакырып алууну сунуштаган.

Бирок азырынча мыйзам долбоорунун демилгечилери аны чакырып алуудан баш тартышып, Европарламенттин сунушу Кыргызстандын «ички иштерине кийлигишүү» болуп эсептелээрин билдиришти.