Башкы прокурор Аида Салянова отставкага кетүү тууралуу арызын жазды. Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети башкы прокурордун арызын канааттандырды.

Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча парламенттик комитети Аида Салянованын отставкасы тууралуу арызын 20-январда карады.

Депутат жана комитеттин төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, арыз жактырылып, эми ал парламенттин пленардык жыйынында каралышы керек.

Бекматов Kloop.kgге берген маегинде Салянованын арызы 21-январдагы жыйында каралышы мүмкүндүгүн айтты.

«АКИпресс» маалымат агенттиги президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаевге шилтеме жасоо менен отставка тууралуу чечим «жеке чечим» болгондугун жазды.

«Бул анын жеке чечими. Ал коррупция менен системалуу күрөшүүнү баштады жана ишти бир калыпта жүргүздү. Иликтөө жүргүзүлүп, сотторго жөнөтүлгөн иштер анын ишин көрсөтүп турат деп ойлойм. Бирок анын чечими ушундай болду», - деп жазган «АКИпресс» Абдылдаевдин айткандарын.

Буга чейин аты-жөнүн билдиргиси келбеген президенттин администрациясынын жогорку кызматтагы чиновниги башкы прокурор Аида Салянова отставкага кетүү тууралуу арыз бергендигин Kloop.kgге ырастаган.

Анын айтымында, азырынча башкы прокурорлукка кимдин дайындалышы мүмкүндүгү белгисиз.

Салянованын отставкасы тууралуу маалымат кечээ, 19-январда пайда болгон. «Азаттык» радиосу Ак үйдөгү жеке булактарына шилтеме жасоо менен отставкага кетүү тууралуу арыз президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаевде экендигин билдирген.

Конституция боюнча, президент башкы прокурорду парламенттин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин макулдугу менен отставкага кетире алат.

Салянованын отставкага кетүү ыктымалдыгы тууралуу маалымат анын күйөөсү — Бакыт Абдыкапаровго каршы кылмыш ишинин козголгондугу жөнүндө жаңылыктардын фонунда пайда болду.

Тема боюнча: УКМК Салянованын күйөөсүнө карата кылмыш ишинин козголгондугун ырастады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматы боюнча, Абдыкапаров «алдамчылык» жана «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренелери боюнча айыпталууда.

Салянова башкы прокурор болуп турган мезгилде саясатчылардын, анын ичинде парламенттин депутаттарына карата рекорддук сандагы кылмыш иштери ачылган.

Кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткандардын арасында учурда парламентарийлер Урмат Аманбаева, Нурлан Төрөбеков, Каныбек Осмоналиев, Нариман Түлеев жана Акматбек Келдибеков бар.

«Саляновадай президент»

Алгач Салянованын кызматтан кетиши ыктымалдыгы тууралуу билдирүүлөр президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын аягындагы маалымат жыйынына бер нече күн калганда пайда болгон. Бирок өлкө башчысы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон маегинде Салянова отставкага кетпегендигин, болгону эмгек өргүүсүнө чыккандыгын айтып ишендирген.

Атамбаев башкы прокурор көп сынга кабылаарын, бирок ага карабастан ал өлкөгө абдан керек экендигин айткан. Ал өлкөнүн кийинки президенти Саляновадай адам болсо деген каалоосун билдирген.

«Салянова тууралуу дагы бир жолу айтам. Ал эмгек өргүүсүнө чыкты, анткени ал чарчады. Мен Салянова – өлкөгө керектүү адам деп айткым келет. Келечекте бизде Саляновадай президент болсо экен», — деген анда Атамбаев.

Жаңы жылдын алдында президент Салянованы II даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган.

Элчилик же партиялардын тизмесинде

Pro-KG аналитикалык борбору жана сайтынын башчысы, парламенттин экс-депутату Алишер Мамасалиев өз порталына Салянова кызматтан кеткенден кийин чет өлкөлөрдүн бирине элчи болуп барышы же алдыңкы саясий партиялардын партиялык тизмесине кириши мүмкүндүгүн жазды.

«Алгач, анын жаңы жумушчу орду Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдүн бириндеги дипломатиялык миссияда болот деген божомолдор бар. Анткени кадрдык орун алмаштыруулардын негизги маселелеринин бири — мурунку башкы прокурор Аида Салянованын мурунку профессионалдык ишмердүүлүгүнүн контекстинде кандай гана саясий же коомдук басым болбосун алардан коргоо болгон жана боло берет», — деп жазган Мамасалиев.

Анын булактарына ылайык, Салянова Кыргызстандын АКШдагы элчиси болушу керек болчу, бирок АКШнын Мамдепартаментинин баш тартуусунан кийин ал орунга президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов сунушталган.

«Америкалыктардын Аида Салянованын агреманынан баш тарткандыктары Кыргызстандын белгилүү саясий адамдарынын резонанстуу камакка алынгандыктарына байланышкан саясий жүйө менен түшүндүрүлгөн. Мындай дипломатиялык канфуз Кыргызстандын ТИМинин жетекчилигинин гана эмес, Ак үйдүн жетинчи кабатында да катуу кыжырданууларды жаратты», — деп жазган мурунку депутат.

Президенттин аппаратынан Салянованын Кыргызстандын чет өлкөлөрдүн бириндеги элчиси болуп дайындалуу ыктымалдыгы тууралуу маалыматты ырасташкан жок.